Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 26-декабры № 695-т
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиктерин жоюу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегинин негизинде коррупциогендик кызмат орундарынын тизмегин аныктасын жана бекитсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги
№ | Мамлекеттик органдын функциялары/кызматтык ыйгарым укуктары* | Коррупциялык тобокелдик | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (нөлдүк, төмөн) | Коррупциялык тобокелдик бир гана органдын ишине тиешелүүбү же анын көрүнүшү бир нече мамлекеттик органдын ишин камтышы мүмкүнбү |
1 | Шаар куруу, долбоордук-изилдөө иштерин, курулуш-монтаждоо иштерин лицензиялоо, курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо жана берилген сертификаттардын жана лицензиялардын реестрин жүргүзүү менен энергетикалык натыйжалуулук жаатындагы адистерди квалификациялык сертификациялоо | Лицензия, сертификат алган жактар менен сүйлөшүп алууларга жол берилгендик; лицензияларды сертификаттарды узартуу, токтотуп туруу жана калыбына келтирүү жөнүндө арыздарды кароодо сүйлөшүп алууларга жол берилгендик; лицензия берүүдөн негизсиз баш тартуу, лицензиялоо субъекттерин текшерүү; лицензиарга карата таасир этүү чараларын мыйзамсыз колдонуу; документтерди толук эмес көлөмдө кабыл алуу; жеке кызыкчылыктардын болушу (кызыкчылыктардын кагылышы) | Кырдаалдык | Жогорку | Бир органдын ишине тиешелүү |
2 | Пайдаланууга киргизилүүчү курулушу бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо; курулушу бүткөн объектке пайдаланууга киргизүү актысын даярдоо, бекитүү жана берүү | Документтерди даярдоодо куруучу менен түздөн-түз байланыштуу; курулушу бүткөн объектке пайдаланууга киргизүү актысын берүүдөн негизсиз баш тартуу; жеке кызыкчылыктардын болушу (кызыкчылыктардын кагылышы) | Системалуу (реалдуу) | Жогорку | Бир органдын ишине тиешелүү |
3 | Долбоордук-сметалык документтерге экспертиза жүргүзүү | Заказчылар менен сүйлөшүп алууларга жол берилгендик; документтердин толуктугуна жана берүү мөөнөтүнө карата заказчыларга ар кандай талаптарды колдонуу мүмкүнчүлүгү, терс корутундуларды берүү | Кырдаалдык | Орто | Бир органдын ишине тиешелүү |
4 | Техникалык корутундуларды жана атайын техникалык шарттарды берүү | Түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алууларга жол берилгендик; документтердин толуктугуна жана берүү мөөнөтүнө карата заказчыларга ар кандай талаптарды колдонуу мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Төмөн | Бир органдын ишине тиешелүү |
5 | Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында көз карандысыз адистерди аккредитациялоо | Компьютерде тестирлөө, аңгемелешүү | Кырдаалдык | Төмөн | Бир органдын ишине тиешелүү |
6 | Уруксат берүүчү шаар куруу документтерин берүү | Ортомчу болуу жана заказчынын кызыкчылыктарын сүрөмөлөө; документтердин толуктугуна жана берүү мөөнөтүнө карата заказчыларга ар кандай ыкмаларды жана талаптарды колдонуу мүмкүнчүлүгү | Кырдаалдык | Орто | Бир органдын ишине тиешелүү |
7 | Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ылайыктуулугун ырастоо боюна иштерди жүргүзүү | Продукцияны сертификациялоого өтүнмөлөрдү кабыл алуудан негизсиз баш тартуу; келишим түзбөстөн, берилген документтер толук эмес болгондо сертификациялоого өтүнмөлөрдү кабыл алуу; сертификациялоо жол-жобосун жүргүзүүнү создуктуруу; сыноолор үчүн сынамдарды тандоонун тууралыгы; аккредитациялоо жаатына кирбеген продукцияны сертификациялоо жүргүзүү | Кырдаалдык | Төмөн | Бир органдын ишине тиешелүү |
8 | Курулуш материалдарына, буюмдарына жана конструкцияларына сыноолорду жүргүзүү | Курулуш материалдарына, буюмдарына жана конструкцияларына жүргүзүлгөн сыноолордун аныктыгы | Кырдаалдык | Төмөн | Бир органдын ишине тиешелүү |
9 | Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, курулуш эрежелеринин жана башка ченемдик документтердин талаптарынын, шаарлардын жана калктуу конуштардын бекитилген башкы пландарынын, курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө иштелип чыккан долбоордук документтердин сакталышына жана колдонулуучу курулуш материалдарынын, конструкцияларынын жана буюмдарынын сапатына мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жана контроль жүргүзүү | Документтерди даярдоодо куруучу менен түз байланышуу, курулушу бүткөн этаптын ылайыктуулугу боюнча негизсиз актыларды түзүү, жазма эскертүүлөрдү бербөө жана тиешелүү чараларды көрбөө, курулушу бүткөн объектке пайдаланууга киргизүү актысын берүүдөн негизсиз баш тартуу, жеке кызыкчылыктардын болушу (кызыкчылыктардын кагылышы) | Системалуу (реалдуу) | Жогорку | Бир нече органдын ишине тиешелүү |
