Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 15-февралындагы тескемесине ылайык)
Эл аралык рейтингдерде Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер
планы
№ | Чаралар | Индикатор/күтүлүүчү натыйжа | Аткаруу мөөнөттөрү | Жооптуулар |
1 | Тармактык реформаларды жүргүзүүгө, эл аралык рейтингдер менен иштөөгө (белгиленген штаттык сандын чегинде) жооптуу конкреттүү түзүмдүк бөлүмдү аныктоо (жана/же түзүү) | Эл аралык рейтингдер/рейтингдик агенттиктер менен иштөөнүн натыйжалуу системасы түзүлдү жана конкреттүү түзүмдүк бөлүм аныкталды/түзүлдү. Мамлекеттик органдын тиешелүү чечими чыгарылды | 2023-жылдын 1-апрели | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) |
2 | Рейтингдик агенттиктерге, ошондой эле рейтингдердин/индикаторлордун башка түзүүчүлөрүнө жүргүзүлгөн баалоонун методологиясын изилдөө | Рейтингдик агенттиктердин методологияларына талдоо жүргүзүлдү, ар бир компонент боюнча рейтингдик агенттиктер менен иштөөнүн оң эл аралык тажрыйбасы изилденди | 2023-жылдын 1-майы | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) |
3 | Рейтингдик агенттиктер менен конструктивдүү кызматташтыкты жана диалогду түзүү, зарыл болгон учурда эксперттерди тартуу | Ар бир компонент боюнча рейтингдик агенттиктерге расмий каттар/суроо-талаптар жөнөтүлдү. Рейтингдик агенттиктер менен кызматташтык түзүлдү | 2023-жылдын 1-июлу | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) |
4 | Эл аралык рейтингдерде Кыргыз Республикасынын позицияларына таасир этүүчү негизги факторлорду аныктоо жана ар бир компонент боюнча Кыргыз Республикасынын позицияларын жакшыртуу боюнча ведомстволук ички жол карталарын иштеп чыгуу менен конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу | Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингдердеги позицияларына таасир этүүчү мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясаттын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүлдү. Ички ведомстволук жол карталары бекитилди. Сунуштар даярдалды жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизилди | 2023-жылдын 1-сентябры | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) |
5 | Рейтингдерде өлкөнүн позициясын жакшыртууга тоскоол болгон ченемдерди аныктоо боюнча колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү | |||
6 | Талдоонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын чечимдеринин/ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун тиешелүү пакетин иштеп чыгуу | Чечимдердин/ченемдик укуктук актылардын долбоорлору белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизилди/мамлекеттик органдардын чечими менен кабыл алынды | 2023-жылдын 1-ноябры | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) |
7 | Маалымат порталын түзүү (жана/же расмий сайтта бөлүм), анын ичинде: ̶ рейтингдер боюнча отчеттор, ошондой эле иликтөөлөрдү жүргүзүү жана отчетторду жарыялоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен конкреттүү багыттар боюнча абалды жакшыртуу боюнча эл аралык уюмдардын жана эксперттердин сунуштары; ̶ рейтингдердин индикаторлору боюнча чет өлкөлөрдүн алдынкы тажрыйбалары боюнча маалымат; ̶ рейтингдердин тиешелүү багыттары боюнча социологиялык жана илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары; ̶ ар бир индикатор боюнча толук маалымат, анын ичинде рейтингдердин суроо китептеринин формасы боюнча статистикалык маалыматтар; ̶ бул порталда тиешелүү рейтингдер боюнча коомдук сурамжылоолорду өткөрүү функциясы; ̶ рейтингдин методологиясы боюнча онлайн окутуу (зарыл болсо); ̶ порталдын колдонуучулары тарабынан жер-жерлерде мыйзам чыгаруу базасын жана укук колдонуу тажрыйбасын андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды берүү мүмкүнчүлүгү | Сапаттуу маалыматты камтыган ачык маалыматтык база/система түзүлдү | 2023-жылдын 1-декабры | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) |
8 | Жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагындагы өзгөрүүлөр тууралуу эл аралык рейтингдик агенттиктерге расмий каналдар, ЖМК жана чет өлкөлүк мекемелер аркылуу маалымдоо | Эл аралык рейтингдик агенттиктер мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясаты жөнүндө туруктуу негизде маалымдалып турат | Туруктуу негизде | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) |
9 | Багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртууга багытталган ишти туруктуу негизде жүргүзүү | Эл аралык рейтингдердин ар бир компонентинде Кыргыз Республикасынын позициясын дайыма жакшыртып туруу | Туруктуу негизде | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) |