Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-марты № 154
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 776 тескемеси менен дайындалган "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү кызматынан бошотулсун:
- Аттокуров Мелс Шерикбаевич, 2023-жылдын 28-февралындагы берген арызына ылайык;
- Омуркулов Азизбек Пазылбаевич, 2023-жылдын 7-мартындагы берген арызына ылайык.
2. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп дайындалсын:
- Асанов Уланбек Жалалович;
- Мадумаров Канатбек Маматович.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул тескеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо боюнча "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз чогулушун өткөрсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |