Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 25-январы № 25-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Балдардын жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2024-жылдарга иш-чаралар планы (мындан ары - План) 1-тиркемеге ылайык;
2) Планды ишке ашыруу боюнча бюджет 2-тиркемеге ылайык;
3) Планды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- Планды белгиленген мөөнөттө ишке ашыруу боюнча конкреттүү чараларды көрсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Планды аткаруу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жалпылоо үчүн берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин Планды сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Балдардын жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2024-жылдарга ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Өнөктөштөр | Бюджет (булак) |
I. Балдардын жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү | |||||||
1 | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 172, 173, 174, 178-беренелери боюнча жазык иштерин кароодо укук колдонуу практикасына мониторинг жүргүзүү (тергөө стадиясында жана сотто) | ЧУАга мониторинг жүргүзүү | 2023-2024-жылдар | - Аналитикалык отчет; - колдонуудагы КР КЖКга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштамалардын пакети | ИИМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
II. Балдардын жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо жана алдын алуу | |||||||
2.1. Нике курагын бузуу боюнча мыйзамдарды ишке ашыруучу субъекттердин потенциалын жогорулатуу | |||||||
2 | Балдардын жана мажбурлап никеге туруунун кесепеттери жөнүндө, жазалар, элдешүүнүн жоктугу жөнүндө түшүндүрмөлөрдү камтыган маалыматтык материалдарды жана социалдык роликтерди даярдоо | Буклеттерди, социалдык роликтерди иштеп чыгуу | 2023-жылдын 1-жарым жылдыгы | Балдардын жана мажбурлап никеге туруунун алдын алууда колдонуу үчүн маалыматтык материалдар жана социалдык роликтер даярдалды | ЭСКММ, ИИМ, БИМ, ММСЖСМ, ССМ | ЮНИСЕВ | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
3 | ИИО кызматкерлерин, анын ичинде онлайн-курстар аркылуу төмөнкү иштер боюнча процессуалдык-укуктук жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө окутуу: - никеге туруу максатында адам уурдоо боюнча; - баланы иш жүзүндө никелик катнашка турууга мажбурлоо боюнча; - диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүдө никеге туруу курагы боюнча мыйзамдарды бузуу учурлары тууралуу | Окуу тренингдерин/семинарларын өткөрүү | 2023-жылдын 1-жарым жылдыгы, 2024-жылдын 1-жарым жылдыгы | ИИО кызматкерлери окутулду | ИИМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
4 | Социалдык педагогдорду, анын ичинде онлайн-курстар аркылуу балдардын жана мажбурлап никеге туруу учурларынын алдын алуу, аныктоо жана коштоп жүрүү боюнча иштердин өзгөчөлүктөрүнө окутуу | Окуу тренингдерин/семинарларын өткөрүү | 2023-жылдын 1-жарым жылдыгы, 2024-жылдын 1-жарым жылдыгы | Социалдык педагогдор окутулду | БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭСКММ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
5 | Диний лидерлерди, анын ичинде онлайн-курстар аркылуу, кыздардын укуктарын ишке ашыруу, гендердик зомбулуктан, анын ичинде балдардын жана мажбурлап никеге туруудан коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негиздери боюнча окутуу | Окуу тренингдерин/семинарларын өткөрүү | 2023-жылдын 1-жарым жылдыгы, 2024-жылдын 1-жарым жылдыгы | Диний лидерлер окутулду | ДИМК | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
6 | Медицина кызматкерлерин, анын ичинде онлайн-курстар аркылуу өспүрүмдөрдүн кош бойлуулуктары жана медициналык жардам көрсөтүүдө балдардын жана мажбурлап никеге туруу фактылары аныкталган учурлар боюнча иштөөнүн укуктук жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө окутуу | Окуу тренингдерин/семинарларын өткөрүү | 2023-жылдын 1-жарым жылдыгы, 2024-жылдын 1-жарым жылдыгы | Медицина кызматкерлери окутулду | ССМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
7 | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция боюнча аймактык башкармалыктардын кызматкерлерин жана социалдык кызматкерлерди, анын ичинде онлайн-курстар аркылуу балдарды жана мажбурлап никеге туруу учурларынын алдын алуу, аныктоо жана коштоо боюнча иштердин өзгөчөлүктөрүнө окутуу | Окуу тренингдерин/семинарларын өткөрүү | 2023-жылдын 1-жарым жылдыгы, 2024-жылдын 1-жарым жылдыгы | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция боюнча аймактык башкармалыктардын кызматкерлери жана социалдык кызматкерлер окутулду | ЭСКММ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
8 | "111" ишеним телефонунун операторлорун балдардын жана мажбурлап никеге туруу боюнча кайрылуулар менен иштөөнүн укуктук жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө окутуу | Окуу тренингдерин/семинарларын өткөрүү | 2023-жылдын 1-жарым жылдыгы, 2024-жылдын 1-жарым жылдыгы | "111" ишеним телефонунун операторлору окутулду | ЭСКММ, ССМ, ИИМ, БИМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Бекитилген бюджеттин чегинде |
9 | ЖМК өкүлдөрүн, анын ичинде онлайн-курстар аркылуу, балдардын жана мажбурлап никеге туруу фактыларын маалыматтык чагылдыруунун укуктук жана этикалык өзгөчөлүктөрүнө окутуу | Окуу тренингдерин/семинарларын өткөрүү | 2023-жылдын 1-жарым жылдыгы, 2024-жылдын 1-жарым жылдыгы | ЖМК өкүлдөрү окутулду | ММСЖСМ, ЭСКММ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
2.2. Кыргыз Республикасынын нике мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө калкка маалымдоо жана нике курагына жете элек адамдар менен никеге турууга жана мажбурлап никеге турууга жол бербөө маданиятын жайылтуу | |||||||
10 | Балдардын, мажбурлап никеге туруу жана "ала качуу" фактыларынын алдын алуу жана чара көрүү боюнча иш-чараларды райондук аймактык мамлекеттик органдардын пландарына киргизүү | Нике курагына жете элек адамдар менен никеге туруу учурларынын алдын алуу жана чара көрүү боюнча иш-чараларды камтыган иш пландарын иштеп чыгуу | 2023-жылдын 1-кварталы, 2024-жылдын 1-кварталы | - Балдардын жана мажбурлап никеге туруу учурларынын алдын алуу жана чара көрүү боюнча иш-чараларды камтыган иш пландарынын болушу; - балдардын жана мажбурлап никеге туруу учурларынын алдын алуу жана чара көрүү | ИИМ, ССМ, ЮМ, ББМ, ЭСКММ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА |
| Бекитилген бюджеттин чегинде |
11 | Калк арасында маалымат өнөктүгүн жүргүзүү: - гендердик зомбулуктун бардык түрлөрү, анын ичинде балдарды жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча; - үй-бүлөлүк тартиптин ченемдерин бузуунун зыяндыгы жана жазанын түрлөрү боюнча; - көп аялдуу жана катталбаган никедеги аялдар үчүн, анын ичинде никелер бузулган учурларда, экономикалык тобокелдиктер боюнча; - адамдарды сатуунун курмандыгы болуу тобокелдиктери боюнча | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нике курагында өз ыктыяры менен үй-бүлө түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө семинарларды, вебинарларды өткөрүү, теле жана радиоберүүлөрдү, аудио/видео материалдарды чагылдыруу | 2023-жыл | Кабардар коомчулук | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ИИМ, БИМ, ССМ, ЭСКММ, ДИМК, ММК | ЮНИСЕФ | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
12 | Окуучулардын жаш курагына ылайыктуу билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде жыныстык курстарын, жоопкерчиликтүү сексуалдык жүрүм-турумга жана өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугунун жана жыныстык жол менен жугуучу оорулардын, ошондой эле балдардын, мажбурлап никеге туруу жана "ала качуунун" кесепеттеринин алдын алууга көңүл буруу менен окутуу | "Сергек жашоо мүнөзү" программасы боюнча класстык сааттарды өткөрүү | 2023-2024-жылдардын 3-4-кварталдары | Кабардар мектеп окуучулары (эркектер жана кыздар) | БИМ, ССМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Бюджеттен тышкаркы каражаттар |
13 | Ата-эне менен балдардын ортосунда чыгармачылык эмгекке жана дене тарбияга багытталган ишенимдүү мамилелерди түзүү | Билимдүү, адептүү инсанды калыптандырууга багытталган тегерек столдорду, семинарларды, спорттук иш-чараларды өткөрүү | Квартал сайын | Ата-эне менен балдардын ортосунда ишенимдүү мамиле түзүлдү | БИМ, ССМ | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | Бекитилген бюджеттин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
14 | Балдардын жана мажбурлап никеге туруу учурларын жана "ала качууларды" аныктоону камсыз кылуу | Балдардын жана мажбурлап никеге туруу учурларын жана ала качууларды аныктоо боюнча квартал сайын отчетторду жүргүзүү | Дайыма | Балдардын жана мажбурлап никеге туруу учурларын аныктоо боюнча квартал сайынкы отчеттор | ЭСКММ, БИМ, ИИМ, ССМ, КЖААКД, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), диний уюмдар (макулдашуу боюнча) |
| Бекитилген бюджеттин чегинде |
Кыскартуулардын тизмеси:
ДИМК | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы; |
КЖААКД | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти; |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги; |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрация; |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети; |
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар; |
ИИО | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары; |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары; |
ЮНИСЕФ | - | БУУнун Балдар фонду. |
|
| 2-тиркеме |
Балдардын жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2024-жылдарга иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча БЮДЖЕТИ
№ | Милдеттер | Чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Өлчөө бирдиги | Каржылоого муктаждык | Мүмкүнчүлүктөр | Финансылык айырма | |||||||||
респ. бюджет | гранттар | башкалар | бардыгы | респ. бюджет | гранттар | башкалар | бардыгы | респ. бюджет | гранттар | башкалар | бардыгы | ||||||
I. Балдардын жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү | |||||||||||||||||
1 | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 172, 173, 174, 178-беренелери боюнча жазык иштерин кароодо укук колдонуу практикасына мониторинг жүргүзүү (тергөө стадиясында жана сотто) | ЧУАга мониторинг жүргүзүү | ИИМ | 2023-2024-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
миң долл. | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||
II. Балдардын жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо жана алдын алуу | |||||||||||||||||
2.1. Нике курагын бузуу боюнча мыйзамдарды ишке ашыруучу субъекттердин потенциалын жогорулатуу | |||||||||||||||||
2 | Балдардын жана мажбурлап никеге туруунун кесепеттери жөнүндө, жазалар, элдешүүнүн жоктугу жөнүндө түшүндүрмөлөрдү камтыган маалыматтык материалдарды жана социалдык роликтерди даярдоо | Буклеттерди, социалдык роликтерди иштеп чыгуу | ЭСКММ, ИИМ, БИМ, ММСЖСМ, ССМ | 2023-жылдын 1-жарым жылдыгы | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
миң долл. | 0 | 7,5 | 0 | 0 | 0 | 7,5 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||
3 | ИИО кызматкерлерин, анын ичинде онлайн-курстар аркылуу төмөнкү иштер боюнча процессуалдык-укуктук жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө окутуу: - никеге туруу максатында адам уурдоо боюнча; - баланы иш жүзүндө никелик катнашка турууга мажбурлоо боюнча; - диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүдө никеге туруу курагы боюнча мыйзамдарды бузуу учурлары тууралуу | Окуу тренингдерин/семинарларын өткөрүү | ИИМ | 2023-жылдын 1-жарым жылдыгы, 2024-жылдын 1-жарым жылдыгы | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
миң долл. | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||
4 | Социалдык педагогдорду, анын ичинде онлайн-курстар аркылуу балдардын жана мажбурлап никеге туруу учурларынын алдын алуу, аныктоо жана коштоп жүрүү боюнча иштердин өзгөчөлүктөрүнө окутуу | Окуу тренингдерин/семинарларын өткөрүү | БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭСКММ | 2023-жылдын 1-жарым жылдыгы, 2024-жылдын 1-жарым жылдыгы | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
миң долл. | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||
5 | Диний лидерлерди, анын ичинде онлайн-курстар аркылуу, кыздардын укуктарын ишке ашыруу, гендердик зомбулуктан, анын ичинде балдардын жана мажбурлап никеге туруудан коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негиздери боюнча окутуу | Окуу тренингдерин/семинарларын өткөрүү | ДИМК | 2023-жылдын 1-жарым жылдыгы, 2024-жылдын 1-жарым жылдыгы | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
миң долл. | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||
6 | Медицина кызматкерлерин, анын ичинде онлайн-курстар аркылуу өспүрүмдөрдүн кош бойлуулуктары жана медициналык жардам көрсөтүүдө балдардын жана мажбурлап никеге туруу фактылары аныкталган учурлар боюнча иштөөнүн укуктук жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө окутуу | Окуу тренингдерин/семинарларын өткөрүү | ССМ | 2023-жылдын 1-жарым жылдыгы, 2024-жылдын 1-жарым жылдыгы | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
миң долл. | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||
7 | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция боюнча аймактык башкармалыктардын кызматкерлерин жана социалдык кызматкерлерди, анын ичинде онлайн-курстар аркылуу балдарды жана мажбурлап никеге туруу учурларынын алдын алуу, аныктоо жана коштоо боюнча иштердин өзгөчөлүктөрүнө окутуу | Окуу тренингдерин/семинарларын өткөрүү | ЭСКММ | 2023-жылдын 1-жарым жылдыгы, 2024-жылдын 1-жарым жылдыгы | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
миң долл. | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||
8 | "111" ишеним телефонунун операторлорун балдардын жана мажбурлап никеге туруу боюнча кайрылуулар менен иштөөнүн укуктук жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө окутуу | Окуу тренингдерин/семинарларын өткөрүү | ЭСКММ, ССМ, ИИМ, БИМ | 2023-жылдын 1-жарым жылдыгы, 2024-жылдын 1-жарым жылдыгы | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
миң долл. | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||
9 | ЖМК өкүлдөрүн, анын ичинде онлайн-курстар аркылуу, балдардын жана мажбурлап никеге туруу фактыларын маалыматтык чагылдыруунун укуктук жана этикалык өзгөчөлүктөрүнө окутуу | Окуу тренингдерин/семинарларын өткөрүү | ММСЖСМ, ЭСКММ | 2023-жылдын 1-жарым жылдыгы, 2024-жылдын 1-жарым жылдыгы | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
миң долл. | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||
2.2. Кыргыз Республикасынын нике мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө калкка маалымдоо жана нике курагына жете элек адамдар менен никеге турууга жана мажбурлап никеге турууга жол бербөө маданиятын жайылтуу | |||||||||||||||||
10 | Балдардын, мажбурлап никеге туруу жана "ала качуу" фактыларынын алдын алуу жана чара көрүү боюнча иш-чараларды райондук аймактык мамлекеттик органдардын пландарына киргизүү | Нике курагына жете элек адамдар менен никеге туруу учурларынын алдын алуу жана чара көрүү боюнча иш-чараларды камтыган иш пландарын иштеп чыгуу | ИИМ, ССМ, ЮМ, ББМ, ЭСКММ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | 2023-жылдын 1-кварталы, 2024-жылдын 1-кварталы | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
миң долл. | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||
11 | Калк арасында маалымат өнөктүгүн жүргүзүү: - гендердик зомбулуктун бардык түрлөрү, анын ичинде балдарды жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча; - үй-бүлөлүк тартиптин ченемдерин бузуунун зыяндыгы жана жазанын түрлөрү боюнча; - көп аялдуу жана катталбаган никедеги аялдар үчүн, анын ичинде никелер бузулган учурдарда, экономикалык тобокелдиктер боюнча; - адамдарды сатуунун курмандыгы болуу тобокелдиктери боюнча | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нике курагында өз ыктыяры менен үй-бүлө түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө семинарларды, вебинарларды өткөрүү, теле жана радиоберүүлөрдү, аудио/видео материалдарды чагылдыруу | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ИИМ, БИМ, ССМ, ЭСКММ, ДИМК, ММК | 2023-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
миң долл. | 0 | 10,0 | 0 | 0 | 0 | 10,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||
12 | Окуучулардын жаш курагына ылайыктуу билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде жыныстык курстарын, жоопкерчиликтүү сексуалдык жүрүм-турумга жана өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугунун жана жыныстык жол менен жугуучу оорулардын, ошондой эле балдардын, мажбурлап никеге туруу жана "ала качуунун" кесепеттеринин алдын алууга көңүл буруу менен окутуу | "Сергек жашоо мүнөзү" программасы боюнча класстык сааттарды өткөрүү | БИМ, ССМ | 2023-2024-жылдардын 3-4-кварталдары | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
миң долл. | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||
13 | Ата-эне менен балдардын ортосунда чыгармачылык эмгекке жана дене тарбияга багытталган ишенимдүү мамилелерди түзүү | Билимдүү, адептүү инсанды калыптандырууга багытталган тегерек столдорду, семинарларды, спорттук иш-чараларды өткөрүү | БИМ, ССМ | Квартал сайын | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
миң долл. | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||
14 | Балдардын жана мажбурлап никеге туруу учурларын жана "ала качууларды" аныктоону камсыз кылуу | Балдардын жана мажбурлап никеге туруу учурларын жана ала качууларды аныктоо боюнча квартал сайын отчетторду жүргүзүү | ЭСКММ, БИМ, ИИМ, ССМ, КЖААКД, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), диний уюмдар (макулдашуу боюнча) | Дайыма | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
миң долл. | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||
|
| 3-тиркеме |
Балдардын жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2024-жылдарга иш-чаралар планын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык 2022-жыл | Орто аралык индикаторлор | Соңку индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу орган | |
2023-жыл | 2024-жыл | |||||||
I. Балдардын жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү | ||||||||
1 | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 172, 173, 174, 178-беренелери боюнча жазык иштерин кароодо укук колдонуу практикасына мониторинг жүргүзүү (тергөө стадиясында жана сотто) | Сунуштары менен аналитикалык отчет | Бирлик | - |
| 1 | 1 | ИИМ |
II. Балдардын жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо жана алдын алуу | ||||||||
2.1. Нике курагын бузуу боюнча мыйзамдарды ишке ашыруучу субъекттердин потенциалын жогорулатуу | ||||||||
2 | Балдардын жана мажбурлап никеге туруунун кесепеттери жөнүндө, жазалар, элдешүүнүн жоктугу жөнүндө түшүндүрмөлөрдү камтыган маалыматтык материалдарды жана социалдык роликтерди даярдоо | Роликтердин жана буклеттердин саны | Бирдик | - | 1 | 1 | 2 | ЭСКММ, ИИМ, БИМ, ММСЖСМ, ССМ |
3 | ИИО кызматкерлерин, анын ичинде онлайн-курстар аркылуу төмөнкү иштер боюнча процессуалдык-укуктук жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө окутуу: - никеге туруу максатында адам уурдоо боюнча; - баланы иш жүзүндө никелик катнашка турууга мажбурлоо боюнча; - диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүдө никеге туруу курагы боюнча мыйзамдарды бузуу учурлары тууралуу | Өткөрүлгөн тренингдердин/семинарлардын саны | Бирдик | - | 1 | 1 | 2 | ИИМ |
4 | Социалдык педагогдорду, анын ичинде онлайн-курстар аркылуу балдардын жана мажбурлап никеге туруу учурларынын алдын алуу, аныктоо жана коштоп жүрүү боюнча иштердин өзгөчөлүктөрүнө окутуу | Өткөрүлгөн тренингдердин/семинарлардын саны | Бирдик | - | 1 | 1 | 2 | БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭСКММ |
5 | Диний лидерлерди, анын ичинде онлайн-курстар аркылуу, кыздардын укуктарын ишке ашыруу, гендердик зомбулуктан, анын ичинде балдардын жана мажбурлап никеге туруудан коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негиздери боюнча окутуу | Өткөрүлгөн тренингдердин/семинарлардын саны | Бирдик | - | 1 | 1 | 2 | ДИМК |
6 | Медицина кызматкерлерин, анын ичинде онлайн-курстар аркылуу өспүрүмдөрдүн кош бойлуулуктары жана медициналык жардам көрсөтүүдө балдардын жана мажбурлап никеге туруу фактылары аныкталган учурлар боюнча иштөөнүн укуктук жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө окутуу | Өткөрүлгөн тренингдердин/семинарлардын саны | Бирдик | - | 1 | 1 | 2 | ССМ |
7 | Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция боюнча аймактык башкармалыктардын кызматкерлерин жана социалдык кызматкерлерди, анын ичинде онлайн-курстар аркылуу балдарды жана мажбурлап никеге туруу учурларынын алдын алуу, аныктоо жана коштоо боюнча иштердин өзгөчөлүктөрүнө окутуу | Өткөрүлгөн тренингдердин/семинарлардын саны | Бирдик | - | 1 | 1 | 2 | ЭСКММ |
8 | "111" ишеним телефонунун операторлорун балдардын жана мажбурлап никеге туруу боюнча кайрылуулар менен иштөөнүн укуктук жана психологиялык өзгөчөлүктөрүнө окутуу | Өткөрүлгөн тренингдердин/семинарлардын саны | Бирдик | - | 1 | 1 | 2 | ЭСКММ, ССМ, ИИМ, БИМ |
9 | ЖМК өкүлдөрүн, анын ичинде онлайн-курстар аркылуу, балдардын жана мажбурлап никеге туруу фактыларын маалыматтык чагылдыруунун укуктук жана этикалык өзгөчөлүктөрүнө окутуу | Өткөрүлгөн тренингдердин/семинарлардын саны | Бирдик | - | 1 | 1 | 2 | ММСЖСМ, ЭСКММ |
2.2. Кыргыз Республикасынын нике мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө калкка маалымдоо жана нике курагына жете элек адамдар менен никеге турууга жана мажбурлап никеге турууга жол бербөө маданиятын жайылтуу | ||||||||
10 | Балдардын, мажбурлап никеге туруу жана "ала качуу" фактыларынын алдын алуу жана чара көрүү боюнча иш-чараларды райондук аймактык мамлекеттик органдардын пландарына киргизүү | Иштелип чыккан пландар | Бирдик | - | 1 | 1 | 2 | ИИМ, ССМ, ЮМ, ББМ, ЭСКММ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА |
11 | Калк арасында маалымат өнөктүгүн жүргүзүү: - гендердик зомбулуктун бардык түрлөрү, анын ичинде балдарды жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча; - үй-бүлөлүк тартиптин ченемдерин бузуунун зыяндыгы жана жазанын түрлөрү боюнча; - көп аялдуу жана катталбаган никедеги аялдар үчүн, анын ичинде никелер бузулган учурларда, экономикалык тобокелдиктер боюнча; - адамдарды сатуунун курмандыгы болуу тобокелдиктери боюнча | Өткөрүлгөн маалыматтык өнөктүктөрдүн саны | Бирдик | - | 1 |
| 1 | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ИИМ, БИМ, ССМ, ЭСКММ, ДИМК, ММК |
12 | Окуучулардын жаш курагына ылайыктуу билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде жыныстык курстарын, жоопкерчиликтүү сексуалдык жүрүм-турумга жана өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугунун жана жыныстык жол менен жугуучу оорулардын, ошондой эле балдардын, мажбурлап никеге туруу жана "ала качуунун" кесепеттеринин алдын алууга көңүл буруу менен окутуу | Класстык сааттардын саны | Бирдик | - | 1000 | 1000 | 2000 | БИМ, ССМ |
13 | Ата-эне менен балдардын ортосунда чыгармачылык эмгекке жана дене тарбияга багытталган ишенимдүү мамилелерди түзүү | Тегерек столдордун саны | Бирдик | - | 1 | 1 | 2 | БИМ, ССМ |
14 | Балдардын жана мажбурлап никеге туруу учурларын жана "ала качууларды" аныктоону камсыз кылуу | Кварталдык отчеттордун саны | Бирдик |
| 4 | 4 | 8 | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, БИМ, ССМ, ИИМ |