Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 28-ноябры № 655-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 428-т тескемесинин редакциясына ылайык)
БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдары берген сунуштамаларды аткаруу боюнча адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин өз убагында аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2022-2024-жылдарга адам укуктары боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты (макулдашуу боюнча), Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Пландын белгиленген мөөнөттө кынтыксыз аткарылышын камсыз кылсын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Адам укугу боюнча координациялык кеңешинин катчылыгына берсин.
3. Адам укугу боюнча координациялык кеңештин катчылыгынын атынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин төрагасына Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жыйынды маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин жыйынтыктоочу жыйналыштарында берсин.
4. Пландын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Пландын иш-чараларын каржылоо ишке тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле донорлордон тартылган каражаттардын жана башка тыюу салынбаган каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырылат деп белгиленсин.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
|
Тиркеме |
2022-2024-жылдарга адам укуктары боюнча ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 428-т тескемесинин редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Ишке ашыруу формасы | Күтүлүүчү жыйынтыктар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Аткаруучулар | |
1. Жалпы жоболор ТӨМ максаттары: 16; 16; 6. УМС сунуштамасы: 9; 10; 14; 15; 16; 17; 18; 22; 26; 28 | ||||||
1 | Адам укуктары жаатындагы улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | КР адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерине ылайык келген КР Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөө | КР Министрлер Кабинетинин бир катар чечимдери кабыл алынды | Дайыма | Министрликтер жана ведомстволор | |
2 | Универсалдуу мезгилдүү обзорду, атайын жол-жоболорду жана келишимдик органдарды кошуп алганда БУУ АУКтун эл аралык механизмдери менен кызматташууну улантуу | Улуттук баяндамаларды белгиленген мөөнөттө жана УМС жол-жоболору боюнча келишимдик органдарга берүү. Атайын жол-жоболордун өлкөлүк сапарларын жүргүзүү. Жеке билдирүүлөрдү кароо жана тиешелүү комитеттердин чечимдерин аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын келишимдик органдар менен өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу | Жыйынтыктоочу сунуштамалар боюнча иш-аракеттердин улуттук пландары кабыл алынды | Дайыма | АУКК, ТИМ | |
2024-жыл | ИИМ, УКМК, ЮМ, ТИМ, БП (макулдашуу боюнча) | |||||
3 | Мамлекеттик кызматкерлер, судьялар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн адам укуктары жөнүндө окуу семинарларын/тренингдерди өткөрүү | Окуу семинарларын/тренингдерди квартал сайын өткөрүү | Планды ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча окуудан өткөн мамлекеттик кызматчылардын, судьялардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин 90%ы камтылды | Дайыма | ЖӨБО, ИИМ, ЖС (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор | |
2. Татыктуу жашоо деңгээлине укук ТӨМ максаттары: 1.1; 1.2; 1.3; 1.5; 8.5; 10.1; 10.2; 10.4; 11.1; 11.5; 12.2. УМС сунуштамасы: 53; 105; 106; 107; 108; 109; 111; 112; 113; 114; 115; 117; 118; 127; 131; 220 | ||||||
4 | Орто мөөнөттүү мезгилге КР эмгек жана калкты социалдык коргоо чөйрөсүн өнүктүрүү программасын кабыл алуу | Финансылык эсептерди тиркөө менен КР Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелөө, анда төмөнкүлөр каралган: - гендердик багыт жана майыптыгы бар адамдардын кызыкчылыктарын эске алуу; - бүткүл калкты, өзгөчө ОТК туш болгон топторду социалдык жактан коргоо программаларын бекемдөө; - жакырчылык жана социалдык теңсиздик менен күрөшүүнү күчөтүү; - региондорду өнүктүрүүнү колдоо жана айыл жерлеринде ишке орноштуруу программаларын иштеп чыгуу | КР Министрлер Кабинети КР орто мөөнөттүү мезгилге эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо чөйрөсүн өнүктүрүү программасын кабыл алды | 2023-жыл | ЭСКММ, ССМ, ЭКМ, КРП ОЫӨ | |
5 | "Менин үйүм 2021-2026" КР турак жай программасын жана бул программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын ишке ашыруу | ОТК туш болгон топтор үчүн жеткиликтүү турак жай боюнча жеңилдетилген программаларды ишке ашыруу | Турак жайды ижарага алууну, үлүштүк курулушту, жалпы/үлүштүк менчикти жөнгө салуу жана менчиктин ар кандай формаларын бекемдөө камсыз кылынды | 2024-жыл | МИК, Курулуш агенттиги, ЭСКММ, ЭКМ | |
3. Сергек айлана-чөйрөгө укук ТӨМ максаттары: 13.1. УМС сунуштамасы: 145 | ||||||
6 | КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 201-т тескемеси менен бекитилген КР Президентинин 2021-жылдын 19-мартыңдагы № 77 "КР экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын алкагында системалуу ишти жүргүзүү | Өлкөнү өнүктүрүү маселелерин кароодо тышкы таасирлерге аялуулукту азайтуу жана туруктуулукту жогорулатуу үчүн климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо маселелерине артыкчылык берүү | Иш-чаралар планынын аткарылышы 70%га камсыз кылынды | Дайыма | ЖРЭТКМ | |
7 | Калктын саламаттыгын жана айлана-чөйрөнү эскирген пестициддердин таасиринен коргоону күчөтүү | Эскирген пестициддер көмүлгөн жерлер үчүн жооптуу органды аныктоо жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелөө | Эскирген пестициддер көмүлгөн жерлер үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган аныкталды | 2023-жыл | ЖРЭТКМ, ӨКМ, ЖӨБО | |
8 | Экологияны өнөр жай калдыктары менен булгоонун деңгээлин азайтуу боюнча системалуу ишти улантуу | Өндүрүш калдыктары менен булгоонун деңгээлин төмөндөтүү боюнча чараларды көрүү | Өндүрүштүк калдыктар менен булгоонун деңгээли 50%га кыскарды | Дайыма | ЖРЭТКМ | |
4. Билим алууга укук ТӨМ максаттары: 4; 4.а; 4.1; 4.2; 4.3; 4.5; 6.1; 6.2. УМС сунуштамасы: 116; 125; 126; 127; 128; 130; 131; 132; 133; 134; 135; 136; 137; 138; 218 | ||||||
9 | Балдардын, айрыкча мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын, этностук азчылыктардын өкүлдөрүнүн жана ОТК туш болгон балдардын сапаттуу, көп тилдүү жана инклюзивдүү билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү | Мектепке чейинки мекемелерди жана мектептерди пандустар менен жабдуу, майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүктүн талаптарына ылайык жайларды (класстар, ашканалар, дааратканалар) жабдуу. Программага кыргыз, орус жана англис тилдерин окутууну милдеттүү түрдө киргизүү менен этностук азчылыктардын компакттуу жашаган жерлеринде азчылык тилинде окутуу менен мектепке чейинки мекемелердин жана мектептердин керектүү санынын иштеши үчүн шарттарды түзүү | Төмөнкүлөр менен камсыздалган: - майыптыгы бар балдардын мектепке баруусу; - этностук азчылыктардын өкүлдөрүнүн балдарын эне тилинде окутуу мүмкүнчүлүгү; - жеке мектептерде майыптыгы бар адамдар, азчылыктардын өкүлдөрү жана ОТК туш болгон балдар үчүн жыл сайын квота бөлүү | Дайыма | БИМ, Курулуш агенттиги, ЖӨБО | |
10 | Мектеп имараттарына жана бардык коммуникацияларга мониторинг жүргүзүү | Республиканын бардык мектептеринин техникалык абалына жана жабдылышына карата мониторинг жүргүзүлдү | Мониторингдин жыйынтыгы боюнча республиканын региондоруна өзгөчө көңүл буруу менен зарыл болгон оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү | Дайыма | БИМ, Курулуш агенттиги, ЖӨБО | |
11 | Мектеп рэкетинин фактыларынын алдын алуу жана ачуу боюнча иштерди күчөтүү | Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин тартуу менен педагогдор тарабынан төмөнкүлөрдү өткөрүү: - үзгүлтүксүз тарбиялоо иш-чараларын; - ар бир чейректин башында өз балдарына карата сергек болуунун зарылдыгы жөнүндө чогулуштарды, класстык сааттарды (эсепке алынбаган акча каражаттарынын пайда болушу, мектепке баруудан коркуу ж.б.) | Мектеп рэкетинин фактылары 90%га жоюлду | Дайыма | БИМ, ИИМ | |
5. Ден соолукка укук ТӨМ максаттары: 3.с; 3.1; 3.2; 3.7; 3.8; 5.6; 6.1; 6.2; 16.4; 16.5. УМС сунуштамасы: 76; 110; 119; 120; 121; 122; 123; 124; 127; 179 | ||||||
12 | КР Министрлер Кабинетинин 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча "Ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө" программасына ылайык саламаттык сактоо маселелери боюнча программаларды иштеп чыгуу жана кайра кароо боюнча сунуштарды даярдоо | Финансылык эсептер менен төмөнкүлөр каралган КР Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун демилгелөө: - коррупция үчүн мүмкүнчүлүктөрдү минималдаштыруу максатында дарылоонун калыс жана иш жүзүндөгү маалыматтарына негизделген жетектөөчү принциптерин иштеп чыгуу; - энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүн кыскартууга багытталган программаларды каржылоону көбөйтүү; - калктын бардык катмарынын, айрыкча ТЖК туш болгон топтордун сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн, анын ичинде региондордо эч кандай басмырлоосуз кеңейтүү | Саламаттык сактоо маселелери боюнча тийиштүү программалар КР Министрлер Кабинетинин 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү программасы менен шайкеш келтирилген | 2023-жыл | ССМ | |
13 | Майыптыгы бар адамдардын катышуусун эске алуу менен ден соолукка жана узак жашоого спорт менен машыгуунун жана туура тамактануунун артыкчылыктары жөнүндө маалыматтык-агартуу кампанияларын жүргүзүү | ЖМКларда сергек жашоо жөнүндө макалаларды жана роликтерди үзгүлтүксүз жарыялоо, врачтардын жана тренерлердин катышуусу менен радио жана телеберүүлөрдү өткөрүү. Жалпы шаардык жана жалпы республикалык спорттук марафондорду жана мелдештерди өткөрүү | Маалыматтык кампания калктын 70%ын камтыйт | Дайыма | ССМ, ММСЖСМ, ЖӨБО | |
14 | Мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде, айрыкча айыл жерлеринде тынчтык багытындагы акысыз спорттук секцияларды (жеңил атлетика, сууда сүзүү, гимнастика. бий жана башкалар) ишке киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | Финансылык эсептерди тиркөө менен КР Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелөө | Мектептерде жана мектепке чейинки балдар мекемелеринде, өзгөчө айыл жеринде тынчтык багытындагы акысыз спорттук секцияларды (жеңил атлетика, сууда сүзүү, гимнастика, бий ж.б.) киргизүү боюнча Иш-чаралар планы кабыл алынган | 2023-жыл | БИМ, ММСЖСМ, ЖӨБО | |
15 | Өспүрүмдөр жана жаштар үчүн сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолуктун негиздери, анын ичинде контрацепция ыкмалары жана ВИЧ жана инфекциялардын жыныстык жактан жугуу тобокелдиктери, ошондой эле төрөткө чейинки туура кам көрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалыматтык-агартуу кампанияларын жүргүзүү | ЖМКда тематикасы боюнча макалаларды жана роликтерди үзгүлтүксүз жарыялоо, врачтардын катышуусу менен радио жана телеберүүлөрдү өткөрүү. Мектептерде 6-класстан баштап тематика боюнча сабактарды өткөрүү | Кампания менен мектептер 100%га камтылган | Дайыма | БИМ, ММСЖСМ, ССМ | |
16 | Сапаттуу кызмат көрсөтүү бөлүгүндө медициналык кызматтын жана медициналык персоналдын потенциалын чыңдоо | Үзгүлтүксүз окутуу иш-чараларын өткөрүү | Планды ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн медициналык кызматкерлердин 90%ы камтылды | Дайыма | ССМ, БИМ | |
17 | Ден соолуктун социалдык факторлоруна (жакырчылык, зордук-зомбулук жана дискриминация сыяктуу), пациенттерди дарылоодо адам укуктарына, медициналык этиканын принциптерине, медициналык жардамды басмырлабоого жана психиатриялык стационарларда иштөөнүн өзгөчөлүктөрүнө өзгөчө көңүл буруу менен медициналык билим берүү программасына адам укугун коргоо ыкмасын киргизүү | Тема боюнча модулдарды иштеп чыгуу жана окуу программасына киргизүү, медициналык кызматкерлердин бардык түрлөрүн даярдоо. Иштеп жаткан медициналык персонал үчүн үзгүлтүксүз окутуу иш-чараларын, квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү | Планды ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн медициналык кызматкерлердин 90%ы камтылды | 2024-жыл | БИМ, ССМ | |
18 | Пациенттерге, анын ичинде психиатриялык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучуларга басмырлабоо жана орундуу мамиле кылуу принциптерин бузган саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери үчүн тийиштүү жазаны колдонуу | Саламаттык сактоо мекемелерин үзгүлтүксүз текшерүү. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча чараларды көрүү. Козголгон иштердин/тартиптик жазалардын жана кабыл алынган сот чечимдеринин саны | Пациенттерге, анын ичинде психиатриялык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучуларга басмырлоо жана орунсуз мамиле кылуу учурлары 70%га кыскарды | Дайыма | ИИМ, ССМ, БП (макулдашуу боюнча) | |
19 | Реабилитация программасын иштеп чыгуу жана дарыгердик каталар болгон учурда компенсацияны төлөө боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | Эсептөөлөрдү жүргүзүү жана КР Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелөө | Дарыгердик каталар болгон учурда реабилитациялоо жана компенсацияларды төлөө программасы кабыл алынды | 2023-жыл | ССМ | |
20 | Медициналык кызматкерлердин укук бузуулары боюнча маалымат базасын ишке киргизүү жана пациенттердин укуктарынын бузулушуна талдоо жүргүзүү | Пациенттердин укуктарынын бузулушуна талдоо жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү | Пациенттердин укуктарынын бузулушу боюнча онлайн маалымат базасы ишке киргизилди. Медициналык кызматкерлер тарабынан пациенттердин укуктарынын бузулушунун себептерин жоюу боюнча чаралар көрүлдү | 2024-жыл | ССМ, ИИМ | |
21 | Ар бир саламаттык сактоо уюмдарында жана дарыкана мекемелеринде пациенттердин укуктары, медициналык кызмат көрсөтүүлөр жана клиникалык стандарттар жөнүндө маалымат стенддерин жайгаштыруу | Республиканын ар бир саламаттык сактоо уюмдарында жана дарыкана мекемелеринде азчылыктардын компакттуу жашаган жерлеринде кыргыз, орус жана алардын тилдеринде маалымат стенддерин орнотуу | Калктын 70%ы саламаттык сактоо жаатындагы өз укуктары жөнүндө билишет | 2023-жыл | ССМ, ММКФ | |
22 | Саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдериндеги жана башка мекемелердеги саламаттык сактоо кызматкерлеринин арасында трансгендер, транссексуалдык жана гендердик шайкеш келбеген адамдарга медициналык-социалдык жардам көрсөтүү боюнча колдонмону жайылтуу жана натыйжалуу колдонуу | Медициналык персонал тарабынан үзгүлтүксүз ишинде Колдонмону колдонуу | Планды ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча Колдонмо менен тааныш болгон медициналык кызматкерлердин 90%ы камтылган | Дайыма | ССМ | |
23 | Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү мекемелерин амбулаториялык жана күндүзгү борборлордо консультант катары иштеген психиатр адистери менен камсыз кылуу боюнча сунуштарды даярдоо | Эсептөөлөрдү жүргүзүү жана КР Министрлер Кабинетине тиешелүү сунуштарды киргизүү | Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү мекемелерин амбулаториялык жана күндүзгү борборлордо консультант катары иштеген психиатрлар менен камсыз кылуу маселеси иштелип чыкты | 2023-жыл | ССМ, ММКФ | |
24 | Альтернативдик кам көрүү мекемелеринин бардык түрлөрүндө жана чоңдор жана балдар үчүн интернат мекемелеринде туруктуу көзөмөл жана мониторинг жүргүзүү | Үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүү. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты текшерүүчү ведомстволордун жана текшерилген мекемелердин расмий онлайн баракчаларына жайгаштыруу | Альтернативдик кам көрүү мекемелеринин жана чоңдор жана балдар үчүн интернат мекемелеринин жашоочуларынын бардык базалык укуктары камсыздалды | Дайыма | ЭСКММ, ССМ, КАУБ, БП (макулдашуу боюнча) | |
25 | Ата-энелерди тарбиялоонун жана тез медициналык жардамга тез жетүүнү камсыз кылуунун эсебинен алдын алууга жана дарылоого боло турган оорулардын кесепетинен балдардын каза болушунун алдын алуу боюнча мамлекеттик чараларды иштеп чыгуу | Балдардын өлүмүнүн алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана киргизүү. Оорулардын алдын алуу жана балдар ооруп калган учурда медициналык мекемелерге токтоосуз кайрылуу зарылдыгы жөнүндө ата-энелерди окутуу боюнча үзгүлтүксүз маалыматтык кампанияларды өткөрүү | Алдын алууга жана дарылоого боло турган оорулардын кесепетинен балдардын өлүмү 70%га кыскарды | Дайыма | ССМ, ММКФ | |
26 | Сапаттуу медициналык кароону жана дарылоону өткөрүү максатында интернат тибиндеги балдар мекемелерине баруу үчүн көчмө медициналык бригаданы уюштуруу | Мобилдик бригаданын интернат тибиндеги балдар мекемелерине кварталдык пландуу чыгуусун камсыз кылуу | Балдарга ар кандай медициналык кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде пландуу стоматологиялык дарылоо камсыздалды | Дайыма | ССМ, ЭСКММ | |
27 | Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кайра карап чыгуу жана аны коопсуз ичүүчү сууга жана санитардык кызмат көрсөтүүлөргө укук боюнча эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды даярдоо | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү КР Министрлер Кабинетинин чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилди | 2024-жыл | Курулуш агенттиги, ЖРЭТКМ | |
28 | Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасына карата эмгек мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу үчүн иш берүүчүлөрдү жана персоналды, ошондой эле жумушчулардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн өндүрүштүк жаракат алуу жана кесиптик оору учурларында компенсациянын тийиштүү деңгээлине жетүүсүн үзгүлтүксүз текшерүү жана окутуу | Эмгек мыйзамдарына шайкештикке үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүү (текшерүүлөрдүн саны, алардын натыйжалары боюнча көрүлгөн чаралар, ошондой эле төлөнгөн компенсациялардын суммасы). Иш берүүчүлөр жана кызматкерлер үчүн жер-жерлерде үзгүлтүксүз окутуу кампанияларын жүргүзүү (компаниялардын жана алар камтыган адамдардын саны) кампанияларын өткөрүү (алар камтылган ишканалардын жана жеке адамдардын саны) | Кызматкерлер өндүрүштүк жаракат алган жана кесиптик ооруга чалдыккан учурда эмгек укуктары жана тиешелүү компенсациялар менен камсыз болушту | Дайыма | СКММ | |
29 | Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү аракеттерин мыйзамдык жана институттук деңгээлде күчөтүү | Баңги трафигинин каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу максатында чек ара жана бажы контролун күчөтүү. Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча региондогу мамлекеттердин укук коргоо органдарынын кызматташтыгынын формаларын жана ыкмаларын чыңдоо. Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштарды иликтөө жана алдын алуу үчүн криминалистикалык илимдин заманбап ыкмаларын киргизүү | Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү көлөмү 50%га кыскарды | Дайыма | ИИМ, МБК, УКМК, БП (макулдашуу боюнча) | |
30 | КР Министрлер Кабинетинин 2012-жылдын 21-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтомун КР Жаза аткаруу кодексинин 21-беренесине ылайык келтирүү жолу менен соттолгондордун майыптыкты тариздөөгө бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | КР Министрлер Кабинетинин 2012-жылдын 21-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтому КР Жаза аткаруу кодексинин 21-беренесине ылайык келтирилди | 2023-жыл | ССМ, ЮМга караштуу ЖАК | |
6. Майыптыгы бар адамдардын укуктары ТӨМ максаттары: 1.3; 3; 3.4; 4; 4.а; 4.5; 8.5; 10.2; 10.4; 11.2; 11.7; 16.2; 16.7. УМС сунуштамасы: 24; 36; 43; 218; 219; 220; 221; 222; 223; 224; 225; 226; 227; 228; 229 | ||||||
31 | Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциянын жоболорун тиешелүү улуттук мыйзамдарга киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасын кайра карап чыгуу, анын ичинде майыптарды кароо боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн кеңейтүүнү караган КР Министрлер Кабинетинин чечиминин тийиштүү долбоорун демилгелөө | Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциянын жобосу улуттук мыйзамдарга киргизилген | 2023-жыл | ЭСКММ, ССМ, ММКФ | |
32 | "Жеткиликтүү өлкө" программасын кабыл алуу | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоорун демилгелөө, анда төмөнкүлөр каралган: - майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо боюнча алдынкы программаларды киргизүү; - психикалык саламаттык боюнча жамааттык кызматтарды өнүктүрүү жолу менен психикалык жана психо-социалдык бузулуулары бар адамдарды колдоонун альтернативдик ыкмаларын иштеп чыгуу; - майыптыгы бар адамдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды иштеп чыгуу; - майыптыгы бар адамдарды социалдык жана кесиптик интеграциялоо боюнча улуттук программаны иштеп чыгуу; - майыптыгы бар адамдар үчүн бардык коомдук имараттардын жана транспорттун жеткиликтүүлүгүн кепилдөө; - майыптыгы бар адамдардын саясий, коомдук жана маданий жашоого активдүү катышуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү; - майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу шарттарын өркүндөтүү; - шайлоонун инклюзивдүүлүгүн жакшыртуу максатында бардык деңгээлдеги шайлоолордо майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү жана билим берүү иштерин жүргүзүү | КР Министрлер Кабинетинин "Жеткиликтүү өлкө" программасы кабыл алынды | 2023-жыл | ЭСКММ, ССМ, Курулуш агенттиги, ТКМ, БШК (макулдашуу боюнча) | |
33 | Үй-бүлө чөйрөсүнөн ажыраган майып балдарды үй-бүлөлүк жана жамааттык багуунун альтернативдик варианттарын киргизүүнү улантуу | Майып балдардын биологиялык, тууган болгон, кабыл алган үй-бүлөлөрүнүн жана асырап алуучу үй-бүлөлөрүнүн абалын жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Ар бир ШТП, райондо жана шаарда майып балдар үчүн күндүзгү борборлор уюштурулду | 2024-жыл | ЭСКММ, ССМ, ЖӨБО | |
34 | Республиканын бардык аймагында инклюзивдүү билим берүүнү ишке киргизүү | Инфраструктураны реконструкциялоо, майыптыгы бар адамдар үчүн мектептердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, тиешелүү окуу пландарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Планды ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча майып балдардын 60%ы мектептерге барат жана аларда толук билим алышууда | 2024-жыл | БИМ, ЖӨБО | |
35 | Жаңсоо тилин толук баалуу тил катары таануу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүндүгүн кепилдөө, жаңсоо тилин билим берүү жана саламаттык сактоо сыяктуу чөйрөлөрдө колдонуу боюнча сунуштарды даярдоо | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | КР Министрлер Кабинетинин жаңсоо тилин таануу жөнүндө чечими кабыл алынды | 2023-жыл | ЭСКММ, БИМ, ССМ | |
36 | Көрүүсү начар адамдар үчүн жеткиликтүү болгон мамлекеттик түзүмдөрдүн сайттарынын версияларын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо | Бардык министрликтердин жана ведомстволордун сайттарынын тиешелүү версияларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Мамлекеттик түзүмдөрдүн сайттары көрүүсү начар адамдардын колдонуусу үчүн жеткиликтүү | 2023-жыл | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | |
37 | Акыл-эси кем балдардын акыл-эсин өнүктүрүүгө дем берүүчү сабактардын программаларын бардык жерде киргизүү | Дем берүүчү программаларды иштеп чыгуу жана киргизүү | Программалар ар бир ШТП, райондо жана шаарда уюштурулган майып балдар үчүн күндүзгү өнүктүрүү борборлорунда ишке ашырылууда | 2024-жыл | БИМ, ССМ, ЭСКММ, ЖӨБО | |
38 | Адамды аракетке жөндөмсүз деп таануу боюнча зарыл талаптарды кайра карап чыгуу үчүн КР Граждандык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | КР Граждандык кодексине адамды аракетке жөндөмсүз деп таануу боюнча түзөтүүлөр киргизилди | 2023-жыл | ССМ | |
39 | Психиатриялык мекемелерди эс алуу жана эмгек сабактары үчүн талаптагыдай шарттары бар артыкчылыктуу ачылган мекемеге план-ченемдүү которуу боюнча сунуштарды даярдоо | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө, анда төмөнкүлөр каралат: - психикалык саламаттыкты коргоо сектору үчүн финансылык ресурстарды эсептөө менен планды иштеп чыгуу; - далилдүү медицинага жана илимий-негиздүү практикага негизделген психиатриялык жардамдын медициналык стандарттарын иштеп чыгуу; - менчигинин түрүнө, ведомстволук таандыгына карабастан саламаттык сактоо уюмдарында психикалык ооруларды дарылоонун жана дартын аныктоонун эскирген жана негизделбеген түрлөрүнө тыюу салуу; - акыл-эси жана психосоциалдык жактан жабыркаган балдар жана чоңдор үчүн саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык камсыздоо секторлорунун катышуусунда жана алар менен тыгыз кызматташууда артыкчылыктуу түрдө биомедициналык эмес кийлигишүүнү камсыз кылган коомдук кызматтарды түзүү; - республиканын бардык облустарында психиатриялык жардам көрсөтүүнүн альтернативдүү формаларын өнүктүрүү боюнча БМСЖ деңгээлинде пилоттук ҮМБны көбөйтүү | КР Министрлер Кабинетинин психиатриялык мекемелерди ачылган мекемелерге которуу жөнүндө чечими кабыл алынды | 2023-жыл | ССМ, ММКФ | |
40 | Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан психиатриялык стационарларда адамдарды кармоо шарттары боюнча ченемдерди жана эрежелерди ишке ашырууну камсыз кылуу | Үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүү жана текшерүүлөрдүн жыйынтыгын жана алардын натыйжалары боюнча көрүлгөн чараларды кеңири коомчулукту тааныштыруу үчүн жайгаштыруу үчүн ССМ жана текшерилип жаткан мекемелердин расмий онлайн баракчаларына жайгаштыруу | Психиатриялык ооруканалардын бейтаптары бардык базалык укуктары менен камсыз кылынды | Дайыма | ССМ | |
7. Улгайган адамдардын укуктары ТӨМ максаттары: 10.2. УМС сунуштамасы: 36; 221 | ||||||
41 | Үй-бүлөлүк чөйрөдөн ажыраган улгайган адамдарга үй-бүлөлүк жана коомдук кам көрүүнүн альтернативдүү варианттарын киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | КР Министрлер Кабинетинин үй-бүлөлүк чөйрөдөн ажыраган улгайган адамдарга үй-бүлөлүк жана коомдук кам көрүүнүн альтернативдүү варианттары жөнүндө чечими кабыл алынды | 2023-жыл | ЭСКММ | |
42 | Улгайган адамдар үчүн интернат тибиндеги мекемелерге ал жакта жашаган адамдардын кадыр-баркын сыйлоо жана кыянаттык менен пайдалануулар, адам укуктарын бузуулар үчүн мүмкүндүктөр болбогон шартта алар үчүн татыктуу жашоо шарттарын кепилдөө менен көз карандысыз мониторинг жүргүзүүнүн механизмдерин бекемдөө | Текшерүүлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүү. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын жана алардын натыйжалары боюнча көрүлгөн чараларды кеңири коомчулукка тааныштыруу үчүн ЭСКММ жана текшерилип жаткан мекемелердин расмий онлайн баракчаларына жайгаштыруу | Интернат тибиндеги мекемелердин улгайган жашоочулары бардык базалык укуктар менен камсыз кылынды | Дайыма | ЭСКММ, КАУБ | |
43 | Улгайган адамдар үчүн интернат тибиндеги мекемелерде даттанууларды берүү үчүн анонимдүү кутучаларды түзүү, ишеним телефондорун колдонуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу | Ар бир мекемеде улгайган адамдардын укуктарын саноо, алардын укуктары бузулган учурда кайрылууга мүмкүн болгон ишеним телефондорунун номерлерин көрсөтүү менен маалымат такталарын орнотуу. Даттанууларды берүү үчүн анонимдүү кутучуларды жайгаштыруу. Бардык мекемелерди улгайган адамдар тоскоолдуксуз колдонууга мүмкүн болгон ишеним телефондоруна кошуу (даттануулардын жана кайрылуулардын саны, ошондой эле алар боюнча көрүлгөн чаралар) | Интернат тибиндеги мекемелердин улгайган жашоочулары бардык базалык укуктар менен камсыз кылынды | 2023-жыл | ЭСКММ, Омбудсмендин аппараты (макулдашуу боюнча) | |
8. Балдардын укуктары ТӨМ максаттары: 3.8; 4.5; 8.7; 10.2; 16.1; 16.2; 16.3. УМС сунуштамасы: 36; 43; 129; 192; 194; 196; 197; 198; 199; 200; 202; 203; 204; 205; 206; 207; 226 | ||||||
44 | 2023-2024-жылдарга үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо планын кабыл алуу | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо планы кабыл алынды | 2023-жыл | ЭСКММ | |
45 | КР тиешелүү кодекстерине, анын ичинде КЖК, УБК балдардын денесине зыян келтирип жазалоого түздөн-түз тыюу салуу жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | КР тиешелүү кодекстерине балдардын денесине зыян келтирип жазалоого түздөн-түз тыюу салуу жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилди | 2023-жыл | ЭСКММ, ИИМ (макулдашуу боюнча) | |
46 | Балдарды эмгекке эксплуатациялоону жок кылуу үчүн эмгекти коргоо боюнча инспекторлордун келиши жөнүндө он күн мурда алдын ала кабарлоо жөнүндө талапты мыйзамдардан четтетүү боюнча сунуштарды даярдоо | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | Балдарды эмгекке эксплуатациялоону жок кылуу үчүн эмгекти коргоо боюнча инспекторлордун келиши жөнүндө он күн мурда алдын ала кабарлоо талабы алып салынды | 2022-жыл | ЭСКММ, ЖРЭТКМ | |
47 | Эмгектин эң начар формаларына тартылган балдар жөнүндө бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү | Жеке маалыматтарды коргоо жана жеке турмушун коргоо укугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын кепилдөөнү жана камсыз кылууну караган үзгүлтүксүз жаңыланып туруучу маалыматтар базасын түзүү. КР электрондук башкаруу жана жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо менен колдонуудагы "Оор турмуштук кырдаалга туш болгон балдар" маалыматтар базасына "Эмгектин эң начар формаларына тартылган балдар" модулун кошуу | Төмөнкүлөргө багытталган балдар эмгегинин эң начар формаларына мониторинг жүргүзүү системасы күчөтүлдү: аныктоо, балдар эмгегинин эң начар формаларынан кайра багыттоо/чыгаруу. Тыюу салынган балдар эмгегинин ар кандай түрлөрүнө мурда тартылгандардын тагдырына байкоо жүргүзүлүп, мониторингдин жыйынтыгында көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугу текшерилет | 2023-жыл | ЭСКММ | |
48 | Билим берүү мекемелеринде алардын кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын чогултуунун мыйзамсыздыгы жөнүндө системалуу маалымат өнөктүгүн жүргүзүү | ЖМКларда макалаларды үзгүлтүксүз жарыялоо жана тематика боюнча роликтерди көрсөтүү, БИМдин кызматкерлеринин катышуусунда радио жана телеберүүлөрдү көрсөтүү. Ар бир мектептеги маалымат такталарына аталган маселе боюнча кабарлоолорду жарыялоо жана мектепте акча талап кылган учурларда байланышууга мүмкүн болгон ишеним телефондорун көрсөтүү | Маалымат өнөктүгү менен мектептер 100%га камтылган | Дайыма | БИМ, ММСЖСМ | |
49 | Билим берүү уюмдарында акча каражаттарын чогулткан адамдарга карата административдик (кылмыш-жаза) тартипте чараларды көрүү | Билим берүү мекемелерине үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүү жана алардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чараларды көрүү (козголгон иштердин/тартиптик жазалардын жана кабыл алынган соттук чечимдердин саны) | Билим берүү уюмдарында акча каражаттарын чогултуу фактылары жоюлду | Дайыма | ИИМ | |
50 | Жакшы ата-эне, КР тарбиялоонун зордук-зомбулуксуз формалары боюнча программаны иштеп чыгуу | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | Жакшы ата-эне боюнча программа кабыл алынды | 2023-жыл | ЭСКММ, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | |
51 | Балага карата денесине зыян келтирип жазалоого тыюу салуу маселелери боюнча калкка системалуу агартуу иштерин жүргүзүү | ЖМКда макалаларды үзгүлтүксүз жарыялоо жана тематика боюнча роликтерди көрсөтүү, мугалимдердин, психологдордун катышуусунда радио жана телеберуүлөрдү көрсөтүү (иш-чаралардын саны жана калкты камтуу пайызы). Педагогдор тарабынан ар бир чейректин башында балдарга карата денесине зыян келтирип жазалоону колдонуунун жол берилбестиги жөнүндө эскертүү менен чогулуштарды, класстык сааттарды (мектептердин саны жана ата-энелерди камтуу пайызы) өткөрүү | Балдарга карата денесине зыян келтирип жазалоо фактылары 90%га жоюлду | Дайыма | ЭСКММ, БИМ, ММСЖСМ, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | |
52 | Балдардын, ата-энелердин жана аларды алмаштырган адамдардын катышуусунда БУКтун принциптерин жайылтуу жана түшүнүү максатында үзгүлтүксүз агартуу иш-чараларын жүргүзүү | ЖМКда квартал сайын жарыялоо жана тематика боюнча роликтерди көрсөтүү, ЭСКММ кызматкерлеринин катышуусунда радио жана телеберүүлөрдү көрсөтүү (иш-чаралардын саны жана калкты камтуу пайызы). Жылына эки жолу ар бир шаарда жана ири калктуу конушта БУКтун принциптерине ылайык иш-чараларды (флешмоб, конкурстар ж.б.) уюштуруу | БУК жөнүндө маалыматтык өнөктүк менен калктын 90%ы камтылды | Дайыма | ЭСКММ, ММСЖСМ, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл, ЖӨБО | |
53 | Балдар менен иштеген адистер үчүн БУК принциптери жөнүндө окутуучу семинарларды/тренингдерди өткөрүү | Квартал сайын семинарларды/тренингдерди жана квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү (өткөрүлгөн иш-чаралардын саны) | Планды ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча балдар менен иштеген окутулган адистер 90%ды түздү | Дайыма | ЭСКММ, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | |
54 | Судьялар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн ювеналдык юстиция чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттар жана улуттук мыйзамдар боюнча окутуу семинарларын/тренингдерди өткөрүү | Квартал сайын семинарларды/тренингдерди жана квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү (өткөрүлгөн иш-чаралардын саны) | Планды ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча окуудан өткөн судьялар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери 90%ды түздү | Дайыма | ЖС САЖМ (макулдашуу боюнча), ИИМ, БП (макулдашуу боюнча), ЮМ ЖАК | |
55 | Калк арасында балдарга жана өспүрүмдөргө карата сексуалдык кылмыштар жөнүндө КР мыйзамдарын жана ал үчүн жоопкерчиликти түшүндүрүү боюнча үзгүлтүксүз агартуу иш-чараларын жүргүзүү | ЖМКларда макалаларды ай сайын жарыялоо жана тематика боюнча роликтерди көрсөтүү, ИИБнын жана ЭСКММ кызматкерлеринин катышуусунда радио жана телеберүүлөрдү көрсөтүү. Квартал сайын шаарларда жана ири калктуу конуштарда "Зомбулукту токтот" деген темада квартал сайын ар кандай иш-чараларды өткөрүү | Калктын 90%ы балдарга жана өспүрүмдөргө карата сексуалдык кылмыштар жөнүндө КР мыйзамдары жана ал үчүн жоопкерчилик боюнча маалыматтык өнөктүк менен камтылды | Дайыма | ИИМ, ЭСКММ, ММСЖСМ, ЖӨБО, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | |
56 | Балдарга жана өспүрүмдөргө карата зомбулук, өзгөчө сексуалдык зомбулук үчүн жазаны катаалдаштыруу боюнча сунуштарды даярдоо | Тиешелүү мыйзам долбоорун демилгелөө | КР Министрлер Кабинети тарабынан балдарга жана өспүрүмдөргө карата зомбулук, өзгөчө сексуалдык зомбулук көрсөткөндүгү үчүн жазаны катаалдаштырууну караган мыйзам долбоору демилгеленди | Дайыма | ЭСКММ, ИИМ, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | |
57 | Балдарды жана өспүрүмдөрдү сексуалдык эксплуатациялоо боюнча уюштурулган жайларды аныктоо боюнча системалуу иштерди жана үзгүлтүксүз иш-чараларды жүргүзүү | Квартал сайын рейддерди жүргүзүү. Аныкталган өспүрүмдөрдү сексуалдык эксплуатацияга тартылган балдарды коштоо жана социалдык реабилитациялоо кызматтарына өткөрүп берүү. Рейддердин жыйынтыктарын жана анын жыйынтыгы боюнча көрүлгөн чараларды сексуалдык эксплуатацияга тартылган өспүрүмдөрдүн, козголгон иштердин жана кабыл алынган соттук чечимдердин санын көрсөтүү менен кеңири коомчулукка тааныштыруу үчүн ИИМдин расмий онлайн баракчасына жайгаштыруу | Балдарды жана өспүрүмдөрдү уюшкан сексуалдык эксплуатациялоо фактылары жок кылынды | Дайыма | ИИМ, ЭСКММ, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | |
58 | Бардык билим берүү мекемелеринде ишеним телефондорунун номерлерин көрсөтүү зордук-зомбулук, анын ичинде сексуалдык зомбулук көрүү боюнча даттанууларды берүү үчүн анонимдүү кутучаларды уюштуруу жана балдардын кайрылууларына өз убагында чара көрүү | Бардык билим берүү мекемелеринде ишеним телефондору көрсөтүлгөн даттанууларды берүү үчүн анонимдүү кутучаларды жайгаштыруу. Даттануулардын жана чалуулардын саны, ошондой эле алар боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө жыл сайын БИМге отчет берүү | Балдардын зомбулук көрүү боюнча анонимдүү кайрылууга мүмкүндүгү болот | 2023-жыл | БИМ ИИМ, ЭСКММ, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү | |
59 | Интернат тибиндеги балдар мекемелеринде даттанууларды берүү үчүн анонимдүү кутучулардын жана тынымсыз байланыштын (111, 112, 115 ж.б.) талаптагыдай иштөөсү жана балдардын кайрылууларына өз убагында чара көрүүнү дайыма контролдоо | Үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүү. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын жана көрүлгөн чараларды даттануулардын жана чалуулардын санын, көрүлгөн чаралар жөнүндө кеңири коомчулукка тааныштыруу үчүн ЭСКММ жана текшерилип жаткан мекемелердин расмий сайттарына жайгаштыруу | Интернат мекемелеринде жашаган балдар базалык укуктары менен камсыз кылынды | Дайыма | БИМ, ЭСКММ, ССМ, ЖӨБО, КАУБ (макулдашуу боюнча), Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | |
60 | Мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде, өзгөчө айыл жеринде балдардын потенциалын өнүктүрүү жана бош убактысында аларды кароо үчүн класстан тышкаркы чыгармачылык сабактарды/ийримдерди киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | КР Министрлер Кабинети тарабынан чыгармачылык сабактарды/ийримдерди киргизүү боюнча чечимдин долбоору кабыл алынды | 2023-жыл | БИМ, ЭСКММ, ЖӨБО, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | |
61 | Мүмкүн болгон убактылуу камкордукка алуу максатында эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо механизмин киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | Эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо механизмин киргизүү боюнча Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды | 2023-жыл | ЭСКММ, ИИМ, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл, ЖӨБО | |
9. Аялдардын укуктары ТӨМ максаттары: 1.4; 5.a; 5.b; 5.c; 5.1; 5.2; 5.3; 5.5; 10.2; 10.3; 16.1; 16.2; 16.3; 16.7. УМС сунуштамалары: 36; 43; 139; 140; 141; 142; 143; 144; 146; 148; 147; 149; 150; 151; 152; 153; 154; 155; 156; 157; 158; 159; 160; 161; 162; 163; 165; 166; 167; 168; 169; 170; 171; 172; 173; 174; 175; 176; 177; 178; 180; 181; 182; 183; 184; 185; 186; 187; 188; 189; 190; 191; 193; 195; 201; 226 | ||||||
62 | КР 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегиянын долбоорун жана 2022-2024-жылдарга улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу | КР Министрлер Кабинетинин аялдардын шайлоо процесстерине катышуусун активдештирүү жана бардык деңгээлдеги шайлоолордо гендердик квоталарды ийгиликтүү ишке ашыруу максатында маалыматтык түшүндүрүү билим берүү иштерин жүргүзүүнү караган тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | КР 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегия жана 2022-2024-жылдарга улуттук иш-аракеттер планы кабыл алынды | 2022-жыл | ЭСКММ, ЭКМ, БШК (макулдашуу боюнча) | |
63 | Сексуалдык зомбулукка байланыштуу кылмыштардын түрлөрүнүн аныктамаларынын АБЖК жана Стамбул конвенциясына ылайык келүүсүн камсыз кылуу үчүн КР КЖК түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | Тиешелүү мыйзам долбоорун демилгелөө | АБЖК жана Стамбул конвенциясына ылайык келтирүү максатында КР КЖК түзөтүүлөрдү киргизүү демилгеленди | 2023-жыл | ИИМ, ЭСКММ | |
64 | Сексуалдык зомбулукка байланышкан кылмыштар үчүн милдеттүү түрдө жазыктык куугунтуктоону камсыз кылуу максатында КР КЖПК түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | Тиешелүү мыйзам долбоорун демилгелөө | КР КЖПК сексуалдык зомбулукка байланышкан кылмыштар үчүн милдеттүү түрдө жазыктык куугунтуктоону караган түзөтүүлөр демилгеленди | 2023-жыл | ИИМ, ЭСКММ | |
65 | Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмесин бекиткен КР Эмгек кодексинин 303-статьясын кайра кароо боюнча сунуштарды даярдоо | Тиешелүү мыйзам долбоорун демилгелөө | КР Эмгек кодексинин 303-статьясына өзгөртүүлөр киргизилди | 2023-жыл | ЭСКММ | |
66 | Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык күйөөсүн же үй-бүлө мүчөсүн өлтүргөн аялга карата кылмыш иштерин ал өзү үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгондугун эске алуу менен кароонун зарылчылыгы жөнүндө судьялар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн окутуучу семинарларды/тренингдерди өткөрүү жана жазаларды жагдайларды эске алуу менен дайындоо | Квартал сайын гендердик теңчилик, тактап айтканда гендердик басмырлоо чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттар жана улуттук мыйзамдар боюнча аялдарга карата зомбулуктун жана аларды никеге мажбурлоонун жол берилбестиги жөнүндө окутуучу семинарларды/тренингдерди, квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү | Окуудан өткөн судьялардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери 90%ды түздү | Дайыма | ЖС САЖМ (макулдашуу боюнча), ИИМ, БП (макулдашуу боюнча), ЮМ ЖАК | |
67 | Зомбулуктун бардык түрлөрү жана мажбурлап нике кыюу боюнча КР мыйзамдарын жана ал үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле мындай учурларда аялдардын укук коргоо органдарына кайрылуу зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү боюнча калк арасында маалыматтык агартуу өнөктүктөрүн жүргүзүү | Ай сайын макалаларды жарыялоо жана тематика боюнча роликтерди көрсөтүү, коомдук ишмерлердин, психологдордун, ИИМ жана ЭСКММ кызматкерлеринин, ошондой эле зордук-зомбулуктун жана мажбурлап нике кыюунун курмандыктарынын катышуусунда радио жана телеберүүлөрдү көрсөтүү. Квартал сайын ар бир шаарда жана ири калктуу конушта калкты тартуу менен иш-чараларды уюштуруу (иш-чаралардын саны жана калкты камтуу пайызы) | Калктын 90%ы зомбулуктун бардык түрлөрү жана мажбурлап нике кыюу боюнча КР мыйзамдары жана ал үчүн жоопкерчилик боюнча маалыматтык өнөктүк менен камтылды | Дайыма | ЭСКММ, ИИМ, ММСЖСМ, ЖӨБО | |
68 | Бул процесстерди ЖМКда кеңири чагылдыруу менен аялдарга карата зордук-зомбулукка жана аларды никеге мажбурлоого күнөөлүү адамдарга иликтөө жүргүзүү жана жоопкерчиликке тартуу | Тергөө иштерин жүргүзүү жана анын жыйынтыгын чыгаруу жана жыйынтыгы боюнча чараларды көрүү (козголгон иштердин жана кабыл алынган соттук чечимдердин саны) | Аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүү жана аларды никеге мажбурлоо фактылары 90%га жоюлду | Дайыма | ИИМ, ЖС (макулдашуу боюнча), ММСЖСМ | |
10. Мигранттардын укуктары ТӨМ максаттары: 3.8; 8.8. УМС сунуштамалары: 230; 231 | ||||||
69 | 1975-жылдагы № 143 жумушчу мигранттар жөнүндө ЭЭУ Конвенциясын (кошумча жоболор) ратификациялоо боюнча сунуштарды даярдоо | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | 1975-жылдагы № 143 ЭЭУ Конвенциясы ратификацияланды | 2024-жыл | ЭСКММ, ТИМ | |
70 | ЭЭУнун 1997-жылдагы № 181 жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери жөнүндө жана 2011-жылдагы № 189 үй кызматкерлери жөнүндө конвенцияларын ратификациялоо | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | ЭЭУнун 1997-жылдыгы № 181 жана 2011-жылдагы № 189 Конвенциялары ратификацияланды | 2024-жыл | ЭСКММ | |
