Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 30-декабры № 831
Кыргыз Республикасынын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоо, пайдаланууга жол берүү жана жол кыймылына катышуу үчүн алып кирүүгө мурда киргизилген тыюу салууну алып салууга байланышкан маселелерди ар тараптуу изилдөө максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2023-жылдын 10-февралына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоо, пайдаланууга жол берүү жана жол кыймылына катышуу үчүн алып кирүүгө мурда киргизилген тыюу салууну алып салууга байланышкан маселелерди изилдесин жана жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына тиешелүү сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери ведомстволор аралык комиссиянын суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты ыкчам тартипте берсин жана анын ишине көмөк көрсөтсүн.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоо, пайдаланууга жол берүү жана жол кыймылына катышуу үчүн алып кирүүгө мурда киргизилген тыюу салууну алып салууга байланышкан маселелерди изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Усенбекова Айнура Доктурбаевна | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Урмамбетов Октябрь Джолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Аскарова Зарема Аликовна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары; |
Суйналиев Руслан Мырзабекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары; |
Артыкбаев Айбек Мухтарович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Досалиев Акуналы Атамырзаевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Маметов Медетбек Раимбердиевич | - | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары; |
Маралбаев Марат Мелисбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары - Башкы штабдын начальниги; |
Салиев Алмаз Абдылдаевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары. |