Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-февралы № 80-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 376 "Фондулук рынокту жана биржа ишин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 376 "Фондулук рынокту жана биржалык ишти андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы (мындан ары - План) ушул тескеменин тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
- Планды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен, Пландын аткарылышы жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Планды сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 376 "Фондулук рынокту жана биржалык ишти андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Каржылоо булагы |
1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 190 токтому менен бекитилген 2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясын белгиленген артыкчылыктуу багыттарды жана мыкты эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен фондулук рынокту өнүктүрүү бөлүгүндө актуалдаштыруу | "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 190 "2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыкты | КР Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды. Фондулук рынокту өнүктүрүү жана аны санариптештирүү процесси тездетилди, инвестициянын агымы үчүн жагымдуу чөйрө түзүлдү | ЭКМ, Финкөзөмөл | 2023-жылдын 15-ноябры | Республикалык бюджеттин, донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында |
2 | "КФБ" ЖАК жана "БД" ЖАК капиталына мамлекеттин кириши | "КФБ" ЖАК жана "БД" ЖАК акционерлери тарабынан мамлекеттин пайдасына акциялардын кошумча эмиссиясы жөнүндө чечимди даярдоо жана кабыл алуу боюнча иштерди жүргүзүү | Мамлекеттин капиталга катышуусунун эсебинен негизги финансылык институттар чыңдалды. Коомдук маанилүү экономикалык долбоорлорду, анын ичинде мамлекеттин катышуусу менен ишке ашырылуучу, биржалык фондулук рыногунун система түзүүчү улуттук институттары катары "КФБ" ЖАКтын жана "БД" ЖАКтын ролдору жана статустары бекемделди | ЭКМ, ММБФ, ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), "КФБ" ЖАК (макулдашуу боюнча), "БД" ЖАК (макулдашуу боюнча) | 2023-жылдын 15-декабры | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
3 | "КФБ" ЖАКтын жана "БД" ЖАКтын кошумча чыгарылуучу акцияларын мамлекет тарабынан сатып алуу жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоорун иштеп чыгуу | |||||
4 | "КФБ" ЖАКтын жана "БД" ЖАКтын капиталдарына мамлекеттин салымынын суммасын кароо максатында КР республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | |||||
5 | Баалуу металлдар секторун, товардык-сырьелук секторду жана мамлекеттик баалуу кагаздар секторун ишке киргизүү боюнча коомдук маанилүү экономикалык долбоорлорду, анын ичинде мамлекеттин катышуусу менен ишке ашырууну "КФБ" ЖАКка жана "БД" ЖАКка беките турган КР ченемдик-укуктук актыларынын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыгуу | |||||
6 | Борбордук баалуу кагаздар депозитарийинин заманбап жана эл аралык стандарттарга багытталып иштөөсү | КР финансы рыногунда Борбордук баалуу кагаздар депозитарийинин иштешин, ошондой эле анын ишин көзөмөлдөө жана контролдоо тартибине талаптарды караган "Баалуу кагаздар жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | Мыйзамдын долбоору КР Жогорку Кеңешине киргизилди | ЭКМ, Финкөзөмөл, "БД" ЖАК (макулдашуу боюнча) | 2023-жылдын 30-декабры | Республикалык бюджеттин, донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында |
7 | Жүгүртүлүүчү финансылык инструменттердин курамын жана корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздарды, товарларды жана сырьелорду, баалуу металлдарды камтууну кеңейтүүнүн эсебинен "КФБ" ЖАК соода аянтчасын универсалдаштыруу | "КФБ" ЖАК аянтчасында баалуу металлдар секторун, товардык-сырьелук секторду жана туруктуу өнүктүрүү секторун ("жашыл" финансы) ишке киргизүү процесстерин даярдоодо жана уюштурууда КР Министрлер Кабинети, министрликтер жана ведомстволор тарабынан колдоо көрсөтүү жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | Баалуу металлдар, товардык-сырьелук сектордун финансылык инструменттери, "жашыл" финансылык инструменттер менен биржалык соодага катышууга инвесторлорду (ата мекендик жана чет өлкөлүк) тартуу | ФМ, ЭКМ, ФМ караштуу Баалуу металлдар департаменти, "КФБ" ЖАК (макулдашуу боюнча), "БД" ЖАК (макулдашуу боюнча) | 2023-жылдын 30-октябры | Республикалык бюджеттин, ЖАК "КФБ", ЖАК "БД", донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында |
8 | Мамлекеттик баалуу кагаздарды соодалоону "КФБ" ЖАКтын аянтчасына которуу жана тооруктун катышуучуларынын жана инвесторлордун чөйрөсүн кеңейтүү | Жүгүртүү мөөнөтү 12 айлык МКВны жана жүгүртүү мөөнөтү 2 жылдык МКОну жайгаштыруу жана жүгүртүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу | Ички жана тышкы инвесторлор үчүн ачык жайгаштырылуучу МБК рыногуна жеткиликтүүлүктү кеңейтүү | ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), "КФБ" ЖАК (макулдашуу боюнча), "БД" ЖАК (макулдашуу боюнча), ЭКМ | 2023-жылдын 30-декабры | Республикалык бюджеттин ЖАК "КФБ", ЖАК "БД" каражаттарынын алкагында |
9 | Улуттук долбоорлорду жана өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо үчүн фондулук рынокто финансылык инструменттерди чыгаруу жана жайгаштыруу | "КФБ" ЖАК аянтчасында компаниялардын тизмесин жана акцияларды (акцияларды) баштапкы жайгаштырууну (IPO) жүргүзүү мөөнөттөрүн аныктоо жана бекитүү | Инвестициялоо үчүн финансылык инструменттердин жана фондулук рынокто инвесторлордун саны көбөйдү. Эмитенттин аброю жогорулады. Фондулук рыноктун инструменттери аркылуу бирден кем эмес улуттук долбоор же өнүктүрүү долбоору ишке ашырылды | ЭКМ, ММБФ, ЖАК "КФБ" (макулдашуу боюнча), Финкөзөмөл, СӨМ, ИУА | 2023-жылдын 30-декабры | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
10 | Капиталында мамлекеттик үлүшү бар улуттук компанияларды IPO чыгаруу боюнча Жол картаны иштеп чыгуу жана бекитүү | |||||
11 | "КФБ" ЖАКтын аянтчасында акцияларды (IPO) ачык жайгаштыруу жана капиталга катышуунун мамлекеттик үлүшү бар улуттук компаниялардын акцияларын (эң аз дегенде акцияларынын беш пайызын) фондулук биржа аркылуу калкка, институционалдык жана чет өлкөлүк инвесторлорго сатуу | |||||
12 | Ишке ашырууну каржылоо фондулук рынок аркылуу тартылган инвестициялар менен жүзөгө ашырыла турган улуттук долбоорлордун жана өнүктүрүү долбоорлорунун тизмесин бекитүү | |||||
13 | Фондулук рынокто соодалануучу финансылык инструменттердин спектрин кеңейтүү, келечектүү стартап долбоорлордун фондулук рынокко жөнөкөйлөтүлгөн чыгуусу үчүн шарттарды түзүү | Стартап-долбоорлорду даярдоо, түзүмдөштүрүү жана коштоо менен алектенген "КФБ" ЖАКтын аянтчасында стартап-долбоорлор үчүн атайын секторду түзүү | Стартап-долбоорлор үчүн сектор иштейт. Инвестициялардын агымы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | ЖАК "КФБ" (макулдашуу боюнча), баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары (макулдашуу боюнча) | 2023-жылдын 1-октябры | ЖАК "КФБ", донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында |
14 | Финансылык инструменттер, анын ичинде инвестициялык маркетплейстерге онлайн соода жүргүзүү | Фондулук биржаларга жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына санариптик өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берүүчү ченемдик укуктук жана материалдык-техникалык базаны түзүү | Фондулук рынокто процесстерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү үчүн тиешелүү ченемдик укуктук жана материалдык-техникалык база түзүлдү | ЭКМ, фондулук биржалар (макулдашуу боюнча), баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары (макулдашуу боюнча), Финкөзөмөл, СӨМ | 2023-жылдын 30-декабры | Фондулук биржалардын, донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында |
15 | Өлкөнүн фондулук рыногун капиталдардын эл аралык рыноктору менен интеграциялоого | Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде уюштурулган тооруктарда баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө трансчекаралык уруксат берүү жөнүндө макулдашууга кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү | Жалпы биржалык мейкиндикте баалуу кагаздар менен эмиссиялык жана соода операцияларын жүргүзүү эркиндигин камсыз кылуу. "КФБ" ЖАК аянтчасында чет өлкөлүк баалуу кагаздар жүгүртүлөт. Ата мекендик компанияларга инвестицияларды тартуу үчүн капиталдын эл аралык рынокторуна чыгуу жүргүзүлдү. Улуттук фондулук рынокко чет өлкөлүк инвесторлор тартылды | ЭКМ, Финкөзөмөл, "КФБ" ЖАК (макулдашуу боюнча), фондулук биржалар (макулдашуу боюнча), ТИМ | 2023-жылдын 30-сентябры | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
16 | Эл аралык биржалык аянтчалар менен өз ара мамилелерди белгилөө боюнча иштерди жүргүзүү | |||||
17 | Чарбалык субъекттердин фондулук рынокко чыгуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн жагымдуу ченемдик укуктук базаны түзүү | Чарбалык субъекттердин фондулук рынокко чыгуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | Ченемдик укуктук актылар кабыл алынды. Чарбалык субъекттер үчүн инвестициялык каражаттар тартылды | ЭКМ, Финкөзөмөл | 2023-жылдын 30-декабры | Республикалык бюджеттин донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында |
18 | Аманаттардын деңгээлин жогорулатуу максатында өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө калктын инвестициялоо процессине дем берүүгө багытталган жеке инвестициялык эсептердин долбоорун иштеп чыгуу | Жеке инвестициялык эсептер аркылуу квалификациялуу инвесторлор катары фондулук рынокко калктын түздөн-түз катышуусун караган ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу | Калктын инвестициялык активдүүлүгү жогорулатылды жана финансылык инструменттерде калктын аманаттарынын көлөмү өстү | ЭКМ, КРУБ, ЖАК "КФБ" (макулдашуу боюнча), ИУА | 2023-жылдын 30-декабры | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
19 | КР жыш калктуу райондорунда (Ала-Бука, Өзгөн, Кадамжай, Ысык-Көл райондору жана Нарын шаары) "Кыргызпочтасы" ААК тармагы аркылуу брокердик кызматтарды көрсөтүүнү этап-этабы менен киргизүү | "Кыргызпочтасы" ААК тарабынан тиешелүү чечим кабыл алуу жана мыйзамдарда белгиленген тартипте брокердик кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга лицензия алуу боюнча ишти жүргүзүү | Өлкөнүн бардык региондору боюнча чекене инвесторлорго сунушталган брокердик кызматтардын камтылышы кеңейтилди | СӨМ, "Кыргызпочтасы" ААК (макулдашуу боюнча), Финкөзөмөл | 2023-жылдын 1-октябры | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында, "Кыргызпочтасы" ААК |
20 | "КФБ" ЖАКтын жана "БД" ЖАКтын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого эл аралык консультанттарды жана техникалык жардамды тартуу | Фондулук рыноктун улуттук институттарына алардын инфраструктуралык потенциалын чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык донордук уюмдар менен макулдашууларга кол коюу боюнча иштерди жүргүзүү | "КФБ" ЖАКтын жана "БД" ЖАКтын материалдык жана техникалык базасын чыңдоо боюнча техникалык жардам көрсөтүлдү. Бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана санариптештирүү жүргүзүлдү | ЭКМ, Финкөзөмөл, "КФБ" ЖАК (макулдашуу боюнча), "БД" ЖАК (макулдашуу боюнча), ТИМ, ИУА, ФМ | 2023-жылдын 30-декабры | Республикалык бюджеттин, донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында |
21 | Корпоративдик баалуу кагаздардын жана акциялардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана өтүмдүүлүгүн кармап туруу үчүн мамлекеттик катышуу үлүшү бар акционердик коомдордо корпоративдик башкарууну өркүндөтүүгө | Финансылык туруктуулукту камсыз кылуу, баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын корпоративдик башкаруу деңгээлин жана маданиятын жогорулатуу, корпоративдик финансы жаатында кадрларды даярдоо системасын түзүү боюнча инструментарийди киргизүү максатында "Акционердик коомдор жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | Мыйзамдын долбоору КР Жогорку Кеңешине киргизилди | ЭКМ, ММБФ, Финкөзөмөл | 2023-жылдын 30-декабры | Республикалык бюджеттин, донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында |
22 | Мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруу | Айлан-чөйрөнү коргоо, экология, "жашыл" экономика чөйрөсүндөгү долбоорлорду жана социалдык чөйрөдө өнүктүрүү программаларын колдоо үчүн климатты жана биологиялык түрдүүлүктү сактоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле баалуу кагаздарды чыгарууга мамлекеттик тышкы карызды алмашууну жүзөгө ашыруу | Мамлекеттик тышкы карызды алмашуу боюнча долбоорлор ишке ашырылды | ФМ, ЖРЭТКМ | 2023-жылдын 30-ноябры | Республикалык бюджеттин, донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында |
23 | Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу | Финансы-кредиттик уюмдарды жана башка кызыкдар катышуучуларды тартуу менен "Акчалардын глобалдуу жумалыгы" жана "Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнү" кеңири масштабдуу маалыматтык-билим берүү кампанияларын өткөрүү | Үнөмдөөгө дем берүү жүзөгө ашырылды жана улуттук финансылык инструменттердин жагымдуулугу жогорулатылды | КРУБ (макулдашуу боюнча), Финкөзөмөл | Туруктуу негизде | Республикалык бюджеттин, донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында |
Кыскартуулардын тизмеси:
КР | - | Кыргыз Республикасы; |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик; |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; |
ММБФ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд; |
Финкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги; |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги; |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги; |
ААК | - | ачык акционердик коом; |
"КФБ" ЖАК | - | "Кыргыз фондулук биржа" жабык акционердик коому; |
"ЦД" ЖАК | - | "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коому; |
МКВ | - | мамлекеттик казыналык векселдер; |
МКО | - | мамлекеттик казыналык облигациялар; |
МБК | - | мамлекеттик баалуу кагаздар. |