71 | ЭМЭАК ылайык КР мыйзамдарына КР туруктуу статусу бар да, ошондой эле статусу жок бардык эмгек мигранттарынын укуктарын коргоону кепилдөөчү түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | КР мыйзамдары ЭМЭАК ылайык келтирүүгө түзөтүүлөр киргизилди | 2024-жыл | ЭСКММ | |
72 | "Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы" автоматташтырылган маалыматтык системасын жайылтуу | АМСти сандык жана сапаттык маалыматтар каралган статистикалык маалыматтар, ошондой эле жынысы, жашы, өлкөгө кирүү жана чыгуу себептери, аткарылган иштердин түрлөрү боюнча бөлүштүрүлгөн статистикалык маалыматтар менен толуктоо | Статистикалык маалыматтар талданууда жана миграция жаатындагы саясатты иштеп чыгуу үчүн да, тиешелүү социалдык программаларды оңдоо үчүн да бардык жерде колдонулат | 2024-жыл | УКМК, ЭСКММ, СӨМ, МЧК, УСК | |
73 | Чет өлкөдө жүргөн КР жарандарынын шайлоого катышуусун активдештирүү үчүн шарттарды жакшыртуу | Шайлоо участокторун жакшыртуу | Чет өлкөдө жүргөн КР жарандарынын шайлоого катышуусу кеңейтилди | Зарылчылыкка жараша | БШК (макулдашуу боюнча), ТИМ | |
74 | Миграциянын мүмкүн болгон тобокелдиктерин түшүндүрүү боюнча маалыматтык өнөктүктөрдү жүргүзүү | ЖМКда макалаларды квартал сайын жарыялоо жана тематика боюнча роликтерди көрсөтүү, ИИМдин жана ЭСКММдин кызматкерлеринин, ошондой эле мекенине кайтып келген мигранттардын катышуусунда радио жана телеберүүлөрдү (иш-чаралардын саны жана калкты камтуу пайызы) көрсөтүү | Калктын 90%ы миграциялык тобокелдиктер тууралуу маалыматтык өнөктүк менен камтылды | Дайыма | ЭСКММ, ИИМ, ТИМ, ММСЖСМ | |
75 | КР кайтып келген мигранттарды адаптациялоо жана кесиптик кайра даярдоо программасын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | КР кайтып келген мигранттарды адаптациялоо жана кесиптик кайра даярдоо программасы кабыл алынды | 2024-жыл | ЭСКММ, БИМ, ФМ | |
11. Адам сатууга каршы күрөшүү ТӨМ максаттары: 8.7; 16.2; 16.6. УМС сунуштамалары: 99; 100; 101; 102; 103; 104 | ||||||
76 | КР Министрлер Кабинетинин орто мөөнөттүү мезгилге адам сатууга каршы күрөшүү боюнча программасын кабыл алуу | КР Министрлер Кабинетинин төмөнкүлөр каралган тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө: - адам сатууга каршы күрөшүү боюнча программаларды андан ары ишке ашыруу үчүн компетенттүү органдарга жетиштүү финансылык каражаттарды бөлүү; - адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүүнү бекемдөө; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатында эл аралык институттар менен кызматташууну кеңейтүү | КР Министрлер Кабинетинин орто мөөнөттүү мезгилге адам сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы кабыл алынды | 2023-жыл | ЭСКММ, ИИМ, ТИМ, УКМК | |
12. Теңчилик жана басмырлоого жол бербөө укугу ТӨМ максаттары: 4.5; 4.7; 5.1; 8.5; 10.3; 16.b; 16.1; 16.3; 16.7; 16.10. УМС сунуштамалары: 29; 31; 38; 39; 40; 44; 45; 47; 50; 51; 80; 83; 89; 96; 166; 208; 210; 211; 214; 215; 216; 217 | ||||||
77 | Калк арасында толеранттуулукту өнүктүрүүгө жана этностук азчылыктардын өкүлдөрүнө карата басмырлоонун алдын алууга багытталган үзгүлтүксүз профилактикалык жана маалыматтык иш-чараларды өткөрүү | ЖМКда квартал сайын макалаларды жарыялоо жана тематика боюнча роликтерди көрсөтүү, коомдук ишмерлердин, психологдордун, ИИМдин кызматкерлеринин, ошондой эле аз улуттардын өкүлдөрүнүн катышуусунда радио жана телеберүүлөрдү көрсөтүү. Квартал сайын калкты тартуу менен иш-чараларды, анын ичинде тарбиялык мүнөздөгү иш-чараларды (иш-чаралардын саны жана калкты камтуу пайызы) уюштуруу | Калктын 90%ы толеранттуулукту өнүктүрүү жана этностук азчылыктардын өкүлдөрүнө карата басмырлоонун алдын алуу боюнча маалыматтык өнөктүк менен камтылды | Дайыма | ММСЖСМ, ДИМК, ИИМ | |
78 | Ар кандай азчылык топтордун иш менен камсыз кылуу жана социалдык кызматтар боюнча мамлекеттик программаларга, сот адилеттигине жана зордук-зомбулуктан коргоого жетүүсүнө тоскоолдук кылган барьерлерди жоюу боюнча чараларды көрүү | КР Министрлер Кабинетинин басымдуу азчылыктын тилинде мамлекеттик кызматтарды кепилдүү көрсөтүүнү караган тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө (социалдык кызмат көрсөтүү, саламаттыкты сактоо жана билим берүү) | Бардык жарандар иш менен камсыз кылуу жана социалдык кызматтар боюнча мамлекеттик программаларга, сот адилеттигине жана зомбулуктан коргоого бирдей мүмкүнчүлүккө ээ | 2023-жыл | ЭСКММ, ИИМ, ССМ | |
79 | Бардык азчылык топторунун өкүлдөрүнө карата басмырлоо жана зомбулук актыларын иликтөө жана санкциялоо | Тергөөлөрдү жүргүзүү жана алардын жыйынтыктарына көз салуу (козголгон иштердин жана чыгарылган өкүмдөрдүн саны) | Бардык азчылык топторунун өкүлдөрүнө карата басмырлоо жана зомбулук фактылары 70%га жоюлду | Дайыма | ИИМ, ЖС (макулдашуу боюнча) | |
80 | Жергиликтүү коомчулукта пайда болгон карама-каршылыктарды эрте аныктоо, чыр-чатактарды баштапкы стадияда алдын алуу жана болтурбоо боюнча системалуу иштерди жүргүзүү | Мамлекеттик органдардын, ЖӨБО, жарандык коомдун, азчылык топторунун ортосунда пайда болгон чыр-чатактарга биргелешип жооп кайтаруу үчүн өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу каралган тиешелүү нускамаларды иштеп чыгуу | Борбордук, региондук жана жергиликтүү деңгээлдеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга пайда болуп келе жаткан көйгөйлөргө жооп кайтаруу жана маалымат берүү тартиби иштелип чыкты | Дайыма | ММСЖСМ, ИИМ, КРП ОЫӨ | |
81 | Мамлекеттик кызматчылар, судьялар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн КР эл аралык милдеттенмелерине ылайык басмырлоого жол бербөө жана адам укуктарын бардык азчылык топторунун өкүлдөрүнө карата басмырлоонун бардык формаларынан коргоонун укуктук механизмдерин жана каражаттарын колдонуу принциптери боюнча окутуу семинарларын/тренингдерин өткөрүү | Окутуучу семинарларды/тренингдерди, квалификацияны жогорулатуу курстарын квартал сайын өткөрүү (иш-чаралардын саны жана камтылган адамдардын пайызы) | Окуудан өткөн мамлекеттик кызматкерлердин, судьялардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин 90%ы камтылды | Дайыма | ИИМ, УКМК, БП (макулдашуу боюнча), ЖС САЖМ (макулдашуу боюнча), ММСЖСМ | |
82 | Азчылыктардын укуктарын коргоо жана колдоо боюнча кыйла натыйжалуу стратегияларды жана чараларды иштеп чыгуу үчүн ишенимдүү инструменттерди алуу үчүн өзүн-өзү ыктыярдуу идентификациялоонун негизинде этностук таандыгы, тили жана дини боюнча бөлүштүрүлгөн статистикалык маалыматтарды чогултуу зарылдыгы жөнүндө сунуштарды даярдоо | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | КР Министрлер Кабинетинин этностук таандыгы, тили жана дини боюнча бөлүштүрүлгөн статистикалык маалыматтарды чогултуу боюнча чечим кабыл алынды | 2023-жыл | ЭСКММ, УСК (макулдашуу боюнча) | |
13. Коррупцияга каршы күрөшүү ТӨМ максаттары: 16. УМС сунуштамасы: 76, 98 | ||||||
83 | Мамлекеттик кызматчылар, судьялар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн коррупциялык тобокелдиктер боюнча окуу семинарларын/тренингдерди өткөрүү | Окутуучу семинарларды/тренингдерди квартал сайын өткөрүү (иш-чаралардын саны жана камтылган адамдардын пайызы) | Планды ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча окуудан өткөн мамлекеттик кызматчылардын, судьялардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин 90%ы камтылды | Дайыма | Министрликтер жана ведомстволор, ИИМ, УКМК, ЖС САЖМ (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча), ЖӨБО | |
84 | Бардык деңгээлдерде коррупцияны жоюу максатында кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу | Козголгон иштердин жана кабыл алынган сот чечимдеринин саны боюнча статистикалык маалыматтарды түзүү жана берүү | Бардык деңгээлдерде коррупция фактылары 70%га жоюлду | Дайыма | БП (макулдашуу боюнча), УКМК, ЖС (макулдашуу боюнча), ИИМ | |
85 | Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө административдик ресурсту колдонууга жана шайлоочуларды сатып алууга жол бербөө боюнча КР мыйзамдарын жана укук колдонуу практикасын өркүндөтүү | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө административдик ресурсту колдонууга жана шайлоочуларды сатып алууга жол бербөө боюнча КР мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди | 2024-жыл | БШК (макулдашуу боюнча) | |
86 | Коррупциянын жана кызматтык милдеттерди аткарууда абалын кыянаттык менен пайдалануу коркунучун азайтуу үчүн сотторду жана укук коргоо органдарын видео жана аудио байкоо системалары менен жабдууну улантуу | Республика боюнча соттордун, прокуратуралардын, УКМКнын, ЮМ караштуу ЖАКтын жана ички иштер органдарынын имараттарын күнү-түнү иштөөчү жана жазуучу видео жана аудио байкоо системалары менен жабдуу | Соттордун жана укук коргоо органдарынын имараттары 100%га видео жана аудио байкоо системалары менен жабдылды | 2024-жыл | ЖС (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча), УКМК, ЮМ караштуу ЖАК, ИИМ | |
