Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 85-т тескемеси менен жактырылган |
Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына орнотулушу жана/же колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулардын предметтери жана бөлүктөрү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун макулдашылган техникалык эрежелерин кабыл алуу жөнүндө жана 1958-жылдын 20-мартында Женева шаарында түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунун ушул эрежелеринин негизинде берилген расмий бүтүмдөрдү өз ара таануунун шарттары тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына орнотулушу жана/же колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулардын предметтери жана бөлүктөрү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун макулдашылган техникалык эрежелерин кабыл алуу жөнүндө жана 1958-жылдын 20-мартында Женева шаарында түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунун ушул эрежелеринин негизинде берилген расмий бүтүмдөрдү өз ара таануунун шарттары тууралуу макулдашууга (мындан ары - Женева макулдашуусу) - адамдардын коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылууга багытталган мамлекеттер аралык техникалык саясаттын жогорку натыйжалуу инструменти болуп саналат.
Женева макулдашуусу катышуучу өлкөлөргө заводдук сыноолордун негизинде Транспорт каражатынын түрүн жактырууну (мындан ары - ТКТЖ) алууга укуктук мүмкүнчүлүк берет. Ошентип, ата мекендик өндүрүүчүлөр сертификаттоо органына жана сыноо лабораторияларына заводдук сыноолордун протоколдорун жана алардын декларацияларын тапшыруу менен ТКТЖны ала алышат.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Женева макулдашуусуна кошулуусунда ТКТЖны алуу жол-жобосу арзан жана ылдам болот, ошондой эле ЕАЭБдин автомобиль куруу рыногунда ата мекендик автомобиль өнөр жайынын "Борбордук Эмгек Кызыл Туу ордендүү "НАМИ" илимий-изилдөө автомобиль жана автомотор институту" федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын автомототехниканы сыноо жана тактоо боюнча илимий-изилдөө борборунан көз карандылыгы жоюлат.
Женева макулдашуусу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет жана эл аралык укуктун ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт.
Кыргыз Республикасынын Женева макулдашуусуна кошулуусу кандайдыр бир финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.