Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 7-февралы № 66
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 775 тескемеси менен мурда дайындалган Дикамбаев Азамат Шамильевич "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан бошотулсун.
2. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
- Аким уулу Азамат;
- Джаманкулов Данияр Нургазыевич;
- Осмонова Айнура Шермаматовна.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул тескеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо боюнча "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз чогулушун белгиленген тартипте өткөрсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |