Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 10-февралы № 76
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундулары жактырылсын:
- "Азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна 1-тиркемеге ылайык;
- "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна 2-тиркемеге ылайык;
- "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна 3-тиркемеге ылайык.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
| 1-тиркеме | |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 10-февралындагы № 76 тескемеси менен жактырылган |
"Азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1-беренесин 5-1-бөлүк менен толуктоо сунушталат, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 3 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн салыктык укуктук мамилелерди жөнгө салуу кризиске каршы башкаруу режими киргизилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилиши мүмкүн.
Ошону менен бирге сунушталган "берилиши мүмкүн" деген конкреттүү эмес түшүндүрмө укук колдонуу практикасында так эместиктердин пайда болушуна өбөлгө түзөрүнө көңүл бурабыз, анткени бул жобо баалоо мүнөзүндө жана тиешелүүлүгүнө жараша тиешелүү субъекттерге тигил же бул кырдаалды өз каалоосу боюнча чечмелөөгө дискрециялык ыйгарым укуктарды берет.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун бешинчи абзацы менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүн калктын социалдык жактан аялуу катмарына базалык социалдык маанилүү товарларды сатып алууда салыктык жеңилдиктерди берүү бөлүгүндө 5-пункт менен толуктоо сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 10-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жеке мүнөздөгү салыктык жеңилдиктерди берүүгө тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан өлкөнүн аймагында өзгөчө абалды киргизүүдө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесине ылайык салыктык жеңилдиктер берилерин белгилей кетүү керек, бул эпидемияга, пандемиялардын жана массалык оорулардын жайылышына киргизилген COVID-19 кырдаалында байкалган.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" ("Эркин-Тоо" газетасы, 2022-жылдын 15-апрели, № 34)" деген сөздөрдү "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" ("Эркин-Тоо" газетасы, 2014-жылдын 3-июну, № 42)" деген сөздөргө алмаштыруу зарыл.
Мында Мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатта "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөргө карата маалымат берилген эмес.
Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүндө бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирерин белгилөө сунушталат.
Ошону менен бирге Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгү менен ал кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин сунушталган Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Мыйзамдын долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына ылайык келбейт, анткени коомдук талкуулоонун жыйынтыктары чагылдырылган эмес.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында сунушталган долбоорду кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылары көрсөтүлгөн.
Ошол эле учурда "Азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна негиздеме-маалымкат Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун маңызын чагылдырбайт жана мазмунун ачпайт.
Мында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатат.
Ушуга байланыштуу сунушталган Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда каржылоо булагын аныктоо керек.
Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 16 жана 55-пункттарына ылайык жеткире иштеп чыгууну талап кылат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна корутундуну берилген сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алууну сунуштоо менен чыгарат.
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 10-февралындагы № 76 тескемеси менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 2-бөлүгүндө сунушталган жоболор "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 4-беренесинин 1-бөлүгүндө чагылдырылган, ушуга байланыштуу көрсөтүлгөн жоболорду алардын кайталануу предметинде кайра карап чыгуу зарыл.
Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 3-бөлүгү менен бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүгө мүмкүн болгон социалдык маанилүү товарлардын тизмеги, ошондой эле мамлекеттик жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленерин көрсөтүү сунушталат.
Ошону менен бирге бул жоболор бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүгө мүмкүн болгон товарлардын конкреттүү тизмегин, ошондой эле мамлекеттик жөнгө салуу тартибин аныктоону сунуштаган "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет.
Буга байланыштуу сунушталган мыйзамдын долбоорунун көрсөтүлгөн ички карама-каршылыктарына кошумча талдоо жүргүзүүнү сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктчасын "ченемдик укуктук" деген сөздөрдөн кийин "актылар" деген сөз менен толуктоо зарыл.
Мыйзамдын долбоорунун 12-беренеси менен тараптардын ортосундагы келишимдин деңгээлинде аныктоо зарыл болгон деталдуу маселелерди жөнгө салуу сунушталат.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык мыйзамдын деңгээлинде тиешелүү чөйрөдөгү кыйла маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуу керектигин белгилей кетүү керек.
Ушуга байланыштуу көрсөтүлгөн жоболорду кайра кароо керек.
Мыйзамдын долбоорунун 16-беренеси менен сунушталган Мыйзамдын долбоорунун жоболорун бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө сунушталат.
Мында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде бузуунун көрсөтүлгөн түрү үчүн жоопкерчилик каралбайт.
Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесинин 1-бөлүгү менен бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирерин белгилөө сунушталат.
Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесинин 2-бөлүгү менен ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө чейин соода тармактары менен азык-түлүк товарларын жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу ички соода ишинин субъекттеринин ортосунда түзүлгөн азык-түлүк товарларын берүү келишимдеринин шарттары ал күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш экендигин белгилөө сунушталат.
Мында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын колдонулушу ал күчүнө киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелерге карата жайылтылбайт. Бул эрежеге ченемдик укуктук актынын же анын айрым структуралык элементинин артка карата колдонулушу анын өзүндө же ченемдик укуктук актыны колдонууга киргизүү жөнүндө актыда белгиленген учурлар, ошондой эле мурда каралган укук бузгандык үчүн жоопкерчилик алып салынган же жеңилдетилген учурлар кирбейт.
Жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү, жарандарга, юридикалык жактарга жаңы жоопкерчиликтерди жүктөөчү же болбосо алардын абалын начарлатуучу ченемдик укуктук актылар артка карата колдонулбайт.
Буга байланыштуу сунуш кылынган жоболор "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин жоболоруна ылайык келтирүү предметинде кайра каралышы керек.
Мында Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесинин 3-бөлүгү менен Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин сунушталган Мыйзамдын долбооруна ылайык келтирүү сунушталат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында сунушталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылары көрсөтүлгөн.
Мында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатат.
Ушуга байланыштуу сунушталган Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда каржылоо булагын аныктоо керек.
Мыйзамдын долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына ылайык келбейт, анткени коомдук талкуунун жыйынтыктары чагылдырылган эмес.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары (Г.О.Култаева, Н.А.Нарматова, М.Дж.Саккараев, Ж.С.Кыдыкбаев, Э.Н.Сулайманов, Б.У.Сыдыков, Н.Т.Шакиев, Ф.Д.Исмаилов, М.А.Абдалиев, Д.Э.Толонов, Р.Ш.Жакышев, А.А.Исиралиев, М.А.Маматалиев, А.Ж.Боронбаев, Э.Э.Жамгырчиев, Ч.И.Ажибаев, Б.В.Шабазов, З.Д.Мамасадыков, А.А.Козуев) тарабынан мурда "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору демилгеленген, анда ошол эле азык-түлүк көз карандысыздыгын жогорулатууну, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну жана ички соодада адилеттүү атаандаштык чөйрөсүн камсыз кылууну караган өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
Мындан тышкары, сунушталган мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана калктын тамак-аш азыктарынын керектүү санына жетүүсү үчүн шарттарды түзүү максатында кризиске каршы башкаруу режимин киргизүү жөнүндө ченем каралган.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан кризиске каршы башкаруу режими белгиленген "Экономикалык мүнөздөгү чектөөлөрдүн шарттарында мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" жана "Кризиске каршы башкаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору иштелип чыккандыгын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилгендигин белгилейбиз.
Бул мыйзам долбоорлорунда кризиске каршы башкаруу режимин киргизүүнүн жана жөнгө салуунун тартиби аныкталган, ошондой эле бул режимди жүргүзүүгө байланышкан Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" жана "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына комплекстүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен бир эле ченемдерди жөнгө салуучу мыйзам долбоорлорун бир эле учурда илгерилетүүнү болтурбоо максатында ушул мыйзам долбоорлорун бириктирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз.
Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна негиздеме-маалымкат Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун маңызын чагылдырбагандыгын жана мазмунун ачпагандыгын белгилей кетүү керек.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.О.Култаева, Н.А.Нарматова, М.Дж.Саккараев, Ж.С.Кыдыкбаев, Э.Н.Сулайманов, Б.У.Сыдыков, Н.Т.Шакиев, Ф.Д.Исмаилов, М.А.Абдалиев, Д.Э.Толонов, Р.Ш.Жакышев, А.А.Исиралиев, М.А.Маматалиев, А.Ж.Боронбаев, Э.Э.Жамгырчиев, Ч.И.Ажибаев, Б.В.Шабазов, З.Д.Мамасадыков, А.А.Козуев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 3-февралында үчүнчү окууда кабыл алынгандыгын белгилөө зарыл.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.
|
| 3-тиркеме |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 10-февралындагы № 76 тескемеси менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы менен мамлекеттик жөнгө салуунун колдонуу мөөнөтү 1 жыл ичинде 90 календардык күндөн ашпашы керек деп көрсөтүү сунушталат. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети социалдык маанилүү товардын бир түрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтүн кошумча 90 календардык күнгө узартууга укуктуу.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунда жана негиздеме-маалымкатта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети социалдык маанидеги товардын бир түрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтүн кошумча 90 календардык күнгө узартууга укуктуу болгон учурлар конкреттүү берилген эмес.
Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүндө бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүгө мүмкүн болгон социалдык маанилүү товарлардын тизмегин аныктоо сунушталат.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык мыйзамдын деңгээлинде тиешелүү чөйрөдөгү кыйла маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуу керектигин белгилей кетүү керек.
Деталдаштыруучу мүнөздөгү маселелер мыйзам алдындагы актылар менен жөнгө салынууга тийиш.
Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгү менен мамлекеттик жөнгө салуу тартиби сунушталган Мыйзамдын долбоору менен белгиленет деп көрсөтүү сунушталат.
Бирок сунушталган Мыйзамдын долбоорунун жоболору көрсөтүлгөн мамлекеттик жөнгө салуу тартибин карабайт.
Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 3-бөлүгү менен ата мекендик продукциянын базалык социалдык маанилүү товарларынын тизмеги аныкталат.
Көрсөтүлгөн социалдык маанилүү товарлардан аталган мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында республика картошка, эт жана эт азыктары, жумуртка, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, сүт азыктары сыяктуу беш гана позиция боюнча өзүнүн өндүрүшүнүн эсебинен өзүн камсыздайт. Калган 4 позиция боюнча камсыздоо импорттун эсебинен жүзөгө ашырылат.
Ушуга байланыштуу бул тизмени алып салууну жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитүүнү сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 4-беренесинин 7-бөлүгүндөгү "социалдык маанилүү товарларда" деген сөздөр "номенклатурага ылайык негизги тамак-аш азыктарында" деген сөздөргө алмаштырылсын, анткени "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик резервде материалдык баалуулуктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети) тарабынан бекитилген номенклатурага ылайык сакталат.
Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 9-бөлүгүн "Кыргыз" деген сөздөн кийин "Республикасынын" деген сөздөр менен толуктоо зарыл.
Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10 жана 14-пунктчаларын алып салуу зарыл, анткени мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жөнөтүү, салуу, сактоо, берүү жана контролдоо "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгү менен азык-түлүк коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырарын көрсөтүү сунушталат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар ичкертен ыңгайлаштырылуусу, логикалык жактан туура түзүлүшү жана ченем чыгаруу техникасына ылайык келиши керек.
Буга байланыштуу сунуш кылынган берененин редакциясын кайра карап чыгуу керек.
Ошондой эле жүргүзүлгөн мониторингдин максаттарын, жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы, жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимин чыгаруу талап кылынабы конкреттештирүү керек, буга байланыштуу сунушталган Мыйзамдын долбоорунун алкагында аталган жоболорду тактаган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайбыз.
Мында Мыйзамдын долбоору боюнча азык-түлүк коопсуздугун, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу милдеттерин аткарууга, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү өнүктүрүүгө, азык-түлүк товарларынын сапатынын жана коопсуздугунун проблемаларын чечүүгө жана аткаруу бийлик органдарынын коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүнө багытталган мамлекеттик программаларды камсыз кылууга чыгымдарды каржылоо маселелерин караган беренелер камтылган.
Сунуш кылынган жоболор Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынгандыгын, атап айтканда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга чыгымдарды каржылоо маселеси Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жоболору менен жөнгө салынгандыгын белгилей кетүү керек.
Буга байланыштуу көрсөтүлгөн жоболорду колдонуудагы ченемдик укуктук актылар менен кайталануу предметинде кайра карап чыгуу керек.
Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга чыгымдарды каржылоо тиешелүү жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат", андан ары текст боюнча.
Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 2-пунктуна карата Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык дүң азык-түлүк комплекси уюмдары финансылык колдоого республикалык бюджеттен каражат бөлүнбөйт, ушуга байланыштуу бул ченемди алып салууну зарыл деп эсептейбиз.
Ушуга байланыштуу сатып алууну жана жеткирүүнү уюштургандан кийин бөлүштүрүү зарыл болгондугуна байланыштуу, ошондой эле контролдонбой калууну жана мүмкүн болуучу коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо үчүн 4-берененин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын негизги тамак-аш азыктарын бөлүштүрүү механизмдерин аныктоону караган ченем менен толуктоо зарыл.
Мыйзамдын долбоорунун 12-беренесинин 2-бөлүгүн жеткире иштен чыгуу зарыл, анткени ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба продукциясы, сырьесу жана азык-түлүк запастары жана жүгүртүлүүчү запастары кантип эсептелери түшүнүксүз.
Мыйзамдын долбоорунун 14-беренеси менен азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатындагы мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти белгилөө сунушталууда. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде бузуунун аталган түрү үчүн жоопкерчилик каралган эмес.
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 14-беренесинин 3-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү зарыл, анткени Москва шаарынын федералдык мыйзамдарынын жана мыйзамдарынын ченемдери Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулбайт.
Мыйзамдын долбоорунун 15-беренесинин 1-бөлүгү менен бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирерин белгилөө сунушталат.
Мында Мыйзамдын долбоорунун 15-беренесинин 2-бөлүгү менен ал кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин сунушталган Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатта сунушталган долбоорду кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылары көрсөтүлгөн.
Муну менен бирге "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатат.
Ушуга байланыштуу сунушталган Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда каржылоо булагын аныктоо керек.
Ошондой эле Мыйзамдын долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына ылайык келбейт, анткени коомдук талкуулоонун жыйынтыктары чагылдырылган эмес.
Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна негиздеме-маалымкат Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун маңызын чагылдырбагандыгын жана мазмунун ачпагандыгын белгилей кетүү керек.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна корутундуну берилген сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алууну сунуштоо менен чыгарат.