10 | Шаар куруу документтери менен бекитилген негизги чечимдерди ишке ашырууда архитектура жана шаар куруунун аймактык органдарынын ишин контролдоо | Түздөн-түз байланышууда жана белгилүү бир маселелерди чечүүдө сүйлөшүп алууларга жол берилгендик; жеке кызыкчылыктардын болушу (кызыкчылыктардын кагылышы) | Кырдаалдык | Жогорку | Бир органдын ишине тиешелүү |
11 | Мамлекеттик экспертиза жүргүзүүгө долбоордук-сметалык документтерди кабыл алуу | Заказчы менен түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алууларга жол берилгендик | Кырдаалдык | Жогорку | Бир органдын ишине тиешелүү |
12 | Жер участогуна укук берүүгө документтерди даярдоо, жеке турак үйлөргө жанаша жайгашкан аймактарды бекитүү | Заказчы менен түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алууларга жол берилгендик; шаар куруу документтерин даярдоодо заказчынын кызыкчылыктарын сүрөмөлөө | Кырдаалдык | Орто | Бир нече органдын ишине тиешелүү |
13 | Инженердик-техникалык шарттарды - ИТШ (АШКК курамында), ошондой эле өзүнчө архитектуралык-шаар куруу корутундусун (АШКК) иштеп чыгуу, жайларды кайра пландоо жана багытын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундуларды даярдоо, долбоордук документтерди макулдашуу | Заказчы менен түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алууларга жол берилгендик; шаар куруу документтерин даярдоодо заказчынын кызыкчылыктарын сүрөмөлөө, документтерди макулдашуу жана берүү | Кырдаалдык | Орто | Бир нече органдын ишине тиешелүү |
14 | Убактылуу объекттерди (жарнамалык курулмалар, щиттер, кермелер) жайгаштырууга корутундуларды даярдоо жана документтерди макулдашуу | Заказчы менен түздөн-түз байланышууда сүйлөшүп алууларга жол берилгендик | Кырдаалдык | Орто | Бир нече органдын ишине тиешелүү |
15 | Объекттерди куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо боюнча "Бирдиктүү заказчы" функцияларын аткаруу | Башкы подряддык уюмдарды тандоодо манипуляциялоого жол берилгендик | Кырдаалдык | Орто | Бир органдын ишине тиешелүү |
16 | Агенттиктин муктаждыктары үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып салууга тендерлерди өткөрүү жана келишимдерди түзүү | Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн биринин кызыкчылыктарын сүрөмөлөө; тендердин катышуучуларынын тендердик комиссиянын мүчөлөрү менен сүйлөшүп алуу ыктымалы; керектөөлөрдү адекваттуу баалоонун жоктугу; бюджетти жана сатып алуу жол-жоболорун натыйжасын пландоо; эки жактуу кабылдоого мүмкүндүк түзүүчү бүдөмүк, так эмес мүнөздөмөлөр же бир компаниянын продуктусун сыпаттаган мүнөздөмөнү түзүү ж.б. | Кырдаалдык | Төмөн | Бир органдын ишине тиешелүү |
17 | Персоналды кабыл алуу, дайындоо, которуу жана ротациялоо, конкурстар, мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүүгө документтерди тариздөө | Кабыл алууда белгилүү бир жактын кызыкчылыктарын сүрөмөлөө; персоналды дайындоо, которуу, кызмат орду боюнча жылдыруу жана ротациялоо; аттестациянын же конкурстун жыйынтыгына таасир этүү жолу менен белгилүү бир жактын кызыкчылыктарын сүрөмөлөө; мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүүгө документтерди каттоодон негизсиз баш тартуу | Кырдаалдык | Төмөн | Бир органдын ишине тиешелүү |
18 | Түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдө ички аудитти жүргүзүү функциялары | Финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоонун талаптагыдай эмес жүргүзүлүшү; аудиттин жыйынтыктарын манипуляциялоо мүмкүнчүлүгү; аудит объектти менен сүйлөшүп алууларга жол берилгендик; текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча лоялдуу отчетторду даярдоо | Кырдаалдык | Орто | Бир органдын ишине тиешелүү |
19 | Объекттердин курулушуна мониторинг жүргүзүү | Кызыкчылыктардын кагылышы; керектөөлөрдү адекваттуу баалоонун жоктугу, бюджетти жана сатып алуу жол-жоболорун натыйжасыз пландоо | Кырдаалдык | Жогорку | Бир органдын ишине тиешелүү |
20 | ТШ берүү тартибин жөнгө салуучу ЧУАда укуктук карама-каршылыктарды жана кайталанган жоболорду четтетүү, куруучуларга карата монополиялык басымды кыскартуу | Кошулуу түйүнүн жана кошулуу түйүнүнө чейин алып салуу ченемин белгилөө менен кошулууга чыгымдарды манипуляциялоого мүмкүндүк берген инженердик кызматтардын субъективдүү иш-аракеттери | Потенциалдуу | Орто | Бир нече органдын ишине тиешелүү |