Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-февралы № 79-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда "Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы - Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда "Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы - Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары, расмий делегациянын башчысы;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жер, жаратылышты коргоо, агрардык жана архитектуралык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы;
Көк-Жаңгак шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Айдаркен шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кадамжай шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын коммуналдык чарба бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча);
"Кадамжай Сууканал" муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча);
Таш-Көмүр шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча "Суу-Чарба" чарбалык эсептеги ишканасынын директору (макулдашуу боюнча);
"Шар-Булак" ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча Көк-Жаңгак өз алдынча чарбалык эсептеги участогунун директору (макулдашуу боюнча);
"Коммунальщик-Айдаркен" ачык типтеги акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).