КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 3-мартындагы № 90-т (Эл аралык документтердин долбоорлорун жактыруу жөнүндө) ТЕСКЕМЕСИ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 3-марты № 90-т
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы автомобиль жолдорунун тармагын оңдоо жана тейлөө үчүн жол-эксплуатациялык ишканаларынын потенциалын чыңдоо максатында:
1. Төмөнкү расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча эл аралык келишимдерди түзгөн Алмашуу ноталарынын долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча Гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарынын долбооруна жана Гранттык макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Алмашуу Нотасы (Долбоор)
Расмий эмес котормо
Бишкек, ___________ 2023-жыл
Кыргыз Республикасынын
Финансы министри
Улуу урматтуу
Алмаз Бакетаев мырзага
Улуу урматтуу,
Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө көмөктөшүү максатында, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнүн маселелерин чечүү аркылуу, Япониянын экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө байланыштуу, Япония Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары "Алуучу" деп аталган) өкүлдөрүнүн ортосунда жакында болуп өткөн сүйлөшүүлөргө урматтоо менен шилтеме жасайм. Ошондой эле Япония Өкмөтүнүн атынан төмөндөгү макулдашууларды урмат көрсөтүү менен сунуштайм:
1. (1) "Баткен облусунун автомобиль жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу долбоорун" (мындан ары "Долбоор") Алуучунун ийгиликтүү жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү максатында, Япониянын тиешелүү мыйзамдарын, укук-ченемдик документтерин жана бюджеттик каражат бөлүп берүүлөрдү эске алуу менен Япония Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жети жүз миллион япон йени (JРҮ 700,000,000) өлчөмүндө грант (мындан ары - "Грант") бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды.
(2) Алуучу же анын ыйгарым укуктуу органы менен Япон Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (JIСА) ортосунда Гранттык макулдашуу (мындан ары "Г/М") түзүлгөндөн кийин грант берилет.
(3) Гранттын шарттары жана мөөнөттөрү, ошондой эле, аны пайдалануу процедуралары ушул макулдашуулардын алкагында Г/М менен жөнгө салынат.
2. Грант Г/Мда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында, бул мезгил Г/М күчүнө кирген датанын жана 2026-жылдын 30-апрели ортосунда болгон шартта жеткиликтүү болот. Бул мөөнөт эки Өкмөттүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара макулдашуусу боюнча узартылышы мүмкүн.
3. Грант Алуучу тарабынан талаптагыдай түрдө жана Долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү (тиешелүү түрдө мындан ары - "товарлар" жана "кызмат көрсөтүүлөр") сатып алуу үчүн гана пайдаланылууга тийиш.
4. Алуучу же анын ыйгарым укуктуу органы товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга япон жарандары менен япон иенинде келишимдерди түзүшү керек (ушул түшүнүктө "япон жарандары" термини япон жеке адамдары тарабынан көзөмөлдөнүүчү жана жана Японияда катталган япон жеке адамдарды же япон юридикалык жактарын түшүндүрөт). Мындай келишимдердин Грантка ылайыктыгы JIСА тарабынан күбөлөндүрүлөт.
5. Грант Алуучу же анын дайындалган ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталган, Япониядагы банкта Алуучунун атына ачыла турган эсепке япония иендери менен төлөмдөрдү жүргүзүү аркылуу Г/М шарттарына ылайык JIСА тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. (1) Алуучу төмөндөгү зарыл чараларды аткарууга тийиш:
(а) Товарларды жана/же Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу менен байланыштуу Алуучунун өлкөсүндө алынышы мүмкүн болгон бажы алымдарын, ички салыктарды жана башка салык жыйымдарын төлөөдөн бошотууга кепилдик берүү;
(б) Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө тийиштүү экологиялык жана социалдык байкоону камсыздоо;
(в) Долбоорду ишке ашырууда Товарлар жана/же кызмат көрсөтүүлөр талаптагыдай жана натыйжалуу тейленишин жана пайдаланылышын камсыздоо,
(г) Долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү жер участогу (участоктору) менен камсыздоо жана бул участокту (участокторду) тазалоо;
(д) Долбоорду долбоордук аянтчадан тышкары ишке ашыруу үчүн электр энергиясын бөлүштүрүү, суу менен камсыздоо, сууну кайруу жана башка көмөкчү шарттарды түзүп берүү;
(е) Алуучунун өлкөсүндө Товарларды тоскоолдуксуз түшүрүүчү, бажылык тазалоолорду жана ички ташууну камсыздоо;
(ж) Товарларды жана/же Кызматтарды жеткирүүгө байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрү талап кылынышы мүмкүн болгон япониялык жана/же үчүнчү өлкөлөрдүн жеке жактарына алардын Алуучунун өлкөсүнө кирүү жана жумуш аткаруу үчүн ошол жерде калуу үчүн зарыл болгон шарттар менен камсыз кылуу;
(з) Алуучунун өлкөсүндө Долбоорду ишке ашырууга тартылган персоналдын коопсуздугун камсыз кылуу; жана
(и) Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон Грант менен жабылган чыгымдардан башка бардык чыгымдарды көтөрөт.
(2) талап кылынган учурда Алуучу Япония Өкмөтүнө Долбоор жөнүндө керектүү маалыматты бериши керек.
(3) Товарларды жеткирүү жана деңизде камсыздандырууга байланыштуу, Алуучу транспорттук жана деңиз камсыздандыруу компанияларынын ортосунда адилеттүү жана эркин атаандаштыкка тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон кандайдыр бир чектөөлөрдү коюудан карманышы керек.
(4) Товарлар жана/же Кызмат көрсөтүүлөр Алуучунун өлкөсүнөн экспорттолбошу же кайра экспорттолбошу керек.
7. Эки өлкөнүн Өкмөттөрү ушул макулдашууларга байланыштуу же анын жыйынтыгында келип чыгуучу бардык суроолор боюнча бири-бири менен кеңешет.
Ошондой эле, ушул Нота жана Алуучунун атынан жогоруда эскертилген сүйлөшүүлөрдү ырастаган Сиздин жооп Нотаңыз, Япония Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен ушул Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аяктаганы жөнүндө жазуу түрүндөгү кабарлоону алган күндөн тартып күчүнө кире турган, Япония Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосунда Макулдашуу түзүүнү урмат көрсөтүү менен сунуштайм.
Сизди жогорку деңгээлде урматтай турганымды билдирүү үчүн ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланам.
Года Хидеки Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси |
|
|
Бишкек, __________ 2023-жыл
Япониянын Кыргыз Республикасындагы
Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
Улуу урматтуу
Года Хидеки мырзага
Улуу урматтуу,
Мен бүгүнкү дата менен Сизден төмөндөгү текстти камтыган Нота алганымды ырастайм:
"Улуу урматтуу,
Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө көмөктөшүү максатында, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнүн маселелерин чечүү аркылуу, Япониянын экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө байланыштуу, Япония Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары "Алуучу" деп аталган) өкүлдөрүнүн ортосунда жакында болуп өткөн сүйлөшүүлөргө урматтоо менен шилтеме жасайм. Ошондой эле Япония Өкмөтүнүн атынан төмөндөгү макулдашууларды урмат көрсөтүү менен сунуштайм:
1. (1) "Баткен облусунун автомобиль жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу долбоорун" (мындан ары "Долбоор") Алуучунун ийгиликтүү жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү максатында, Япониянын тиешелүү мыйзамдарын, укук-ченемдик документтерин жана бюджеттик каражат бөлүп берүүлөрдү эске алуу менен Япония Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жети жүз миллион япон йени (JРҮ 700,000,000) өлчөмүндө грант (мындан ары - "Грант") бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды.
(2) Алуучу же анын ыйгарым укуктуу органы менен Япон Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (JIСА) ортосунда Гранттык макулдашуу (мындан ары "Г/М") түзүлгөндөн кийин грант берилет.
(3) Гранттын шарттары жана мөөнөттөрү, ошондой эле, аны пайдалануу процедуралары ушул макулдашуулардын алкагында Г/М менен жөнгө салынат.
2. Грант Г/Мда көрсөтүлгөн мезгил аралыгында, бул мезгил Г/М күчүнө кирген датанын жана 2026-жылдын 30-апрели ортосунда болгон шартта жеткиликтүү болот. Бул мөөнөт эки Өкмөттүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара макулдашуусу боюнча узартылышы мүмкүн.
3. Грант Алуучу тарабынан талаптагыдай түрдө жана Долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү (тиешелүү түрдө мындан ары - "товарлар" жана "кызмат көрсөтүүлөр") сатып алуу үчүн гана пайдаланылууга тийиш.
4. Алуучу же анын ыйгарым укуктуу органы товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга япон жарандары менен япон иенинде келишимдерди түзүшү керек (ушул түшүнүктө "япон жарандары" термини япон жеке адамдары тарабынан көзөмөлдөнүүчү жана жана Японияда катталган япон жеке адамдарды же япон юридикалык жактарын түшүндүрөт). Мындай келишимдердин Грантка ылайыктыгы JIСА тарабынан күбөлөндүрүлөт.
5. Грант Алуучу же анын дайындалган ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталган, Япониядагы банкта Алуучунун атына ачыла турган эсепке япония иендери менен төлөмдөрдү жүргүзүү аркылуу Г/М шарттарына ылайык JIСА тарабынан жүзөгө ашырылат.
6 (1) Алуучу төмөндөгү зарыл чараларды аткарууга тийиш:
(b) Товарларды жана/же Кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу менен байланыштуу Алуучунун өлкөсүндө алынышы мүмкүн болгон бажы алымдарын, ички салыктарды жана башка салык жыйымдарын төлөөдөн бошотууга кепилдик берүү;
(б) Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө тийиштүү экологиялык жана социалдык байкоону камсыздоо;
(в) Долбоорду ишке ашырууда Товарлар жана/же кызмат көрсөтүүлөр талаптагыдай жана натыйжалуу тейленишин жана пайдаланылышын камсыздоо;
(г) Долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү жер участогу (участоктору) менен камсыздоо жана бул участокту (участокторду) тазалоо;
(д) Долбоорду долбоордук аянтчадан тышкары ишке ашыруу үчүн электр энергиясын бөлүштүрүү, суу менен камсыздоо, сууну кайруу жана башка көмөкчү шарттарды түзүп берүү;
(е) Алуучунун өлкөсүндө Товарларды тоскоолдуксуз түшүрүүнү, бажылык тазалоолорду жана ички ташууну камсыздоо;
(ж) Товарларды жана/же Кызматтарды жеткирүүгө байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрү талап кылынышы мүмкүн болгон япониялык жана/же үчүнчү өлкөлөрдүн жеке жактарына алардын Алуучунун өлкөсүнө кирүү жана жумуш аткаруу үчүн ошол жерде калуу үчүн зарыл болгон шарттар менен камсыз кылуу;
(з) Алуучунун өлкөсүндө Долбоорду ишке ашырууга тартылган персоналдын коопсуздугун камсыз кылуу; жана
(и) Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон Грант менен жабылган чыгымдардан башка бардык чыгымдарды көтөрөт.
(2) талап кылынган учурда Алуучу Япония Өкмөтүнө Долбоор жөнүндө керектүү маалыматты бериши керек.
(3) Товарларды жеткирүү жана деңизде камсыздандырууга байланыштуу, Алуучу транспорттук жана деңиз камсыздандыруу компанияларынын ортосунда адилеттүү жана эркин атаандаштыкка тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон кандайдыр бир чектөөлөрдү коюудан карманышы керек.
(4) Товарлар жана/же Кызмат көрсөтүүлөр Алуучунун өлкөсүнөн экспорттолбошу же кайра экспорттолбошу керек.
7. Эки өлкөнүн Өкмөттөрү ушул макулдашууларга байланыштуу же анын жыйынтыгында келип чыгуучу бардык суроолор боюнча бири-бири менен кеңешет.
Ошондой эле, ушул Нота жана Алуучунун атынан жогоруда эскертилген сүйлөшүүлөрдү ырастаган Сиздин жооп Нотаңыз, Япония Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен ушул Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аяктаганы жөнүндө жазуу түрүндөгү кабарлоону алган күндөн тартып күчүнө кире турган, Япония Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосунда Макулдашуу түзүүнү урмат көрсөтүү менен сунуштайм.
Ушуну менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жогоруда айтылган түшүнүктү ырастоого жана Улуу урматтуу Сиздин Нотаңыз жана ушул жооп Нота Япония Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен ушул Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аяктаганы жөнүндө жазуу түрүндөгү кабарлоону алган күндөн тартып күчүнө кире турган, Япония Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Макулдашууну түшүндүрө турганына макулдугумду ырастайм.
Сизди жогорку деңгээлде урматтай турганымды билдирүү үчүн ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланам.
|
| Алмаз Бакетаев Кыргыз Республикасынын Финансы министри |
Талкуулардын протоколу
Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө көмөктөшүү максатында Япониянын экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө байланыштуу 2023-жылдын ___________ кол коюлган Япония Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары "Алуучу" деп аталган) ортосунда Нота Алмашууга (мындан ары - "Нота алмашуу") шилтеме кылуу менен, Япония жана Кыргыз делегацияларынын өкүлдөрү төмөндөгүлөрдү белгилей кеткиси келет:
1. Нота Алмашуунун 3-пунктуна карата Япония делегациясынын өкүлү Япония өкмөтү Алуучу "Нота алмашуунун" 4-параграфында эскертилген келишимди ыйгаруу үчүн мотивация же сыйлык катары Алуучунун өлкөсүндө коррупция катары карала турган бардык сунуштардын, белектин же төлөмдүн, сыйлыктын же пайданын алдын алуу үчүн керектүү чараларды көрүү керектигин түшүнө турганын билдирди.
2. Нота Алмашуунун 6-параграфынын (2) пунктчасына карата Япония Делегациясынын өкүлү Япония Өкмөтү төмөндөгүнү түшүнө турганын билдирди:
а) керектүү маалымат Нота Алмашуунун 1-параграфынын (1) пунктчасында көрсөтүлгөн, "Баткен облусунун жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу" долбоору менен байланыштуу коррупциялык практика жөнүндө маалыматты камтыйт; жана ошондой эле,
(b) Алуучу мындай маалымат булагына адилеттүү карай турганын камсыздайт.
3. Кыргыз Делегациясынын өкүлү Кыргыз Делегациясы жогоруда эскертилген, Япония Делегациясынын өкүлүнүн билдирүүсүнө каршы эместигин билдирди.
Бишкек, ___________ 2023-жыл.
Года Хидеки Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси |
| Алмаз Бакетаев Кыргыз Республикасынын Финансы министри |
Гранттык Макулдашуу № 2260700 |
| Расмий эмес котормо |
Баткен облусунун автомобиль жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу долбоору үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы ГРАНТТЫК МАКУЛДАШУУ
_______ 2023-жыл
Кыргыз Республикасынын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү максатында Япониянын экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү тууралуу, 2023-жылдын ___________ кол коюлган, Япония Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосунда Ноталарды алмашуу (мындан ары - "Н/А" деп аталуучу) жана тиешелүү мыйзамдар, жоболор жана Япониянын бюджеттик каражат бөлүү шартында, Эл аралык кызматташтыктын Япон агенттиги (мындан ары - "JIСА" деп аталуучу) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - "Алуучу" деп аталуучу) төмөндөгү Гранттык макулдашууну (мындан ары - "Г/М" деп аталуучу) түзүүгө макулдашышты.
1-берене. Гранттын көлөмү жана максаты
JIСА кененирээк маалымат ушул документке тиркелген 1-Графикте жазылган, Н/А 1-пунктунун (1) пунктчасында эскертилген "Баткен облусунун автомобиль жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу" долбоорун (мындан ары - "Долбоор" деп аталуучу) ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында Алуучуга жети жүз миллион япон иени (700000000 иен) өлчөмүнө чейин грантты көбөйтөт.
2-берене. Гранттын болушу
Гранттык макулдашуу күчүнө кирген күндөн баштап 2026-жылдын 30-апрелине чейинки мезгил ичинде Грант JIСА тарабынан төлөмдөр түрүндө берилүүгө тийиш.
3-берене. Грантты пайдалануу
Алуучу долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ушул Макулдашуунун 3-бөлүмүнүн 2-Графигинде көргөзүлгөн өндүрүштүн тиешелүү өлкөлөрдөн товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү, 2-бөлүмдүн 2-Графигинде берилген тиешелүү улуттагы Жабдып туруучунун, подрядчынын же/жана консультанттын (мындан ары бириктирилип "Жабдып туруучулар" деп аталат) төлөмдөрүн жабуу үчүн гана Грантты колдонууга тийиш.
4-берене. Грантты башкаруу
(1) Алуучу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигин Алуучунун атынан долбоорду ишке ашыруу боюнча Аткаруучу орган катары дайындайт (мындан ары текстте "Аткаруучу орган"). Алуучу, Аткаруучу орган Алуучунун кандайдыр бир милдеттемелерин аткарууга жана долбоор боюнча Аткаруучу органдын бардык иш-аракеттери үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алуусун милдеттендирет.
(2) Алуучу долбоорду ишке ашырыш үчүн консультантты жалдашы керек. Консультант Алуучуга ЛСА тарабынан сунушталууга тийиш. JIСА тарабынан консультантка берилүүчү мындай сунуш, Алуучунун алдында консультантка жүктөлгөн милдеттерин ЛСА өзүнө алат дегенди билдирбейт.
(3) Эгерде гранттык каражаттар Долбоорду ишке ашырууда жетишсиз болсо, анда Алуучу зарыл болгон мындай каражаттарды таап берүүгө токтоосуз чара көрүүсү керек.
5-берене. Жалпы жоболор жана шарттар
(1) JIСА жана Алуучу JIСАнын гранттар боюнча 2016-жылдын январында чыккан Жалпы жоболорунда жана шарттарындагы (мындан ары - "ЖЖШ") жоболорду сакташы керек.
(2) ЖЖШнын 2.01-бөлүмүндө каралган сатып алуулар жөнүндө толук маалыматты ушул документке тиркелген 2- Графигинде жазылган.
(3) ЖЖШнын 3.01-бөлүмүндө каралган төлөмдөрдүн жол-жоболору ушул документке тиркелген 3-Графикте жазылган.
(4) ЖЖШнын 7.03-бөлүмүндө каралган даректер төмөндө келтирилет:
JIСА үчүн
Почта дареги:
ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЯПОН АГЕНТТИГИ
JIСАнын Кыргыз Республикасындагы кеңсеси
Бишкек ш., 720040, Раззаков көчөсү, 15
Кыргыз Республикасы
Кимге: Башкы Өкүлү
көчүрмөсү:
ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЯПОН АГЕНТТИГИ
Финансылык кызматташтыкты ишке ашыруу бөлүмү
5-25, Niban-cho, Chiyoda-ku, Токио 102-8012, Япония
Кимге: Башкы директорго
Алуучу үчүн
Почта дареги:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Бульвар Эркиндик, 58, Бишкек шаары, 720040, Кыргыз Республикасы
Кимге: Кызматы
Аткаруучу агенттиги үчүн
Почта дареги:
Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
720017, Бишкек ш., Исанов көчөсү, 42, Кыргыз Республикасы
Кимге: Кызматы
6-берене. Алуучунун башка милдеттенмелери
(1) Алуучу ушул документке тиркелген, 4 Бөлүмүнүн 2 жана 4-Графигинде баяндалган милдеттенмелерди аткарат.
(2) Алуучу долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөргө контракт боюнча жумуштардын кандайдыр бир бөлүгүн Алуучунун кызмат адамдарынын эч кимиси өзүнө албай тургандыгына кепилдик бериши керек.
(3) Алуучу JIСАга долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу отчётту макулдашылган тиркемеге ылайык, JIСА негиздүү сураган формада жана деталдарда, долбоор бүткөнчө берип турушу керек. Долбоор бүткөндөн кийин (6) алты айдан кеч эмес убакытта Алуучу JIСАга долбоор бүткөндүгү тууралуу JIСА негиздүү сураган формада жана деталдарда эң кыска мөөнөттө отчет берүүгө тийиш.
7-берене. Аталыштары
Ушул Макулдашуунун беренелеринин аталыштары ыңгайлуу болуш үчүн гана колдонулду жана Келишимдин жоболоруна чектөө же башка түрдө таасир этүү катары талкууланбоосу керек.
МУНУ ТАСТЫКТОО ҮЧҮН JIСА жана Алуучу, өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу өз атынан ушул Гранттык Макулдашууну түзүштү жана жогоруда көрсөтүлгөн жылы жана күнү Бишкек шаарында кол коюлду.
ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЯПОН АГЕНТТИГИНИН |
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН |
|
|
|
атынан |
| атынан |
|
|
|
___________________________ |
| ___________________________ |
Кавамото Хироюки Кыргыз Республикасындагы JIСА өкүлчүлүгүнүн башчысы |
| (Аты) (Кызматы) |
График 1
Долбоордун деталдары
(1) Максаты:
Долбоордун максаты - глобалдык жылуулукка байланыштуу олуттуу түрдө көбөйгөн жол кырсыктарынан кийин калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу аркылуу Борбордук Азия чөлкөмүндө логистиканы турукташтырууга жана коопсуздугуна салым кошуу жана ошондой эле, Баткенде жайгашкан эл аралык автомобиль жолдорун тейлөө жана жол төшөөчү техниканы жайгаштыруу аркылуу кырсыкка туруктуу жолдорду курууга көмөктөшүү менен Баткен облусунун өнүгүүсүн илгерилетүү.
(2) Жайгашкан орду:
Кыргыз Республикасы, Баткен облусу.
(3) Жумуштардын көлөмү:
(а) жолдорду жана жол катмарын техникалык тейлөө үчүн жабдууларды сатып алуу;
(б) консультациялык кызматтар.
График 2
Сатып алуулардын деталдары
1-бөлүм. Гранттын алкагында сатып алууларга пайдаланылуучу Колдонмо
Грантты талаптагыдай жана өзгөчө колдонууну камсыздоо үчүн Долбоорду ишке ашырууда зарыл болгон товарлар жана/же кызмат көрсөтүүлөр япон гранттары (Тип I) үчүн JIСАнын 2016-жылдын январь айындагы Сатып алуулар боюнча Колдонмосуна ылайык (мындан ары текстте "Сатып алуулар боюнча Колдонмо") (мындан ары текстте "Эксплуатациялоо боюнча Колдонмо") сатып алынышы керек.
2-бөлүм. Жарандык укуктук тиешелүүлүгү
(1) Эгер Жабдып туруучу(-лар) менен Алуучу долбоорду ишке ашырууда түздөн-түз келишимди аткара турган болсо, анда Жабдып туруучу(-лар) Япониянын жараны (-дары) болушу керек.
(2) Жогорудагы (1) пунктчага карата, "япон жарандары" деген термин Алмашуу ноталарынын 4-пунктунда баяндалгандай, япон жеке жактары тарабынан көзөмөлдөнүп турган япондук жеке же юридикалык жактарды билдирет.
(3) Мындай келишимдер, жогорудагы (1) пунктчада көрсөтүлгөндөй япон иендери менен туюнтулушу керек.
3-бөлүм. Ыйгарым укуктуу өлкөлөр
(1) Долбоорду ишке ашырууда товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн ыйгарым укуктуу өлкөлөр Япония жана Алуучунун өлкөсү болуп саналат.
(2) Жогорудагы (1) бөлүкчөгө карабастан, эгер ЛСА жана Алуучу зарыл деп табышса, Грант Япония же Алуучунун өлкөсүнөн башка өлкөлөрдөн долбоорду ишке ашырууга товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга колдонулса болот.
4-бөлүм. JIСАнын текшерүүсү
Алуучунун сатып алууларды жана чечимдерди кабыл алуусунун жол-жоболоруна карата, Алуучу төмөнкү учурларда төмөнкү документтерди JIСАнын кароосуна жана макулдашуусуна жибериши керек. Алуучу JIСАнын маалыматы үчүн, JIСА негиздүү сурай ала турган ар кандай документтерди жана маалыматтарды берүүсү керек. JIСА ушул документтерге карата эч кандай каршылыгы жок болгон учурда, тиешелүү үлгүдө JIСА Алуучуга өзүнүн макулдугун кабарлаш керек. JIСАнын ушундай кароо жана жактыруу укугу JIСАнын милдети деп эсептелбеши керек. Алуучу, ушундай кароону ишке ашырууга карата JIСАнын кароосуна байланыштуу, Келишим боюнча өзүнүн кайсы бир милдеттеринен бошотулбайт.
(1) Консультанттар менен контрактка кол коюу.
Консультант менен түзүлгөн келишимдин түп нускасына кол коюулары менен Гранттык укуктуулукка ылайык келүүсүнө текшерүүгө берилиши керек.
(2) Атаандаштык тооруктардан айырмаланган сатып алуулардын жол-жоболору.
Конкурстук тооруктардан башка сунушталган сатып алуу жол-жоболорун сыпаттоо, конкреттүү кырдаалдар атаандаштык тооруктарды өткөрүү максатка ылайыктуу болбогон учурларда, мындай жол-жоболор башталганга чейин берилиши керек.
(3) Алгачкы квалификациялоо жөнүндө расмий жарыялоо.
Алгачкы квалификациялоо жөнүндө расмий жарыялоонун мазмуну, ал жарыяланганга чейин сунушталышы керек. Жарыялоого көмөк көрсөтө турган документке киргизилген ар кандай маанилүү оңдоолор, ошондой эле, мындай документтер сооданын потенциалдуу катышуучуларына жөнөтүлө электе сунушталыш керек.
(4) Алгачкы квалификациялоонун негизинде тандоо.
(1) Жабдып туруучу(-лар) катары тандала турган алгачкы квалификациялык тандоо боюнча өткөн компаниялардын тизмеси (ii) тандоо процесси жөнүндө отчет, анын ичинде, тандоо процессинде Алуучу кабыл алган чечим жана башка (iii) тиешелүү документтер алгачкы квалификациялоонун негизинде тандоонун натыйжалары жөнүндө билдирүү тооруктардын катышуучуларына жиберилгенге чейин берилиши керек.
(5) Тооруктарга катышуу жол-жоболору.
Тооруктардын катышуучуларына билдирүү жана нускама сыяктуу тендердик документтер, тендердик сунуштардын формалары, баалоочу критерийлер жана контракттын долбоору тендердик сунуштарды берүүгө чакырууга чейин сунуш кылынышы керек. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге ар кандай маанилүү оңдоолор, ошондой эле, бул документтер тооруктардын болжолдуу катышуучуларына жиберилгенге чейин сунуш кылынышы зарыл.
(6) Техникалык сунуштарды талдоо.
Техникалык сунуштарды талдоонун натыйжасы, талдоо жүргүзүлөөрү менен сунуштардын баасын ачууга чейин кыска мөөнөттө көрсөтүлүшү керек.
(7) Баалардын сунуштарын талдоо.
Сунуштардын баасын талдоонун натыйжасы, талдоо жүргүзүлөөрү менен жана ийгиликтүү катышуучуга келишим ыйгарылганы тууралуу билдирүү жиберилгенге чейин токтоосуз сунушталышы керек.
(8) Жабдып туруучу(-лар) менен келишимге кол коюу.
Жабдып туруучу(-лар) менен келишимдин түп нускасы анын гранттык укуктуулукка текшерүү үчүн ага кол коюлгандан кийин кыска мөөнөттүн ичинде берилиши керек.
(9) Каражаттарынын калдыктарын же Гранттын күтүлбөгөн чыгымдарын бөлүштүрүү.
Каражаттардын калдыктарын же Гранттын күтүлбөгөн чыгымдарын караштыруу жана жактыруу боюнча өтүнүч мындай зарылдыкты негиздөө менен JIСАга каражаттардын мындай калдыктарын же Гранттын күтүлбөгөн чыгымдарын пайдаланууга карата кандайдыр бир иш-аракеттерди кабыл алууга чейин сунуш кылынышы керек.
(10) Келишимге өзгөртүү киргизүү же жокко чыгаруу.
(а) Келишимдин мөөнөтүн узартуу боюнча өтүнүч жана мындай өтүнүч кылууга негиздүү себептер мындай өзгөртүүнү келишимге киргизүүгө чейин узартылган мөөнөт үч (3) айдан ашык мөөнөттү түзгөн кырдаалда же узартылган мөөнөттүн аягы менен Гранттын жеткиликтүүлүгүнүн акыркы мөөнөтүнүн ортосунда алты (6) айдан кем убакыт калганда берилиши керек.
(b) Келишимге киргизилген ар кандай олуттуу өзгөртүүлөр же аны жокко чыгаруу жөнүндө маалымат JIСАга ошол замат билдирилиши керек. Келишимдин түп нускасы жана башка керектүү документтер кол коюлгандан кийин, келишимдеги өзгөртүүлөр Гранттык укуктуулукка текшерүү үчүн кароого берилиши керек.
(11) Баштапкы долбоорду модификациялоо.
Баштапкы долбоорду олуттуу модификациялоону баяндоо, долбоорго мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланышкан ар түрдүү иште; ди аткарууга чейин сунуш кылынышы зарыл.
Күмөндөрдөн алыс болуш үчүн, JIСА аныктагандай, долбоорду олуттуу модификацялоого жатпаган же келишимге олуттуу өзгөртүү болбогон кандайдыр бир өзгөртүүлөр JIСАнын макулдугун талап кылбайт.
График 3
Төлөөнүн жол-жоболору
1-бөлүм. Банктык тариздөө жана төлөөгө уруксат
Алуучу дароо Г/М кол коюлгандан кийин Япониядагы банк менен банктык макулдашуу (мындан ары текст боюнча "Банктык келишим") түзүшү керек жана банк-агентте эсеп (мындан ары текст боюнча "Гранттын эсеби") ачышы керек. Банктык келишим Банк-агенттин жана Алуучунун JIСАнын Грантына карата ролдорун жана Жабдып туруучуга (-ларга) япондук грант боюнча Төлөмгө уруксат (мындан ары "Төлөмгө уруксат алуу") алуунун жардамы менен төлөмдөрдү жүргүзүүнү карайт. Банктык келишимде жазылган жол жоболорду аткаруу үчүн Алуучу Банк-агентке JIСА тастыктаган ар бир контракт менен байланышкан төлөмгө уруксат берүүгө милдеттүү.
2-бөлүм. Жол-жоболор
Төлөм Жабдып туруучунун(-лардын) талабы менен ишке ашырылышы керек. Төлөмгө суроо талап жана башка керектүү документтер банк-агентке Алуучудан төлөмгө уруксат берүүгө ыйгарым укуктуу болгон Жабдып туруучу(-лар) сунуштап бериш керек жана бул документтер JIСАга тиешелүү түрдө сунушталып берилиши керек. JIСА Гранттын талап кылынган суммасын япон иенинде берилген төлөмгө болгон суроо талап жана башка документтер тастыкталгандан кийин Гранттын Эсебине которот. Банк-агент Жабдып туруучуга(ларга) Гранттын Эсебинен төлөмдү алуучунун атынан грант алынгандан кийин, ишке ашырат.
График 4
Алуучунун милдеттенмелери
Алуучунун Н/Ада каралган милдеттенмелерине жараша, Алуучу төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн милдеттенмелерди өзүнө алат. JIСА жана Алуучу бул же тигил убакыт учурунда өзүнчө жазуу жүзүндө Н/А да каралган, төмөнкү таблицада жазылган милдеттемелердин алкагындагы суроолор, мөөнөттөр жана башка маселелер боюнча өз ара келише алышат.
Алуучунун Гранттын каражаттарынан каржыланбай турган өзгөчө милдеттери
1) Тендер өткөргөнгө чейин
№ | Беренелер | Мөөнөттөрү | Жооптуулар | Болжолдонгон наркы АКШ доллары (сом) | Шилтеме |
1 | Банктык эсеп ачуу | Г/М күчүнө киргенден кийин бир айдын ичинде | ТКМ |
|
|
2 | Япониядагы Банкка (Банк-агент) консультанттын кызматы үчүн төлөм аткарууга Д/О | Консультант менен контрактка кол коюлгандан кийин 1 айдын ичинде | ТКМ |
|
|
3 | Төмөнкү жерлердин коопсуздугун камсыздоо жана тазалоо 1) Кампа жабдуулары жана завод үчүн аянтча 2) Асфальт-бетон заводун жана таш майдалоочу жабдууну орнотуу үчүн аянтча. Жерлерди тегиздөө | Тендер жөнүндө билдирүүгө чейин | ТКМ |
|
|
4 | Долбоорду мониторинг кылуу боюнча отчет берүү (деталдуу долбоорлоонун натыйжалары менен) | Тендер жөнүндө билдирүүгө чейин | ТКМ |
|
|
1) Долбоорду ишке ашыруу убагында
№ | Беренелер | Мөөнөттөрү | Жооптуулар | Болжолдонгон наркы АКШ доллары (сом) | Ссылка |
1 | Япониядагы банкка (банк агент) Жабдып туруучуга төлөмдү ишке ашыруу үчүн Т/У жөнөтүү | Келишим(дер)ге кол коюлгандан кийин 1 айдын ичинде | ТКМ |
|
|
2 | Банктык келишимге ылайык төмөнкү комиссияларды япон банкына банктык кызматтарды төлөө |
|
|
|
|
1) Төлөм тапшырмасы боюнча консультант үчүн комиссия | Келишим(дер)ге кол коюлгандан кийин 1 айдын ичинде | ТКМ |
|
| |
2) Төлөм тапшырмасы боюнча төлөм комиссиялары | Ар бир төлөм |
|
|
| |
3 | Долбоорду ишке ашырууга тартылган персоналдын коопсуздугун камсыз кылуу | долбоор учурунда | ТКМ |
|
|
4 | Асфальт-бетон заводунун жана таш майдалоочу заводдун Айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоону (АТТБ) жүргүзүү | Келишим(дер)ге кол коюлгандан кийин 6 айдын ичинде | ТКМ |
|
|
1) АТТБ жүргүзүү жана АТТБ боюнча отчетту тиешелүү көзөмөлдөөчү органга жөнөтүү | Келишим(дер)ге кол коюлгандан кийин 6 айдын ичинде | ТКМ |
|
| |
2) АТТБ отчету тиешелүү көзөмөлдөөчү орган тарабынан каралып, жактырылды | Келишим(дер)ге кол коюлгандан кийин 6 айдын ичинде | ТКМ |
|
| |
5 | Алуучунун өлкөсүндө бажы жол жоболоштурууну жана ички ташууну камсыздоо | долбоор учурунда | ТКМ |
|
|
6 | Япондук жеке жактарга жана/же өнүмдөрдү жеткирип берүү менен жана/же бекитилген келишимдин алкагында кызмат көрсөтүү боюнча кызматтары талап кылынган үчүнчү өлкөлөрдүн жеке жактарына Алуучунун өлкөсүнө кирүүгө жана ал жакта калып өзүнүн жумушун аткарууга зарыл болгон кызматтарды көрсөтүү. | долбоор учурунда | ТКМ |
|
|
7 | Алуучунун өлкөсүндө поварларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга байланыштуу алынышы мүмкүн болгон бажы алымдарынан, ички салыктардан жана башка салыктык жыйымдардан бошотууну камсыз кылуу | долбоор учурунда | ТКМ |
|
|
8 | Долбоорду ишке ашырууга зарыл болгон, Гранттын эсебинен жабылгандардан башка бардык чыгымдарды өз мойнуна алуу | долбоор учурунда | ТКМ |
|
|
9 | Контракт боюнча ар бир жумуш аяктагандан кийин Доолордун Мониторинги боюнча Отчетту тапшыруу, мисалы, жөнөтүү, өткөрүп берүү, орнотуу жана эксплуатациялык окутуу | Ар бир жумуш аяктагандан кийин 1 айдын ичинде | ТКМ |
|
|
1 ) Долбоордун Мониторинг боюнча Отчетун тапшыруу | Ар бир жумуш аяктагандан кийин 1 айдын ичинде | ТКМ |
|
| |
2) Долбоордун мониторинг боюнча отчеттун тапшыруу (акыркы) | Келишим(дер) боюнча иштин аяктагандыгы жөнүндө күбөлүккө кол коюлгандан кийин 1 айдын ичинде | ТКМ |
|
| |
10 | Долбоордун аяктагандыгы тууралуу отчетун тапшыруу | Долбоор аяктагандан кийин 1 айдын ичинде | ТКМ |
|
|
11 | Долбоордун алкагында келген жабдууларды Бишкек шаарынан Баткенге жеткирүү | долбоор учурунда | ТКМ |
|
|
3) Долбоордон кийин
№ | Беренелер | Мөөнөттөрү | Жооптуулар | Болжолдонгон наркы АКШ доллар ы (сом) | Ссылка |
1 | Япондук гранттын алкагында алынган жабдыктарды сактоо жана туура, эффективдүү пайдалануу. 1) Техникалык жактан тейлөөгө кеткен чыгымдарды бөлүштүрүү 2) Эксплуатациянын жана техникалык жактан тейлөөнүн түзүмү 3) Пландык текшерүү/Мезгил мезгили менен текшерүү | Курулуш бүткөндөн кийин | ТКМ |
|
|
Т/Т - Төлөм тапшырмасы; Б/К - Банк келишими 3) ТКМ - КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.
(2) Алуучунун грант менен каржылануусунун алкагында башка милдеттери.
№ | Беренелер | Мөөнөттөрү | Суммасы (млн. япон йени)* |
1 | Жабдуулар менен камсыздоо үчүн 1) Төмөнкү ташууну ишке ашыруу А) Япониядан продукцияны Алуучунун өлкөсүнө аба аркылуу негизги ташуу |
|
|
2 | - Деталдуу долбоорлоо, тендердик колдоо жана сатып алууларды көзөмөлдөө (консалтинг кызматтары) |
| |
3 |
|
| |
| Баардыгы |
|
|
(Эскертүү) Алуучунун милдеттенмелеринин аткарылышы мезгил мезгили менен JIСА менен Алуучунун ортосунда жазуу жүзүндө жаңыртылып жана бекитилип турат.