Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 15-февралы, № 56-т
Кыргыз Республикасы глобалдык процесстерге интеграцияланган. Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясат мамлекеттин дүйнөлүк рейтингдердеги позицияларында ар тараптуу чагылдырылат, бул өлкөнүн имиджине жана жагымдуулугуна түздөн-түз таасир этет, ушуга байланыштуу мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын алардагы позицияларын жогорулатуу боюнча ишин күчөтүү зарыл.
Эл аралык рейтингдер менен иштөө процесстеринин негиздерин түзүү жана акселерациялоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Эл аралык рейтингдерде Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу, тигил же бул рейтингде мамлекеттин позициясына таасир этүүчү орчундуу проблемаларды табуу, аларды талдоо жана чечүүнүн тиешелүү жолдорун иштеп чыгуу боюнча иш мамлекеттик органдардын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталсын.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Кыргыз Республикасынын өлкөнүн позициясын жакшыртууга жооптуу мамлекеттик органдары жана уюмдары боюнча эл аралык рейтингдерди жана курамдык индикаторлорду бөлүштүрүү 1-тиркемеге ылайык;
– Эл аралык рейтингдерде Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы 2-тиркемеге ылайык.
3. Эл аралык рейтингдерде жана айрым курамдык индикаторлордо Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртууга жооптуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча):
– ушул тескемени ишке ашыруу боюнча толук чараларды көрсүн;
– ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтуна рейтингдерде өлкөнүн позициясын жакшыртуу боюнча иштердин жүрүшү жөнүндө маалыматты берүүнү камсыз кылсын;
– ушул тескемени ишке ашыруу боюнча иштерди жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтуна төмөнкүдөй негизги милдеттер менен өлкөнүн позициясын жакшыртуу боюнча ишке ашырылып жаткан чараларга изилдөөлөрдү жүргүзүү, баалоо жана талдоо жүктөлсүн:
– артыкчылыктуу рейтингдерде Кыргыз Республикасынын позициясын жогорулатууга жолтоо болгон практикалык факторлорго системалуу талдоо жүргүзүү;
– тиешелүү тармактардагы көйгөйлөрдү аныктоо жана алардын абалын изилдөө, аларды чечүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу;
– рейтингдерде Кыргыз Республикасынын өнүгүү тенденциясы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле баалануучу багыттар боюнча чет өлкөлөрдүн сунуштамаларын жана алдынкы тажрыйбаларын камтыган маалыматтар базаларын түзүү;
– ар кварталдык негизде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна иштин жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты жана багыттар боюнча сунуштарды киргизүү.
5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту ушул тескемени ишке ашыруу менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) адистерин, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрүн (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте ишке тартууга жана маалымат суроого укуктуу деп белгиленсин.
6. Рейтингдерде мамлекеттин позициясын жакшыртууга багытталган иш-чараларды натыйжалуу жана өз убагында ишке ашырууну камсыз кылууга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, уюмдарынын жана институттарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги бекитилсин.
7. Тескемеде камтылган эл аралык рейтингдер ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча толукталышы же оңдолушу мүмкүн деп белгиленсин.
8. Бул тескеменин аткарылышын координациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын өлкөнүн позициясын жакшыртууга жооптуу мамлекеттик органдары жана уюмдары боюнча эл аралык рейтингдерди жана курамдык индикаторлорду бөлүштүрүү
№ | Эл аралык рейтингдер | Рейтингдин компоненттери | Жооптуу мамлекеттик органдар |
1 | Адамдын өнүгүү индекси |
|
|
1.1 |
| Жашоонун күтүлгөн узактыгы | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
1.2 | Өлкөнүн калкынын сабаттуулугунун деңгээли | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | |
1.3 | Жашоо деңгээли/киреше | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | |
2 | Глобалдык атаандашуу жөндөмдүүлүгү индекси 4.0 |
|
|
2.1 | Институттар | ||
2.1.1 |
| Уюшкан кылмыштуулукка байланыштуу бизнестин чыгымдары | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
2.1.2 | Өлтүрүүлөрдүн деңгээли | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | |
2.1.3 | Терроризмдин деңгээли | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети | |
2.1.4 | Укук коргоо органдарына ишеним | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети | |
2.1.5 | Социалдык капитал | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги | |
2.1.6 | Бюджеттин ачыктыгы | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | |
2.1.7 | Сот системасынын көз карандысыздыгы | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча) | |
2.1.8 | Татаал ченемдик укуктук актылардагы укуктук базанын натыйжалуулугу | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | |
2.1.9 | Басма сөз эркиндиги | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | |
2.1.10 | Мамлекеттик жөнгө салуунун түйшүгү | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | |
2.1.11 | Талаш-тартыштарды чечүүдө укуктук базанын натыйжалуулугу | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча) | |
2.1.12 | Электрондук катышуу | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги | |
2.1.13 | Өкмөттүн келечекке багыт алуусу (стратегия, финтех, электрондук коммерция ж.б.) | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги | |
2.1.14 | Коррупциянын деңгээли | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети | |
2.1.15 | Менчик укугу | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча) | |
2.1.16 | Интеллектуалдык менчикти коргоо | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги | |
2.1.17 | Жер ресурстарын башкаруунун сапаты | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги | |
2.1.18 | Финансылык аудиттин жана отчеттуулуктун стандарттарын сактоо | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | |
2.1.19 | Акционердик коомдордо кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салуу | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча, мамлекеттик үлүш катышкан коомдор бөлүгүндө) | |
2.1.20 | Акционерлерди башкаруу (корпоративдик башкаруу) | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | |
2.2 | Инфраструктура | ||
2.2.1 |
| Жол тармагынын сапаты | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
2.2.2 | Жол инфраструктурасынын сапаты | ||
2.2.3 | Темир жолдун тыгыздыгы | ||
2.2.4 | Темир жол кызматтарынын натыйжалуулугу | ||
2.2.5 | Аэропорттордун эл аралык интеграциясы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги | |
2.2.6 | Аба транспорт кызмат көрсөтүүлөрүнүн натыйжалуулугу | ||
2.2.7 | Электрге жеткиликтүүлүгү | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги | |
2.2.8 | Электр энергиясынын сапаты | ||
2.2.9 | Кооптуу ичүүчү суудан коргоонун даражасы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги | |
2.2.10 | Суу менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү | ||
2.3 | МКТ киргизүү | ||
2.3.1 |
| Мобилдик уюлдук байланыштын абоненттери | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
2.3.2 | Кең тилкелүү мобилдик абоненттер | ||
2.3.3 | Кең тилкелүү интернет абоненттери | ||
2.3.4 | Оптикалык-була интернет абоненттери | ||
2.3.5 | Интернет колдонуучулар | ||
2.4 | Макроэкономикалык туруктуулук | ||
2.4.1 |
| Инфляция | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
2.4.2 | Карыздын динамикасы | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | |
2.5 | Саламаттык | ||
2.5.1 |
| Дени сак жашоонун узактыгы | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
2.6 | Билим берүү | ||
2.6.1 |
| Окуу жылдарынын орточо саны | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
2.6.2 | Персоналды окутуу даражасы/персоналдын квалификациясын жогорулатуу | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги | |
2.6.3 | Кесиптик даярдыктын сапаты | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | |
2.6.4 | Бүтүрүүчүлөрдүн көндүмдөрү жана жөндөмдөрү | ||
2.6.5 | Активдүү калктын санариптик көндүмдөрү | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги | |
2.6.6 | Квалификациялуу кадрларды табуунун жеңилдиги | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | |
2.6.7 | Күтүлгөн билимдин узактыгы | ||
2.6.8 | Окууда критикалык ой жүгүртүү | ||
2.6.9 | Башталгыч мектепте окуучулардын саны менен мугалимдерге карата катышы | ||
2.7 | Товардык базар | ||
2.7.1 |
| Салыктардын жана атаандаштыкка субсидиялардын бурмаланган таасири | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
2.7.2 | Базардагы монополиянын деңгээли | ||
2.7.3 | Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү атаандаштык | ||
2.7.4 | Тарифтик эмес тоскоолдуктардын таралышы | ||
2.7.5 | Соода тарифтери | ||
2.7.6 | Тарифтердин татаалдыгы | ||
2.7.7 | Чек ара контролунун натыйжалуулугу | ||
2.7.8 | Кызмат көрсөтүүлөрдү сатуунун ачыктыгы | ||
2.8 | Эмгек рыногу | ||
2.8.1 |
| Кызматкерлерди бошотуунун чыгымдары | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
2.8.2 | Кызматкерлерди жумушка кабыл алуу жана жумуштан бошотуу практикасы | ||
2.8.3 | Кызматкер менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы мамилелерде кызматташуу | ||
2.8.4 | Эмгек акыны белгилөөдө ийкемдүүлүк | ||
2.8.5 | Активдүү эмгек саясаты | ||
2.8.6 | Эмгек укугу (кызматкерлердин укуктары) | ||
2.8.7 | Чет элдик жумушчуларды жалдоонун жеңилдиги | ||
2.8.8 | Ички эмгек миграциясы | ||
2.8.9 | Кесиптик башкарууга ишеним | ||
2.8.10 | Эмгек акы жана өндүрүмдүүлүк | ||
2.8.11 | Аял кызматкерлердин жана эркек кызматкерлердин санынын катышы | ||
2.8.12 | Эмгек салыгынын ставкасы | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | |
2.9 | Финансы системасы | ||
2.9.1 |
| Жеке секторго ички кредит | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) |
2.9.2 | ЧОБду каржылоо | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | |
2.9.3 | Венчурдук капиталдын болушу | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) | |
2.9.4 | Рыноктук капиталдаштыруу | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | |
2.9.5 | Камсыздандыруу сыйлыктары | ||
2.9.6 | Банктардын ишенимдүүлүгү | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) | |
2.9.7 | Проблемалуу кредиттер | ||
2.9.8 | Кредиттик ажырым/гэп (кредиттер/ИДП) | ||
2.9.9 | Банктардын капиталынын жетиштүүлүк коэффициенти | ||
2.10 | Рыноктун көлөмү | ||
2.10.1 |
| Ички дүң продукциянын көлөмү | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
2.10.2 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоонун көлөмү | ||
2.11 | Бизнес жүргүзүү динамикасы | ||
2.11.1 |
| Бизнес ачууга чыгымдар | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
2.11.2 | Бизнес ачуу үчүн зарыл болгон убакыт | ||
2.11.3 | Төлөөгө жөндөмсүздүктү өндүрүп алуу ставкасы | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | |
2.11.4 | Кудуретсиздиктин укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү субъекттер бөлүгүндө) | |
2.11.5 | Ишкердик тобокелдиктерге болгон мамиле | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | |
2.11.6 | Ыйгарым укуктарды берүүгө даярдык | ||
2.11.7 | Инновациялык компаниялардын өсүшү | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги | |
2.11.8 | Алдыга жылдыруучу идеяларды колдонгон компаниялар | ||
2.12 | Инновационный потенциал | ||
2.12.1 |
| Жумушчу күчүнүн ар түрдүүлүгү | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
2.12.2 | Кластерлердин өнүгүү абалы | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги | |
2.12.3 | Эл аралык биргелешкен ойлоп табуулар | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги | |
2.12.4 | Көп тараптуу кызматташтык | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | |
2.12.5 | Илимий басылмалар | ||
2.12.6 | Патенттик өтүнмөлөр | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги | |
2.12.7 | Изилдөөгө жана иштеп чыгууга чыгымдар | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | |
2.12.8 | Илимий-изилдөө институттарынын популярдуулук индекси | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия | |
2.12.9 | Сатып алуучунун талаптары | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | |
2.12.10 | Товардык белгиге өтүнмөлөр | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги | |
3 | Электрондук өкмөттү өнүктүрүү индекси |
| Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
|
|
|
|
4 | Коррупцияны кабылдоо индекси |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) |
|
|
|
|
5 | Абанын булганышы боюнча дүйнөдөгү шаарлардын рейтинги IQAir |
| Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |