Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 3-марты № 82-т
БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 67-сессиясына катышуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:
1. 2023-жылдын 6-мартынан тартып 17-мартына чейин Нью-Йорк шаарында (АКШ) боло турган БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 67-сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү 2023-жылдын 4-мартынан тартып 13-мартына чейин Нью-Йорк шаарына (АКШ) иш сапарга жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын Нью-Йорк шаарына (АКШ) баруусу жана келүүсү менен байланышкан уюштуруу маселелерин чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Аялдардын абалы боюнча комиссиянын сессиясынын ишине катышуусу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык 2023-жылга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен, ошондой эле бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме |
2023-жылдын 6-мартынан тартып 17-мартына чейин Нью-Йорк шаарында (АКШ) боло турган БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 67-сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын Курамы
Полотова Жылдыз Арстанбековна | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары, расмий делегациянын жетекчиси; |
Мажитова Шарапаткан Мажитовна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; |
Ашимова Динара Ашимовна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; |
Абдибаева Айсаракан Нышановна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; |
Абыкеев Чолпонбек | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси; |
Рысбекова Жыпариса Боронбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти; |
Ашымбаева Токтобүбү Абасовна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Окоева Гульмира Качкыновна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлөлөргө жана балдарга кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону координациялоо бөлүмүнүн башчысы. |