Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 16-декабры № 681-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2022-жылдын 31-октябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Биргелешкен холдинг компаниясын түзүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 681-т тескемеси менен жактырылган |
2022-жылдын 31-октябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Биргелешкен холдинг компаниясын түзүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 579-т тескемеси менен жактырылган 2022-жылдын 31-октябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Биргелешкен холдинг компаниясын түзүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашууга ылайык тараптар тарабынан экономиканын ар кандай секторлорундагы инвестициялык долбоорлорду каржылоо аркылуу Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында Биргелешкен холдинг компаниясы түзүлөт.
Компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген экономиканын бардык тармактарында долбоорлорду "нөлдөн" баштап каржылоо, токтоп турган ишканаларды кайра иштетүү, иштеп жаткан ишканалардын капиталына кирүү, зайымдарды берүү аркылуу коммерциялык бизнес-долбоорлорго инвестициялоону жүзөгө ашырат.
Тараптардын ар бири акционердик капиталдын 50%на ээлик кылат. Уставдык капитал 100 млн. АКШ долларын түзөт жана компания 1,2 млрд. АКШ долларына чейин инвестицияларды тарта алат. Төлөнгөн капитал компанияны алгачкы жолу түзүү үчүн уставдык капиталдын 5%ын түзөт.
Мында Кыргыз Республикасынын салымы Абу-Даби өнүктүрүү фонду тарабынан өзүнчө кредиттик макулдашууда айтылган шарттарда төлөнүшү мүмкүн.
Директорлор кеңеши беш мүчөдөн турат, мында Абу-Даби өнүктүрүү фонду эмират тараптан үч мүчөнү жана кыргыз тараптан эки мүчөнү дайындайт. Абу-Даби өнүктүрүү фонду Кеңештин төрагасын дайындайт, ал эми Кеңештин төрагасынын орун басары кыргыз тараптан сунушталат.
Директорлор кеңеши күнүмдүк ишти жүргүзүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү издөө үчүн жооп бере турган көз карандысыз жетекчиликти дайындашы керек. Компаниянын башкы директору түздөн-түз компаниянын Директорлор кеңешине баш иет жана эки тараптын тең макулдугу менен дайындалат.
Компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык түзүлөт жана башкарылат. Компания эл аралык укуктун субъекти катары эл аралык укук жөндөмүнө ээ болот.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен уставдык капиталдын 2,5 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү баштапкы суммасын каржылоону карайт.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.