Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 10-февралы № 74
Кыргыз Республикасында эл аралык транзиттик жана темир жол коридорун өнүктүрүү үчүн шарттарды андан ары түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы темир жол линияларын курууну, иштеп жаткандарын модернизациялоону жана тоннелдерди курууну караган концепциянын долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ алты айлык мөөнөттө концепциянын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топ белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) адистерин, эксперттик коомчулуктун (макулдашуу боюнча) өкүлдөрүн алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча ишке тартууга жана маалыматтарды суроого;
- жумушчу топтун чечимдерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кароосуна киргизүүгө.
4. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты ыкчам тартипте берсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
5. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы темир жол линияларын курууну, иштеп жаткандарын модернизациялоону жана тоннелдерди курууну караган концепциянын долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтун КУРАМЫ
Исанов Алмаз Насирдинович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги - жумушчу топтун жетекчиси; |
Байышбеков Азамат Байышбекович | - | "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун вице-президенти - жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Солтобаев Талантбек Осмонбекович | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары; |
Абдрахманов Канатбек Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Досалиев Акуналы Атамырзаевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Пак Вячеслав Вячеславович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн эксперти; |
Касымалы уулу Арсланбек | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти; |
Кудайбергенов Кубаныч Монолдорович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директорунун орун басары; |
Сатыбалдиева Алтынай Калыбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин саясатты иштеп чыгуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Спасский Роман Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы инженери; |
Винай Сингх | - | "Rail Vikas Nigam Limited" компаниясынын директору (макулдашуу боюнча). |