Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 19-январы № 13-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мүлкүн сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 184-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Мамлекеттик имараттар департаменти" мамлекеттик ишканасы өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |