Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 10-январы № 3
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 358 "Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын аткарылышын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коомунун акцияларынын 72,78% мамлекеттик пакетинин 2007-жылдын 30-мартындагы № 75 сатып алуу-сатуу келишими боюнча милдеттенмелердин "Урал Платина Холдинг" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан аткарылышын изилдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия бир айлык мөөнөттө:
- "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коомунун акцияларынын 72,78% мамлекеттик пакетинин 2007-жылдын 30-мартындагы № 75 сатып алуу-сатуу келишими боюнча "Урал Платина Холдинг" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жана 2008-жылдын 28-ноябрындагы укуктарды (талаптарды) кайтаруу жана карызды которуу келишимине ылайык андан ары "Udox Investments Inc." компаниясы тарабынан келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын изилдесин;
- 2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2616 90 000 0 коду менен классификацияланган) Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуунун мүмкүн болуучу натыйжаларын изилдесин;
- "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн бардык алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн изилдесин;
- ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча тиешелүү сунуштарды жана андан аркы иш-аракеттердин жол картасынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчилигине киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу комиссияга белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле анын иши үчүн зарыл болгон материалдарды жана документтерди суроого укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жана тартылган мамлекеттик органдарга жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Тиркеме |
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын курамы
Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасы; |
Туманов Алмазбек Жаныбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин директору - министрдин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Бакиров Мирлан Исакбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы; |
Суйналиев Руслан Мырзабекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары; |
Барыктабасов Алмаз Арстанбекович | - | "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча); |
Муратов Элеман Назарович | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Калдарбеков Элдияр Султанович | - | "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Примов Алмазбек Абдыакимович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти; |
Бугубаев Замир Айдаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мүлктүк мамилелер башкармалыгынын начальниги. |