Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 17-июлу № 428-т
Адам укуктары боюнча иш-чараларды өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 655-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеменин тиркемесинде:
- 51, 52 жана 55-пункттардагы "Ишке ашыруу формасы" графасындагы "жана Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн", "Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана" жана "Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн," деген сөздөр алып салынсын;
- 59-пункттагы "Аткаруучулар" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"БИМ, ЭСКММ, ССМ, ЖӨБО, КАУБ (макулдашуу боюнча), Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл";
- 60-пункттагы "Аткаруучулар" графасы "ЖӨБО" деген аббревиатурадан кийин ", Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл" деген сөздөр менен толукталсын;
- 102-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
102 | Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка жана "Тынч чогулуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тынч чогулуштарды өткөрүү эркиндигине кепилдик берүү | Тынч чогулуштарга укукту камсыз кылуу боюнча ыкчам чара көрүү максатында кабарлоо берүү үчүн онлайн-форманы иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Тынч чогулуштарды өткөрүү жөнүндө кабарлоо тартиби жөнөкөйлөтүлдү | Дайыма | ЖӨБО, ИИМ |
".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |