Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-январындагы № 13-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 3-июну № 184-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык, "Бириккен элдик кошуундар" коомдук бирикмесинин ишине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана зарыл шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 "А" жана Киев көчөсү, 96 "Б" даректеринде жайгашкан мамлекеттик имараттардагы жалпы аянты 940,0 кв. метр болгон жер төлө жайларын коммуналдык кызмат акысын жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен беш жылдык мөөнөткө бекер пайдалануу келишиминин шарттарында "Бириккен элдик кошуундар" коомдук бирикмесине белгиленген тартипте берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июлундагы № 332-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |