Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 3-марты № 85-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына орнотулушу жана/же колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулардын предметтери жана бөлүктөрү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун макулдашылган техникалык эрежелерин кабыл алуу жөнүндө жана 1958-жылдын 20-мартында Женева шаарында түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунун ушул эрежелеринин негизинде берилген расмий бүтүмдөрдү өз ара таануунун шарттары тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына орнотулушу жана/же колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулардын предметтери жана бөлүктөрү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун макулдашылган техникалык эрежелерин кабыл алуу жөнүндө жана 1958-жылдын 20-мартында Женева шаарында түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунун ушул эрежелеринин негизинде берилген расмий бүтүмдөрдү өз ара таануунун шарттары тууралуу макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |