РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 54-т (Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамын түзүү тууралуу) тескемеси

Редакцияот 15.02.2023
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 15-февралы № 54-т

Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-2нин үстүнөн суу агызуу курулушу" долбоорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Расмий делегациянын башчысына, ал эми ал жок учурда - расмий делегациянын башчысынын орун басарына Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-июлундагы № 270-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-2нин үстүнөн суу агызуу курулушу" долбоорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын КУРАМЫ

Ибраев Таалайбек Өмүкеевич

-

Кыргыз Республикасынын энергетика министри, расмий делегациянын башчысы;

Султанбеков Сабырбек Укушович

-

Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары.

Расмий делегациянын мүчөлөрү:

Алтынбеков Айбек Алтынбекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Сулайманов Кундузбек Кошалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Осмонов Айбек Жапарович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович

-

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;

Аскарова Зарема Аликовна

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары;

Садыков Канатбек Рахманбердиевич

-

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;

Артыкбаев Айбек Мухтарович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Татиков Руслан Сатылганович

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Абдрахманов Канат Жаныбекович

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Орозалиев Тимур Эрикович

-

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин директорунун орун басары;

Байгазиев Таалайбек Аскарович

-

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик башкармасынын төрагасы;

Качкынбаев Осмон Кененбаевич

-

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору.