КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 690-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 30-декабры № 705-т
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясын, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 7-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
2023-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгектик иш-аракетти жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота
Региондор | Экономика тармактары (адамдардын саны) | Бардыгы | ||||||
Өнөр жай, транспорт, коммуникациялар жана курулуш | Айыл чарбасы, кайра иштетүүчү өнөр жай | Энергетика, геологиялык чалгындоо жана тоо кен казуу өнөр жайы | Соода, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү, коомдук тамактануу жана башка экономикалык иш | Саламаттык сактоо, билим берүү, илим, маданият жана искусство | Кредит берүү, банк сектору, камсыздандыруу | |||
Бардыгы | Анын ичинде жеке ишкердик иш | |||||||
Баткен облусу | 250 | 20 | 130 | 20 | 5 | 30 | 5 | 455 |
Жалал-Абад облусу | 1620 | 25 | 1530 | 100 | 10 | 120 | 5 | 3400 |
Ысык-Көл облусу | 150 | 20 | 100 | 20 | 0 | 50 | 5 | 345 |
Нарын облусу | 250 | 20 | 150 | 20 | 0 | 30 | 5 | 475 |
Ош облусу | 450 | 30 | 450 | 200 | 130 | 20 | 5 | 1155 |
Талас облусу | 100 | 15 | 15 | 20 | 0 | 30 | 5 | 185 |
Чүй облусу | 1300 | 140 | 460 | 155 | 5 | 140 | 5 | 2200 |
Бишкек шаары | 3000 | 120 | 500 | 2700 | 775 | 1500 | 30 | 7850 |
Ош шаары | 200 | 20 | 20 | 150 | 30 | 150 | 5 | 545 |
Республика боюнча бардыгы | 7320 | 410 | 3355 | 3385 | 955 | 2070 | 70 | 16610 |