Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 5-декабры ПТ № 227
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 220 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын;";
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган тескеме менен түзүлгөн кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамында:
курамдан Сыдыков Аскат Шаршекович, Воронцова Ирина Николаевна чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык сотунун судьясы Сабитова Жамиля Сабитовна, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын мыйзамдар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапиянова Маргарита Насаркановна киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |