Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 431-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2023-жылдын 10-февралы № 46-т
Ата мекендик продукцияны экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү, Кытай Эл Республикасынын рыногунда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасына экспортунун көлөмүн көбөйтүү боюнча жол картасы (мындан ары - Жол картасы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору жана "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча):
- Жол картасын белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине Жол картасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Жол картасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасына экспортунун көлөмүн көбөйтүү боюнча ЖОЛ КАРТАСЫ
№ | Иш-чара | Ишке ашыруу формасы | Аткаруу мөөнөттөрү | Аткаруучулар |
Өндүрүүчүлөрдү экспортко чейинки даярдоо | ||||
1 | КЭРдин рыногунда реалдуу экспорттук потенциалы бар товарлардын сапатына жана коопсуздугун ырастоого (сертификациялоо, маркалоо. лицензиялоо, квоталоо) милдеттүү талаптарды регламенттөөчү КЭРдин мыйзамдык базасын жана административдик ченемдерин инвентаризациялоо | Өндүрүүчүлөр - экспорттоочулар үчүн сертификациялоо. маркалоо, лицензиялоо, квоталоо маселелери жана башка чаралар боюнча сунуштар менен аналитикалык каттар даярдалды | 2023-жылдын январь-марты | АЧМ, ЭКМ. ТИМ, КР КЭР Элчилиги |
2 | Соода ишин жүргүзүү эрежелерин, КЭРдин рыногунда реалдуу экспорттук потенциалы бар товарлардын мүнөздөмөлөрүнө (соода маркаларынын аталышы, жазуулар, таңгактар ж.б.) талаптарды регламенттөөчү КЭРдин мыйзамдык базасын жана административдик ченемдерин талдоо/инвентаризациялоо | Өндүрүүчүлөр - экспорттоочулар үчүн сунуштар менен соода ишин жүргүзүү эрежелери боюнча аналитикалык кат даярдалды | 2023-жылдын февраль-апрели | ТИМ, КР КЭР Элчилиги, ЭКМ |
3 | Жеткирилүүчү продукцияга кытай рыногунун керектөөлөрү жана талаптары жөнүндө ата мекендик өндүрүүчүлөргө маалымат берүү, ишкерлерге алардын продукциясын КЭРдин ички рыногуна киргизүү боюнча КЭРдин негизги талаптары жөнүндө маалымдоону камсыздоо | Ишкерлерге КЭРдин рыногуна кирүүгө карата талаптар жөнүндө маалымдалды | 2023-жылдын март-апрели | ИУА (макулдашуу боюнча) АЧМ, СӨП (макулдашуу боюнча) |
4 | КЭРдин талаптарына максималдуу ылайык келген абалда турган ишканалардын тизмесин аныктоо | КЭРге экспорттоого максималдуу даярдалган өндүрүүчүлөр экспорттоочулар аныкталды | 2023-жылдын майы | АЧМ |
5 | КЭРдин жеткирилүүчү продукцияга карата улуттук стандарттарынын талаптарына өндүрүлүүчү продукциянын ылайык келишин камсыздоо боюнча ишканаларга консультациялык жардам көрсөтүү | Ишканаларга продукциянын ылайык келишин камсыздоого көмөк көрсөтүлдү | Дайыма | АЧМ, ЭКМ |
6 | Ветеринардык жана фитосанитардык контролго тийиш болгон КРден жеткирилүүчү продукциянын КЭРдин талаптарына ылайык келишин камсыздоо | Жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган азыктарды ветеринардык инспекциялоо жана фитосанитардыж контролдоо чөйрөсүндө тажрыйба алмашылды | 2023-жылдын ичинде | АЧМ |
КЭРдин рыногуна кирүү | ||||
7 | Алкоголдук жана алкоголсуз продукцияны экспорттоо жол-жобосу жөнүндө техникалык маалыматты суроо | Кытай тараптан тиешелүү маалымат алынды | 2023-жылдын апрели | АЧМ, ТИМ |
8 | Пиязды жана сарымсакты жеткирүү үчүн расмий өтүнмө жиберүүнү жана кытай тараптын суроо-талабы боюнча зарыл болгон техникалык маалыматты даярдоону камсыз кылуу | Өтүнмө берүү жана кытай тараптын сурамжылоосуна тиешелүү жоопту берүү | 2023-жылдын сентябры | АЧМ, ТИМ |
9 | Этти, канаттуулардын, балыктын субпродуктуларын жана балык продукциясын, айыл чарба жаныбарларынын терилерин жеткирүү үчүн расмий өтүнмө жиберүүнү камсыз кылуу | Өтүнмө берүү жана кытай тараптын сурамжылоосуна тиешелүү жоопту берүү | 2023-жылдын ичинде | АЧМ, ТИМ |
10 | КРден КЭРге экспорттолуучу жаныбарлардан алынган продукцияга (кой-эчкинин эти, чочконун эти жана ири мүйүздү малдын, кой-эчкинин субпродуктулары, тирүү ири мүйүздү мал, кой-эчки) ветеринардык талаптар боюнча протоколдорго кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу | Протоколдорду макулдашуу жана кол коюу процессин тездетүү | Дайыма | АЧМ, ТИМ |
11 | КРден КЭРге экспорттолуучу өсүмдүктөрдөн алынган продукцияга (буурчак, картошка, алма, өрүк, кургатылган жемиштер, кара өрүк, беде чөбү, дарбыз жана рапс) фитосанитардык талаптар боюнча протоколдорго кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу | Протоколдорду макулдашуу жана кол коюу процессин тездетүү | Дайыма | АЧМ, ТИМ |
КЭРдин рыногунда продукцияны илгерилетүү | ||||
12 | КЭРге экспорттоого уруксат алган ишкерлердин арасында сурамжылоо жүргүзүү жана экспорттун өсүшүн кармап турган негизги проблемаларды аныктоо | Негизги проблемаларды аныктоо, аларды четтетүүгө көмөк көрсөтүү | 2023-жылдын март-апрели | ИУА (макулдашуу боюнча), АЧМ, ЭКМ, ТИМ, СӨП (макулдашуу боюнча) |
13 | КЭРге экспорттоого укугу бар ишканалардын каталогун түзүү, КЭРге экспорттоо үчүн продукциянын мүмкүн болгон көлөмүн аныктоо жана ишканалардын коммерциялык сунуштарын даярдоо | Кытай тарапка тиешелүү маалыматты жиберүү, кызыкдар жактардын арасында таратуу | 2023-жылдын июну | ИУА (макулдашуу боюнча), ТИМ |
14 | КЭРдин рыногуна экспорттоочу кыргыз ишканаларынын тизмесин кеңейтүү | КЭРдин импорттоочуларынын реестрине киргизүү үчүн экспорттоочулардын тизмеси КЭРге берилди | Дайыма | АЧМ, ТИМ |
15 | КЭРдин рыногунда кыргыз продукциясынын таанылуусу боюнча иштерди жүргүзүү, кыргыз товарларынын таанылуучу брендин түзүү жана илгерилетүү | Кыргыз продукциясын жайылтуу боюнча маалыматтык кампанияларды жүргүзүү | Дайыма | ТИМ, КР КЭР Элчилиги, ЭКМ |
16 | КЭРде өткөрүлүүчү көргөзмөлөргө, бизнес-форумдарга ишкерлердин катышуусуна көмөк көрсөтүү | КРдин потенциалдуу экспорттоочуларынын адистештирилген көргөзмөлөргө катышуусу | Дайыма | ТИМ, ИУА (макулдашуу боюнча), СӨП (макулдашуу боюнча) |
17 | Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу товарлардын жана транспорт каражаттарынын эркин өтүүсү жана чектөөлөрдү алып салуу маселеси боюнча кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай участогундагы өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши жөнүндө маселелерди чечүү | 2023-жылдын апрели | ЭКМ, ССМ, ТИМ, МБК |
18 | "Кыргыз почтасы" ААКтын КЭРде өкүлчүлүгүн ачуу боюнча маселени иштеп чыгуу | КРге жөнөтүлүүчү почта жүктөрүн чогултууну жана консолидациялоону уюштуруу | 2024-жылдын июну | "Кыргыз почтасы" ААК (макулдашуу боюнча), ТИМ |
19 | КЭРге жүктөрдү жана почта жөнөтмөлөрүн жеткирүү үчүн транспорттук-логистикалык компанияны тартуу боюнча иштерди жүргүзүү | КРден КЭРге чейин логистикалык чынжырчаны ишке ашыруу | 2024-жылдын декабры | "Кыргыз почтасы" ААК (макулдашуу боюнча) |
20 | КЭРге жөнөтүүгө КРде жүктөрдү консолидациялоо үчүн "Бонд кампаларын" куруу үчүн инвесторлорду тартуу боюнча иштерди жүргүзүү | Бонд кампаларын ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча маселелерди иштеп чыгуу, "Кыргыз почтасы" ААКты электрондук соода оператору катары аныктоо | 2024-жылдын декабры | "Кыргыз почтасы" ААК (макулдашуу боюнча) |
21 | Жергиликтүү интернет дүкөнүн - маркетплейсти түзүү боюнча иштерди жүргүзүү | Сатууларды уюштуруу үчүн маркетплейсти ишке киргизүү | 2024-жылдын декабры | "Кыргыз почтасы" ААК (макулдашуу боюнча) |
Кыскартуулардын тизмеси:
КР | - | Кыргыз Республикасы |
КЭР | - | Кытай Эл Республикасы |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
СӨП | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы |
"Кыргыз почтасы" ААК | - | "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому |