Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 348-т, 2023-жылдын 4-августундагы № 459-т тескемелеринин редакцияларына ылайык )
2023-жылдын 10-февралы № 41-т
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын тездетилген социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55, 115-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен максаттуу трансферттердин көлөмүн 2000000000,0 (эки миллиард) сомго көбөйтсүн жана көрсөтүлгөн каражаттарды Иш-чаралар планында каралган иш-чараларды каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясына бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясына Иш-чаралар планын ишке ашырууда техникалык жана консультативдик жардам көрсөтсүн.
3-1. Жалал-Абад шаарынын мэриясы мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык сатып алуу жол-жоболорун жүзөгө ашырууда контракттарды банктык коштоо жол-жобосун колдонбоого укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 459-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
2023-жылга Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 348-т тескемесинин редакциясына ылайык)
№ | Иш чаралар | Милдеттер | Каражаттардын суммасы | Аткаруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжалар (индикаторлор) | Каржылоо булагы | Жооптуу аткаруучулар |
Бюджетти түзүүчү долбоорлор (320,6 млн. сом) | |||||||
1 | Асфальт-бетон заводун куруу | Техникалык шартты иштеп чыгуу жана подряддык уюмду тандоо | 112,2 млн. сом | 2023-жыл | Шаар жолдорун куруу жана оңдоо үчүн асфальт өндүрүү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги |
2 | Таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу | Техникалык шартты иштеп чыгуу жана подряддык уюмду тандоо | 133,4 млн. сом | 2023-жыл | Шаардын экологиясын жакшыртуу үчүн таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги |
3 | Балдар үчүн оюн комплексин куруу | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана балдар үчүн оюн комплексин куруу | 75,0 млн. сом | 2023-жыл | Балдар үчүн муниципалдык оюн комплексин ачуу | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги |
Инфраструктуралык долбоорлор (779,1 млн. сом) | |||||||
4 | Шаар жолдорун капиталдык оңдоо | Көчөлөрдү капиталдык оңдоо: - В.Ленин; - А.Пушкин; - Т.Байзаков; - Манас; - Б.Осмонов; - М.Бабкин; - Курманбек | 731,0 млн. сом | 2023-жыл | Шаардын көчөлөрү оңдолду | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
5 | Тротуар жана велосипед жолун куруу | Шаардан "Жалал-Абад" санаторийине чейин 3,6 км узундуктагы тротуарды жана велосипед жолун куруу | 35,8 млн. сом | 2023-жыл | Шаар меймандары жана тургундары үчүн шарттарды түзүү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
6 | Шаардын аймагында суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу үчүн скважиналарды куруу жана реконструкциялоо | Техникалык суу алуу үчүн төрт кошумча скважинаны түзүү | 12,3 млн. сом | 2023-жыл | Шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн шарттарды түзүү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
Социалдык долбоорлор (890,3 млн. сом) | |||||||
7 | Шаар жаштары үчүн спорттук интернатты ачуу | А.Пушкин көчөсүндөгү № 1 кесиптик лицейди капиталдык оңдоо жана шаардын спорт интернатына багытын өзгөртүү | 120,0 млн. сом | 2023-жыл | Өлкөнүн түштүк регионунда спортчуларды даярдоо үчүн шарттарды түзүү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги |
8 | Инновациялык IT-борборун куруу | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана Ж.Бакиев көчөсүндө инновациялык IT-борборун куруу | 65,3 млн. сом | 2023-жыл | Инновациялык IT-технологияларга окууга жаштардын кызыкчылыгын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги |
9 | Облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы корпусун куруу | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана Облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы корпусун куруу | 356,0 млн. сом | 2023-жыл | Инфекциялык контролдоонун бардык деңгээлине ылайык келген облустук кургак учукка каршы күрөшүү диспансеринин жаңы корпусун ачуу | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги, ССМ |
10 | Облустук оорукананын жаңы корпусун куруу | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана облустук оорукананын жаңы корпусун куруу | 252,0 млн. сом | 2023-жыл | Облустук клиникалык оорукананын терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрү үчүн жаңы корпусту ачуу | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги, ССМ |
11 | Бала бакча куруу | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана М.Исакулов көчөсүндө 150 орундуу бала бакча куруу | 97,0 млн. сом | 2023-жыл | Шаардын жашоочуларын бала бакчалар менен камсыздоо маселелерин чечүү | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Курулуш агенттиги |
12 | Долбоорлорду даярдоо | Долбоордук уюмдарды тандоо | 10,0 млн. сом | 2023-жыл | Тиешелүү долбоорлор даярдалды | Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттери | Джалал-Абад шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
| Жалпы |
| 2000,0 млн. сом |
|
|
|
|
Кыскартуулардын тизмеси:
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |