Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-марты № 136-т
Кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиянын 23-жыйналышынын жүрүшүндө жетишилген келишимдерди ишке ашыруу, россия тарап менен алдыдагы өкмөттөр аралык консультацияда биологиялык коопсуздук маселелери боюнча кыргыз тараптын бирдиктүү позициясын даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору боюнча кыргыз тараптын позициясын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык топ 2023-жылдын 25-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору боюнча бирдиктүү позицияны түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.
3. Ведомстволор аралык топ министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, агенттиктердин жана кызматтардын өкүлдөрүн, консультанттарды (макулдашуу боюнча) тартууга укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ведомстволор аралык топтун жумушчу органы болуп аныкталсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору боюнча кыргыз тараптын позициясын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Арыкбаева Бубужан Камчыбековна | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы, ведомстволор аралык топтун жетекчиси; |
Усенбаев Нурболот Толошевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык карантин жана өтө кооптуу инфекциялар борборунун директорунун орун басары, ведомстволор аралык топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык топтун мүчөлөрү: | ||
Бейшебаева Зинат Ыксановна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо башкармалыгынын начальниги; |
Ногойбаев Бек Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин стратегиялык пландоо жана программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги; |
Исмаилова Чолпон Нурбековна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин кеңешчиси; |
Асан уулу Канатбек | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу бөлүмүнүн начальнигинин орун басары; |
Хегай Иван Валерьевич | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын өсүмдүктөр дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы; |
Сотовалдиев Адилет Шаршенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын эпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгынын начальниги; |
Наматов Талантбек Абдылдаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин медициналык бөлүмүнүн начальниги; |
Курбанбаев Максатбек Амангельдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүмчөсүнүн начальниги; |
Бегматова Асель Абжалбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги; |
Баймурзаев Мухтарбек Арапбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги; |
Оморова Махабат Таштандиевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык маселелер, мамлекеттик башкаруу, укук коргоо жана сот системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар башкармалыгынын башкы адиси; |
Убраимов Жаныбек Мураталиевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо башкармалыгынын адиси. |