14. Сот адилеттигин ишке ашыруу ТӨМ максаттары: 16.1; 16.3; 16.6. УМС сунуштамасы: 64; 71; 72; 73; 75 | ||||||
87 | Улуттук соттордо чечимдерди кабыл алууда КР катышуучу болуп саналган укук коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жоболорун тикелей колдонууну жайылтуу | Эл аралык келишимдердин жоболорун улуттук соттордо колдонуу | Судьялар чечим кабыл алууда түздөн-түз эл аралык келишимдерди колдонот | Дайыма | ЖС (макулдашуу боюнча) | |
88 | Судьялар жана прокурорлор үчүн экологиялык кылмыштар, анын ичинде Орхус Конвенциясынын жоболору боюнча куугунтуктоо жана жазалоо потенциалын күчөтүү үчүн окуу семинарларын/тренингдерин өткөрүү | Окутуучу семинарларды/тренингдерди жана квалификацияны жогорулатуу курстарын квартал сайын өткөрүү (иш-чаралардын саны жана камтылган адамдардын пайызы) | Планды ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча окуудан өткөн судьялардын жана прокурорлордун 90%ы камтылды | Дайыма | ЖС САЖМ (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча) | |
89 | Адвокаттардын кесиптик милдеттерин аткарууда көз карандысыздыкты камсыз кылуу | Адвокаттардын өз милдеттерин коркунучтардан, тоскоолдуктардан жана негизсиз кийлигишүүлөрдөн эркин чөйрөдө аткаруусу | Адвокаттардын көз карандысыздыгы камсыздалды | Дайыма | ЮМ, ИИМ, ЖС (макулдашуу боюнча), КР Адвокатурасы | |
90 | Өз убагында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адистештирилген адвокаттардын реестрин кеңейтүү боюнча андан аркы иштерди жүргүзүү | Адвокаттардын реестрин системалык кеңейтүү. ЮМнын расмий онлайн-баракчасында реестрге кирүүнү камсыз кылуу | Өз убагында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлүүдө | Дайыма | ЮМ | |
91 | Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын каржылоо үчүн республикалык бюджеттен жетиштүү каражаттарды бөлүү максатында адвокат көрсөткөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн төлөмдүн өлчөмүн пландуу кайра кароо | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | Адвокаттардын эмгек акысын жогорулатуу боюнча КР Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды | 2024-жыл | ЮМ, ФМ | |
92 | Балдарга байланыштуу соттук программаларды колдоо жана ишке ашыруу | Балдарды, анын ичинде иш боюнча күбө катары өткөн, кылмыш жасоого айыпталган, соттолгон балдарды колдоо, ошондой эле социалдык колдоо чараларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу | Балдарга байланыштуу сот программалары бардык жерде колдонулууда | Дайыма | ЖС (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | |
93 | Жетиштүү финансылык жана техникалык ресурстарды бөлүү менен улуттук соттордун бардык ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча иштерди улантуу | "Сот" АМСти жеткире иштеп чыгуу жана толук кандуу иштетүү. Мында ачкыч сөздөр, мисалы "басмырлоо" боюнча издөөнү жөнөкөйлөтүү максатында каттоо системасын жеткире иштеп чыгуу жана иштерди ЖСтин расмий сайтында жайгаштыруу каралууда. Коомчулукка АМСте жайгаштырылган маалыматка эркин жетүүнү камсыз кылуу | Соттордун ишмердүүлүгү 100%га санариптештирилди | 2024-жыл | ЖС (макулдашуу боюнча), СӨМ | |
94 | Бардык жарандарга эч кандай басмырлоосуз, адилет соттук териштирүүнү жана талаптагыдай процесстик кепилдиктерди берүү | Сот адилеттигин ишке ашырууда соттордун талаптагыдай иштеши үчүн зарыл шарттарды жакшыртуу жана түзүү | Жарандарга адилет соттук териштирүү жана талаптагыдай процесстик кепилдиктер камсыз кылынды | Дайыма | ЖС (макулдашуу боюнча) | |
95 | Эл аралык милдеттенмелерге ылайык камактагыларга гумандуу мамилени камсыз кылуу | Түзөтүү мекемелеринин кызматкерлерин камактагыларга мамиле кылуунун минималдуу стандарттарын жана эрежелерин сактоо боюнча иштелип чыккан окутуу программасына ылайык окутуу иш-чараларын өткөрүү | Камакка алынгандар негизги укуктар менен камсыз кылынды | Дайыма | ИИМ, УКМК, ЮМ караштуу ЖАК, БП (макулдашуу боюнча), КАУБ (макулдашуу боюнча), Акыйкатчынын Аппараты (макулдашуу боюнча) | |
96 | Кылмыш-жаза өндүрүшүнүн бардык баскычтарында адам укуктарын коргоо жана өзүн коргоо үчүн каалаган юристке жардам алуу үчүн кайрылуу укугун камсыз кылуу | Кармалгандарды адвокаттын жардамы менен, анын ичинде зарыл болгон учурда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын алкагында тез арада камсыз кылуу | Кармалгандар юридикалык жардам менен камсыз кылынды | Дайыма | ЮМ, ИИМ, УКМК, БП (макулдашуу боюнча), ЖС (макулдашуу боюнча) | |
97 | Кабарлоонун жана каттоонун укуктук кепилдиктерин практикада системалуу колдонууну камсыз кылуу | Кылмыштардын бирдиктүү реестрине тиешелүү маалыматтарды өз убагында жана толук киргизүү. ИИО кызматкерлери, юристтер үчүн төмөнкүлөр каралган темалар боюнча окуу иш-чараларын өткөрүү (козголгон иштердин жана кабыл алынган соттук чечимдердин саны): - кепилдиктерди берүү маселелери боюнча юристтер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана коомчулук үчүн окутуу-агартуу иш-чараларын өткөрүү; - укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлерине кабарлоону кечиктирүүгө жана каттоо жазууларын бурмалоого жол берилбестиги жөнүндө маалымдоо; - үй-бүлөлөргө кабарлоо берилбеген же каттоо жазуулары бурмаланган бардык учурларды системалуу түрдө текшерүү; - мындай иштер үчүн күнөөлүүлөрдү жазалоо. Кармалган адамдын туугандарын белгиленген мөөнөттө кабарлоо | КБРде 100%дык каттоо жана кармоо тууралуу кабарлоо камсыз кылынды | Дайыма | ИИМ, БП (макулдашуу боюнча), УКМК | |
98 | 2010-жылдан тартып КР түштүк облустарында дайынсыз жоголгон адамдарды издөө боюнча кошумча чараларды көрүү жана сөөктөрдү идентификациялоону аяктоо | Дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча иштерди кайра баштоо. Сөөктөрдү идентификациялоо боюнча иштерди кайра баштоо | Издөө иштер аяктады, сөөктөр идентификацияланды | 2024-жыл | ИИМ, ССМ | |
15. Пикир билдирүү жана чогулуш өткөрүү эркиндиги ТӨМ максаттары: 16.а; 16.1; 16.5; 16.6; 16.10. УМС сунуштамасы: 79; 81; 82; 85; 88; 90; 91; 93; 94; 95; 98 | ||||||
99 | КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | Касташууга, басмырлоого же зомбулук көрсөтүүгө түздөн-түз багытталган сөзгө коргоого алынган белгинин негизинде тыюу салуу үчүн КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине түзөтүүлөрдү киргизүүнү караган тиешелүү КР Мыйзамынын долбоорун демилгелөө | КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди | 2024-жыл | УКМК, ИИМ | |
100 | Укук коргоочуларды жана журналисттерди алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу иштер боюнча, анын ичинде кылмыш-жаза жана жарандык сот өндүрүшү тартибинде негизсиз куугунтуктоодон коргоо боюнча чараларды көрүү | Укук коргоочулардын жана журналисттердин ар-намысын жана кадыр-баркын, ошондой эле ишкердик беделин коргоо боюнча доо-арыз талаптарынын негизинде КР соттору аркылуу акчалай компенсация өндүрүү маселелерин жөнгө салуу боюнча укуктук механизмдерди иштеп чыгуу | Укук коргоочуларды жана журналисттерди негизсиз куугунтуктоо фактылары жок кылынды | Дайыма | БП (макулдашуу боюнча), ИИМ, ЖС (макулдашуу боюнча), Акыйкатчынын Аппараты (макулдашуу боюнча) | |
101 | Тынчтык чогулуштарын өткөрүүдө коомдук тартипти камсыз кылуу | Тынчтык жолугушууларынын жүрүшүндө тынч митингге чыккандардын укуктары жана коомдук тартипти камсыз кылуу жолдору тууралуу республиканын ИИО кызматкерлерин маалымдоо. Тынчтык чогулуштарын өткөрүүдө тартипти камсыз кылуу үчүн ИИО мобилдүү топторун түзүү | Тынчтык жолугушууларын өткөрүүдө коомдук тартип камсыз кылынды | Дайыма | ИИМ | |
102 | Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка жана "Тынч чогулуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тынч чогулуштарды өткөрүү эркиндигине кепилдик берүү | Тынч чогулуштарга укукту камсыз кылуу боюнча ыкчам чара көрүү максатында кабарлоо берүү үчүн онлайн-форманы иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Тынч чогулуштарды өткөрүү жөнүндө кабарлоо тартиби жөнөкөйлөтүлдү | Дайыма | ЖӨБО, ИИМ | |
16. Жарандык коом жана улуттук укук коргоо механизмдери ТӨМ максаттары: 16. УМС сунуштамасы: 27; 58; 59; 63; 97; 98 | ||||||
103 | Улуттук укук коргоонун механизмдерин чыңдоо боюнча конкреттүү жана баалоого мүмкүн болгон чараларды иштеп чыгуу | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | УКМ чыңдоо боюнча КР Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды | 2023-жыл | КАУБ (макулдашуу боюнча), Акыйкатчынын Аппараты (макулдашуу боюнча) | |
104 | Акыйкат башкарууну жана ачык-айкындуулукту колдоодо жарандык коомдун ролун коргоону камсыз кылуу | Мамлекеттин турмушунун бардык аспектилери боюнча жарандык коом менен кызматташууну кеңейтүү | Жарандык коом чечимдерди кабыл алууга катышууда | Дайыма | Акыйкатчынын Аппараты (макулдашуу боюнча) | |
17. Кыйноолорго каршы күрөшүү ТӨМ максаттары: 16.1; 16.3; 16.6. УМС сунуштамасы: 54; 55; 56; 57; 60; 62; 67 | ||||||
105 | БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин КР Үчүнчү мезгилдүү баяндамасына Кыйноолорго каршы комитеттин жоболорун ишке ашыруу боюнча акыркы сунуштарын ишке ашыруу боюнча жаңы Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин акыркы сунуштарын ишке ашыруу боюнча Улуттук иш-аракеттер планы кабыл алынды | 2023-жыл | БП (макулдашуу боюнча), ИИМ, УКМК ЮМ караштуу ЖАК, ССМ, КАУБ (макулдашуу боюнча) | |
106 | Ири, обочолонгон мекемелерди азайтуу жана акырындап жоюунун узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугу боюнча сунуштарды даярдоо | Тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу жана КР Министрлер Кабинетине киргизүү | Стратегияны иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алынды | 2023-жыл | ЮМ караштуу ЖАК, ИИМ, УКМК, ССМ | |
107 | Стамбул протоколуна ылайык, параллелдүү медициналык кызмат көрсөтүүдө медициналык документтер боюнча практикалык колдонмону ишке киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун демилгелөө | Параллелдүү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөгү медициналык документтер боюнча практикалык колдонмо бекитилди | 2023-жыл | ССМ, ЮМ караштуу ЖАК, ИИМ, УКМК | |
108 | Кыйноолорго каршы конвенцияга ылайык камакта кармоонун шарттарын кепилдөө | Жабык жана жарым жабык мекемелердин жайларынын инфраструктурасынын абалына мониторинг жүргүзүү. Мониторингдин жыйынтыгы менен мекемени жабуу же оңдоо маселесин чечүү. ӨЭАлар үчүн № 19 мекеменин экинчи кезектеги жаңы атайын корпусунун курулушун аяктоо жана пайдаланууга берүү. Кайрадан соттолгондордон эркиндигинен ажыратуу жайларына биринчи келген жашы жетпегендерди өзүнчө кармоо үчүн бардык мекемелерде өзүнчө жайларды уюштуруу. Чүй жана Жалал-Абад облустарында кош бойлуу аялдарды жана балдары бар аялдарды кармоо үчүн өзүнчө имараттарды уюштуруу. Кармалган жана соттолгон аялдарга керектүү гигиеналык каражаттарды ай сайын берүү жана медициналык кызмат көрсөтүүлөргө тоскоолдуксуз мүмкүнчүлүк берүү. Аялдардын денесин тинтүүнү өзүнчө бөлмөлөрдө аял кызматкерлер тарабынан гана жүргүзүү. Кармалгандын жеке арызы, адвокаттын, жакын туугандарынын, жубайынын өтүнүчү боюнча камактагы же соттолгон адам ага карата зомбулук, кыйноо же ырайымсыз мамиле кылуу фактылары боюнча көз карандысыз дарыгерге кайрылуу укугун камсыз кылуучу системаны түзүү жана практикага киргизүү | Камакта кармоо шарттары Кыйноолорго каршы конвенцияга ылайык жүргүзүлөт | 2024-жыл | ЮМ караштуу ЖАК, ИИМ, ССМ, ФМ | |
109 | Зордук-зомбулукка жана аялуу камактагыларды стигматизациялоого жол бербөө боюнча камактагылар менен системалуу профилактикалык жана тарбиялык иштерди жүргүзүү | Үзгүлтүксүз лекциялар, жеке жана топтук маектешүүлөр (өткөрүлгөн иш-чаралардын саны жана камактагыларды камтуу пайызы) | Абактагылардын 100%ы зордук-зомбулуктун жана аялуу камактагыларды стигматизациялоонун алдын алуу боюнча маалыматтык өнөктүк менен камтылды | Дайыма | ЮМ караштуу ЖАК, КАУБ (макулдашуу боюнча), Акыйкатчынын Аппараты (макулдашуу боюнча) | |
110 | Кыйноого кабылгандардын сот адилеттигине жетүүсүн камсыздоо | БП, Акыйкатчынын Аппараты жана КАУБ өкүлдөрүнүн гана жетүүсүн камсыз кылуу менен бардык жабык мекемелерде анонимдүү ящиктерди жайгаштыруу. Мында анонимдүү ящиктерди камактагылар үчүн администрация контролдобогон жеткиликтүү жерлерге жайгаштыруу | Кыйноого кабылгандардын анонимдүү арыз жазууга мүмкүнчүлүгү бар | Дайыма | БП (макулдашуу боюнча), ЮМ караштуу ЖАК, ИИМ, УКМК, Акыйкатчынын Аппараты (макулдашуу боюнча), КАУБ (макулдашуу боюнча) | |
111 | Кыйноолор боюнча арыздарды натыйжалуу тергөө жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу | Тергөөлөрдү жүргүзүү жана алардын жыйынтыктары боюнча чараларды көрүү (козголгон иштердин жана чыгарылган соттук чечимдердин саны) | Кыйноо фактылары 90%га кыскарды | Дайыма | БП (макулдашуу боюнча), ИИМ, ЖС (макулдашуу боюнча) | |
112 | КР судьялары үчүн кыйноолордон жана ырайымсыз мамиле жасоодон коргоо жаатында эл аралык стандарттар жана кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасоо фактылары боюнча кылмыш иштерин кароонун эл аралык практикасы боюнча окутуу семинарларын/тренингдерин өткөрүү | Окутуу семинарларын/тренингдерин, квалификацияны жогорулатуу курстарын квартал сайын өткөрүү (өткөрүлгөн иш- чаралардын саны жана камтылган судьялардын пайызы) | Планды ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча окуудан өткөн судьялардын 90%ы камтылды | Дайыма | ЖС САЖМ (макулдашуу боюнча) | |
113 | Укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана ИИМ Академиясынын, юридикалык факультеттердин угуучулары үчүн кыйноолорду жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилени же жазаны колдонууга жол бербөө, ошондой эле КАУБ жана КР Акыйкатчысынын мандаты боюнча окуу семинарларын/тренингдерин өткөрүү | Окутуу семинарларын/тренингдерин, квалификацияны жогорулатуу курстарын квартал сайын өткөрүү (өткөрүлгөн иш-чаралардын саны жана камтылган кызматкерлердин пайызы). ИИМ Академиясынын жана университеттердин юридикалык факультеттеринин программасына окуу модулун иштеп чыгуу жана киргизүү | Планды ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча окуудан өткөн укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин 90%ы камтылды | Дайыма | ИИМ, ЮМ караштуу ЖАК, БП (макулдашуу боюнча), УКМК, БИМ, КАУБ (макулдашуу боюнча) | |
114 | ИИО, ЮМ караштуу ЖАК, УКМКнын бардык жайларында КАУБ жана КР Акыйкатчысынын мандаты боюнча маалымат такталарын жайгаштыруу | Тиешелүү такталарды жайгаштыруу | Бардык нөөмөт бөлүкчөлөрүндө КАУБ жана КР Акыйкатчысынын мандаты боюнча маалымат камтыган такталар жайгаштырылды | Дайыма | УКМК, ИИМ, ЮМ караштуу ЖАК, КАУБ (макулдашуу боюнча), Акыйкатчынын Аппараты (макулдашуу боюнча) | |
115 | Башка өлкөдө кыйноо жана ырайымсыз мамиле кылуу коркунучу же күч менен жоголуп кетүү коркунучу жөнүндө кабар келип түшкөн учурда экстрадициялоодон, депортациялоодон жана чыгарып салуудан баш тартуу | Адамдарды өткөрүп берүүгө (экстрадициялоо, депортациялоо чыгарып жиберүү ж.б.) мониторинг жүргүзүү жана чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тиешелүү мамлекеттик органдардын чечимдерине даттануу мүмкүндүгү боюнча механизмди иштеп чыгуу жана киргизүү (экстрадициялоо, депортациялоо чыгарып жиберүү жөнүндө кабыл алынган жана баш тартылган суроо-талаптардын саны; мажбурлап кайтарылбаган адамдардын саны) | Кыйноо же күч менен жоголуп кетүү коркунучу жөнүндө кабар келип түшкөн учурда экстрадициялоодон баш тартуу | Дайыма | БП (макулдашуу боюнча) | |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЖС | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту |
АКТКЧМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
ДИМК | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы |
БП | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
УБК | - | Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси |
КР | - | Кыргыз Республикасы |
АБЖК | - | Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча конвенция |
БУК | - | Балдар укуктары боюнча комитет |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ЭМЭАК | - | Эмгектенген мигранттар жөнүндө эл аралык конвенция |
ЭЭУ | - | Эл аралык эмгек уюму |
ЖӨБ | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
КАУБ | - | Кыргыз Республикасынын Кыйноолорду жана башка катаал адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча улуттук борбору |
Акыйкатчы | - | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ИИО | - | ички иштер органдары |
КРП ОЫӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ШТП | - | шаар тибиндеги поселок |
ЮМ караштуу ЖАК | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
БУУ АУК | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши |
ОТК | - | оор турмуштук кырдаал |
КЖК | - | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси |
УМС | - | универсалдуу мезгилдүү сереп |
БШК | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ҮМБ | - | үй-бүлөлүк медицина борбору |
ТӨМ | - | Туруктуу өнүктүрүү максаттары |