Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 13-январы № 4-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. 2022-жылдын 26-августунда кол коюлган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 4-т тескемеси менен жактырылган |
2022-жылдын 26-августунда кол коюлган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2022-жылдын 26-августунда кол коюлган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протокол (мындан ары - Төртүнчү протокол) Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (мындан ары - ЖККУ) мүчө мамлекеттердин сунушу боюнча иштелип чыккан, аталган Уставдын 8-беренесин ЖККУга мүчө мамлекеттер анын ичинде биологиялык коопсуздук чөйрөсүндө да өз ара аракеттене тургандыгы жөнүндө жобо менен толуктоону карайт.
Мындан тышкары, казак тараптын сунушу боюнча 17-берене Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими менен ЖККУнун Башкы катчысынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу мүмкүндүгү жөнүндө жобо менен толукталган.
ЖККУга мүчө мамлекеттерде мамлекеттик ички макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Төртүнчү протоколго Жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү тарабынан 2022-жылдын 26-августунда жеке тартипте кол коюлган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Төртүнчү протоколдун долбоору ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2022-жылдын 26-январындагы № 6-739/22 чечими жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 27 тескемеси менен жактырылган.
Төртүнчү протокол Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Төртүнчү протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Төртүнчү протоколду ратификациялоо финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт.