Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 3-апрели № 150-т
“Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
2023-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорнунун аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына менчигинде 6 жылдан кем эмес мөөнөт ок атуучу аңчылык сайсыз куралдын болуусун талап кылбастан сайлуу аңчылык куралды сатып алууга уруксат берүү жүзөгө ашырылсын.
Кыргыз Республикасынын Ички иштенр министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |