Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 21-январы № 18-т
Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин. '
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,
өнөр жайды өнүктүрүүгө дем берүү жана анын туруктуулугун өнүктүрүү, чарба жүргүзүүчү субъекттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын түшүнүү менен,
Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча долбоорду ишке ашырууда өз ара укуктарды жана милдеттерди жөнгө салуу максатында жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган өз ара кызыкчылыкты эске алуу менен,
Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык, рыноктук экономиканын принциптеринин негизинде төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду (мындан ары - Долбоор) ишке ашыруу ушул Макулдашуунун предмети болуп саналат.
2-берене.
1. Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында автотранспорт каражаттарын чыгарууну уюштурууга жана бул ишке зарыл колдоону көрсөтүүгө даяр экендигин ырастайт.
2. Ушул Макулдашуунун негизинде Долбоорду ишке ашырууга кызыкдар чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда өзүнчө келишимдер/контракттар түзүлөт, алар Долбоордун алкагында биргелешкен иштин объектин, өндүрүштү уюштуруунун этаптарын жана мөөнөттөрүн, автомобиль жана коммерциялык техниканын моделдик тизмегин, эки жактуу милдеттенмелерди, Долбоордун техникалык параметрлерин жана башка шарттарды аныктайт.
3-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун координациялоо жана ишке ашыруу үчүн Тараптардын жооптуу ыйгарым укуктуу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлиги.
4-берене.
1. Тараптар эки өлкөнүн төмөнкү чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосунда Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашты:
"Узавтосаноат" акционердик коому - өзбек тараптан;
"ДТ Техник" жоопкерчилиги чектелген коому жана "Нур" ачык акционердик коому - кыргыз тараптан.
2. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүдөй жеңилдиктерди жана өзгөчө жеңилдиктерди берүүгө көмөк көрсөтөт:
а) автотранспорт каражаттарын чыгаруу үчүн арналган машина комплекттерин импорттоодо жана ата мекендик автотранспорт каражаттарын сатууда ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып 120 күндүн ичинде КНС төлөөдөн бошотуу;
б) ата мекендик өндүрүштөгү автотранспорт каражаттарын алгачкы каттоодо ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып 120 күндүн ичинде керектөөчүлөрдү жыйым төлөөдөн бошотуу;
в) ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып 120 күндүн ичинде Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин талаптарына ылайык автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарууда жөнөкөйлөтүлгөн сертификаттоону киргизүү;
г) автотранспорт каражаттарын чыгаруу үчүн ташылып келүүчү машина комплекттерин (SKD (ири түйүндүү чогултуу) комплекттерди, автокомпоненттерди жана бөлүктөрдү) ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып 120 күндүн ичинде бажы алымдарынан бошотуу;
д) ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып 120 күндүн ичинде ата мекендик өндүрүштөгү автотранспорт каражаттары үчүн колдонуудагы мыйзамдардын алкагында мамлекеттик сатып алууларда өзгөчө жеңилдиктер;
е) ата мекендик автомобиль чыгаруучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү менен SKD биринчи этабы башталган датадан тартып SKD экинчи жылында утилдештирүү жыйымын киргизүү;
ж) банк кредиттеринин линиясы боюнча ата мекендик өндүрүштөгү автотранспорт каражаттарын автокредиттөөгө финансылык ресурстарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка финансылык ресурстарды кыйла алгылыктуу шарттарда бөлүү;
з) 2023-жылдын 1-январынан тартып импорттолуучу автотранспорт каражаттарын алгачкы каттоо үчүн жыйымдын өлчөмүн жогорулатуу.
3. Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү Долбоорду сапаттуу жана өз убагында ишке ашырууга ар тараптуу жардам көрсөтөт, анын ичинде алдынкы өзбек компаниялары тарабынан техникалык жана консультациялык колдоону тартуу менен Кыргыз Республикасынын резидент-өндүрүүчүлөрүнө автомобиль техникасын натыйжалуу жана сапаттуу чогултууну уюштуруу үчүн жардам берет.
5-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттеринин алар катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдеринен келип чыккан укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
6-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө же колдонууга байланышкан пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
7-берене.
Зарыл болгон учурда Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
8-берене.
Ушул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу эки (2) жылга түзүлөт. Эгерде Тараптардын бири дагы экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу өз ниетин билдирбесе, ал автоматтык түрдө кийинки бир жылдык мезгилге узартылат.
Ушул Макулдашуунун колдонулушу Тараптардын бири экинчи Тараптын анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн дипломатиялык каналдар аркылуу алган датадан тартып алты (6) ай өткөндөн кийин токтотулат.
2023-жылдын "___" январында ____________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
______________________________________________ |
| ________________________________________ |