Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 1-февралы № 49
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.А.Айжигитов, Н.К.Кадырбеков, З.Д.Мамасадыков, В.К.Раимбачаева, Д.А.Ашимова, Н.Т.Шакиев, М.А.Маматалиев, Д.Э.Толонов, М.О.Темирбаева, А.К.Малиев, Ж.П.Нурбаев, Ч.И.Ажибаев, А.А.Айдаров, Н.Я.Алимжанова, А.К.Абдибаева, А.Т.Маткеримов, Исатбек кызы Аида, Р.Ш.Жакышов жана Э.Э.Жамгырчиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-февралындагы № 49 тескемеси менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары С.А.Айжигитов, Н.К.Кадырбеков, З.Д.Мамасадыков, В.К.Раимбачаева, Д.А.Ашимова, Н.Т.Шакиев, М.А.Маматалиев, Д.Э.Толонов, М.О.Темирбаева, А.К.Малиев, Ж.П.Нурбаев, Ч.И.Ажибаев, А.А.Айдаров, Н.Я.Алимжанова, А.К.Абдибаева, А.Т.Маткеримов, Исатбек кызы Аида, Р.Ш.Жакышов жана Э.Э.Жамгырчиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасындагы стратегиялык пландоонун укуктук негиздерин, мамлекеттик жана муниципалдык стратегиялык башкарууну жана бюджеттик саясатты координациялоону, республикалык мамлекеттик бийлик органдарынын, региондордогу (облус, район) мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана анын стратегиялык пландоо чөйрөсүндө коомдук, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү тартибин белгилейт деп сунушталууда.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында "бюджеттик саясат", "республикалык мамлекеттик бийлик органдары", "региондордогу (облус, район) мамлекеттик бийлик органдары" деген түшүнүк жок экендигин белгилөө зарыл.
Мыйзам долбоорунун 3-беренеси менен түшүнүктөр аппаратын кароо сунушталууда.
Алсак, "муниципалдык башкаруу", "аткаруу бийлигинин борбордук органынын иш планы", "муниципалдык түзүм", "муниципалдык программа", "мамлекеттик бийлик" деген терминдер сунушталууда.
Ушуну менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салына тургандыгын белгилейбиз.
Бирок Мыйзамдын колдонуудагы редакциясында бул терминдер колдонулбайт.
Аталган Мыйзамдын 17-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү коомдоштуктун жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өз кызыкчылыктарындагы жана өз жоопкерчилигиндеги өз алдынча ишмердүүлүгү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү коомдоштуктар тарабынан өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары аркылуу, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Аталган Мыйзамдын 2-беренесине ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрация райондо аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат. Жергиликтүү мамлекеттик администрация - Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине баш ийген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы, ал тиешелүү аймакта аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн макулдашылган ишин камсыз кылат, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат жана өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын аткарылышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат.
Белгилей кетүүчү нерсе, Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 23-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу" деген базалык түшүнүк Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн 38-1-пунктунда көрсөтүлгөн түшүнүккө ылайык келбейт.
Мыйзам долбоорунун 7-беренеси менен стратегиялык пландоонун негизделген принциптерин белгилөө сунушталат.
Сунушталган принциптер Мыйзам долбоорунун тексти боюнча аларды ишке ашырууну камсыз кылуучу ченемдер-механизмдер түрүндө ачылып берилүүгө тийиш. Ушуга байланыштуу негиздеме-маалымкатта аларды ишке ашыруунун ар бир принциби жана механизми боюнча маалыматты чагылдырууну сунуштайбыз.
Ошону менен бирге Мыйзам долбоорунун 7-беренеси (принциптери), 8-беренеси (милдеттери), 39-беренеси (стратегиялык пландоо документтеринин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн максаттары жана милдеттери), 40-беренеси (стратегиялык пландоо документтеринин ишке ашырылышын контролдоо милдеттери декларативдүү мүнөзгө ээ жана конкреттүү укуктук мамилелерди жөнгө салбайт) сыяктуу беренелерин белгилейбиз.
Аталган беренелерди аткаруу тиешелүү тармактык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат жана механизмдерди бекитпестен аталган беренелер толук ишке ашырылбайт.
Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 1-бөлүгүндө республикалык деңгээлде стратегиялык пландоонун катышуучуларынын тизмесин бекитүү сунушталат. Ошентип катышуучулар катары аткаруу бийлигинин республикалык органдарын да аныктоо каралган.
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Министрлер Кабинети Президентке баш ийген жана отчет берген аткаруу бийлигинин жогорку коллегиялуу органы болуп саналат.
Ушуга байланыштуу сунушталган Мыйзам долбоорундагы терминдер жогоруда аталган Мыйзамдын терминологиясына дал келбейт.
Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча "макрорегиондор", "аткаруу бийлигинин республикалык органы", "региондордогу мамлекеттик бийликтин жогорку аткаруу органы", "муниципалдык билим берүү" деген терминдер боюнча ушундай эле сын пикирлер бар.
Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы республикалык деңгээлде стратегиялык пландоонун катышуучусу катары аныкталган, ошондой эле Мыйзам долбоорунун 10-беренесинин 5-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык стратегиялык пландоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык стратегиялык пландоо чөйрөсүндө башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат деп каралган.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренесине ылайык Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, бюджеттен тышкаркы каражаттардын аткарылышына, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышына аудит жүргүзөт. Мында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 110-беренесине ылайык Эсептөө палатасынын ишин уюштуруу жана анын тартиби конституциялык Мыйзам менен аныкталат.
Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 3-бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле муниципалдык ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда муниципалдык уюмдар муниципалдык түзүмдүн деңгээлинде стратегиялык пландоонун катышуучулары болуп саналат деп белгилөө сунушталат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык ченемдик укуктук акт - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган), укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 4-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтомдору - өздөрүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан өз компетенциясынын чегинде, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынуучу жана тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ болуучу ченемдик укуктук актылар.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында "муниципалдык ченемдик укуктук акт" деген түшүнүк жок болгондуктан, аталган Мыйзамдын терминологиясын колдонуу зарыл.
Мындан тышкары, 7-берененин 8-бөлүгү, 9-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 10-берененин 8-бөлүгү, 32-берененин 2-бөлүгү, 33-берененин 4-бөлүгүнүн 7-пунктчасы, 33-берененин 7-пункту, 34-берененин 3-бөлүгүнүн 5-пунктчасы, 34-берененин 4, 5 жана 6-бөлүктөрү, 35-берененин 3-бөлүгү, 36-берененин 1, 2 жана 4-бөлүктөрү, 39-берененин 4-бөлүгүнүн 2-пунктчасы, 43-берененин 5 жана 6-бөлүктөрү "мамлекеттик бийликтин жогорку аткаруу органы" деген сөздөрдү караштырат.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясында "мамлекеттик бийлик органдары", "аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары" жана "аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери" деген терминдер колдонулат. Бирок "мамлекеттик бийликтин жогорку аткаруу органы" жана "жогорку кызмат адамы" деген сөздөр каралган эмес.
Мыйзам долбоорунун 10-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши стратегиялык пландоо чөйрөсүндө мыйзамдык жөнгө салууну, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишинин негизги багыттарын талкуулайт деп белгилөө сунушталат.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.
Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 15-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө жана 16-беренесинин 3-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин трибунасынан" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин трибунасы аркылуу" элге ар жылдык кайрылуусу деп көрсөтүлгөн.
Бирок Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту Президент элге, Жогорку Кеңешке, Элдик Курултайга өлкөдөгү абал жана мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары боюнча жыл сайын кайрылуу жасайт деп белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясында "трибуна" деген соз каралган эмес.
Мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 4-бөлүгүндө стратегиялык пландоо документтеринин негизги жоболору жөнүндө маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, алардын долбоорлору стратегиялык пландоо документин иштеп чыгууга жооптуу органдын расмий сайтында, ошондой эле "Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында стратегиялык пландоонун жалпыга жеткиликтүү маалыматтык ресурсунда жайгаштырылууга тийиш деп белгилөө сунушталат.
Ошону менен бирге, эгерде стратегиялык пландоо актылары тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен бекитилсе, анда тиешелүү түрдө аларга "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аларды иштеп чыгуу, коомдук талкуулоо, макулдашуу жана бекитүү жол-жоболору бөлүгүндөгү талаптары жайылтылат.
Мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 3-бөлүгүндө стратегиялык пландоонун республикалык маалыматтык тутумунун иштөө тартиби, технологиялык жана лингвистикалык каражаттарга талаптар, анын ичинде маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу процесстерин автоматташтырууну камсыз кылуу боюнча талаптар жана республикалык маалыматтын маалыматтык өз ара аракеттенүү тартиби башка маалыматтык тутумдар менен стратегиялык пландоо тутуму Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет деп белгилөө сунушталат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш экендигин белгилей кетүү керек.
Ошону менен бирге, каралып жаткан Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдырылган эмес.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкатты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына тиешелүү түзөтүүлөрдү иштеп чыгуу же киргизүү зарылдыгы жөнүндө маалыматтар менен толуктоону сунуштайбыз.
Ушундай эле эскертүүлөр Мыйзам долбоорунун 12, 16, 20, 21, 22, 24, 26, 27, 28, 31, 32, 41-беренелерине берилет.
Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 3-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү документтердин көз карандысыз экспертизасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырлар жөнүндө мыйзамдарда каралган чектөөлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат деп белгилөө сунушталууда.
Бул жерде мындай экспертизаны жүргүзүүнүн максаттарын жана критерийлерин жана мындай экспертизаны жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу субъекттерди тактоо керек.
Мыйзам долбоорунун 23-беренесинин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын стратегиялык болжолу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан он жана андан ашык жылга иштелип чыгат" деп сунушталууда.
Бирок Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 2-беренесинин 40-1-пунктунда "Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоо тутуму - орто мөөнөттүү (3 жылдан 5 жылга чейин), узак мөөнөттүү (10 жыл жана андан көп) мезгилдерге өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуучу принциптерден, документтерден, процесстерден жана мамлекеттик болжолдоонун катышуучуларынан турган өз ара байланышкан элементтердин жыйындысы" деп көрсөтүлгөн.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 24-беренесинде Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү болжолун иштеп чыгуу каралган.
Бирок Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 81-1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун иштеп чыгуусу башка тартипте каралганын белгилейбиз.
Жалпысынан Мыйзам долбоорунун текстинде берилген түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган түшүнүктөргө карама-каршы келгенин белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун 28-беренесинин 6-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программалары Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет деген ченем сунушталууда. Бирок Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси мамлекеттик программаны бекитүүнү жөнгө салуучу ченемдерди камтыбайт.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун көрсөтүлгөн беренесинин 8-бөлүгү менен бул ченемдер курал-жарак мамлекеттик программасына жайылтылбайт деп белгилөө сунушталган.
Бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында курал-жарак мамлекеттик программалары жөнүндө жоболор жок, ушуга байланыштуу кайсыл программа тууралуу сөз жүрүп жатканын тактоону сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 29, 30, 36, 37, 38-беренелеринде ушундай сын пикирлер бар.
Мыйзам долбоорунун 44-беренеси менен стратегиялык пландоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларды бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, жарандык жана административдик жоопкерчилик тартышат деп белгилөө сунушталган.
Алсак, "мыйзамдар" деген түшүнүк жалпыланган түшүнүк болуп саналат жана кеңири чечмелөөгө мүмкүндүк берүүчү бүдөмүк мүнөзгө ээ. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мыйзамдар - коомдук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын жыйындысы, ал эми ченемдик укуктук акт - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган), укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ деп түшүндүрүлөт.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготкондугун белгилөө зарыл.
Андан тышкары, Мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына ылайык келбейт, анткени коомдук талкуулоо маселеси такталган эмес.
Алсак, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкуулоого жатат. Жыйынтык маалымат ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдырылат.
Ошону менен бирге Мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан редакциясы Россия Федерациясынын 2014-жылдын 28-июнундагы № 172-ФЗ "Россия Федерациясында стратегиялык пландоо жөнүндө" Федералдык Мыйзамынын ченемдерин кайталайт.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык мыйзам - белгиленген тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана тиешелүү чөйрөдөгү абдан маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66-беренесине ылайык Президент мамлекет башчысы, жогорку кызмат адамы жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин жетектейт.
Президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт. Мамлекеттик бийликтин биримдигин, мамлекеттик органдарды координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети экономикалык, социалдык, илимий-технологиялык, руханий жана маданий өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3 жана 7-пункттарына ылайык Министрлер Кабинети:
- улуттук программаларды иштеп чыгат жана Президентке бекитүүгө киргизет жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылат;
- социалдык-экономикалык чөйрөдө, жаштар саясаты, маданият, искусство, туризм, спорт, илим, интеллектуалдык менчик, билим берүү, саламаттык сактоо, эмгек, ишке орноштуруу жана миграция, этностор аралык мамилелер, балдарды коргоо жана гендердик теңдик, социалдык камсыз кылуу, жаратылышты коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайдалануу, жер ресурстарын башкаруу жапа жер мамилелерин жөнгө салуу; архитектура, шаар куруу жана курулуш иши, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, статистика, мамлекеттик тилди, тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана башка чөйрөлөрдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты аткарууну камсыз кылат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде өлкөнү өнүктүрүүнү стратегиялык башкарууну жана пландоону Кыргыз Республикасынын Президенти аныктай тургандыгын, ал эми аталган стратегиянын аткаруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналарын белгилейбиз.
Өлкөнү өнүктүрүүнү стратегиялык башкаруу жана пландоо процессин иретке келтирүү, мамлекеттик стратегиялык документтерди кабыл алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-октябрындагы № 349 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартиби жөнүндө" Жарлыгы менен Тартип бекитилген, ал Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу процессинин катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн мамилелерди жөнгө салат жана мамлекеттик стратегиялык башкаруунун алкагында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоонун укуктук негиздерин белгилейт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан сунушталган Мыйзам долбоорунун жоболорун Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-октябрындагы № 349 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартиби жөнүндө" Жарлыгынын жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен кайрадан карап чыгуу мүмкүндүгүн карап көрүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт.