Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2023-жылдын 3-марты № 83-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле Ысык-Көлдүн флорасына жана фаунасына коркунуч туудурган суу алдындагы таштандылардан, балык уулоочу торлордон көлдүн акваториясынын булганган участокторун тазалоо жана суучулдук изилдөө боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктчасына ылайык:
1. Ысык-Көлдүн акваториясынын жээктеги суу алдындагы бөлүгүнө суучулдук изилдөө жүргүзүү, суу алдындагы таштандылардан тазалоо жана балык кармоочу эски торлорду алып чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - Ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ Ысык-Көлдүн флорасына жана фаунасына коркунуч туудурган суу алдындагы таштандылардан, балык уулоочу торлордон көлдүн акваториясынын булганган участокторун тазалоо жана суучулдук изилдөө боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бекитүүгө киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ушул тескемеден келип чыгуучу кошумча акча каражаттарды карасын.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) өз компетенциясынын чегинде Ысык-Көлдүн флорасына жана фаунасына коркунуч туудурган суу алдындагы таштандылардан, балык уулоочу торлордон көлдүн акваториясынын булганган участокторун тазалоо жана суучулдук изилдөө боюнча иш-чаралар планын ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине туруктуу негизде көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- Ысык-Көлдүн флорасына жана фаунасына коркунуч туудурган суу алдындагы таштандылардан, балык уулоочу торлордон көлдүн акваториясынын булганган участокторун тазалоо жана суучулдук изилдөө боюнча иш-чаралар планын өзүнүн чечими менен бекитсин;
- ушул тескемеден келип чыгуучу иш-чараларды аткарууга иш жүзүндөгү финансылык чыгымдардын эсептерин түзсүн жана аларды бардык ырастоочу документтери менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин;
- Ысык-Көлдүн флорасына жана фаунасына коркунуч туудурган суу алдындагы таштандылардан, балык уулоочу торлордон көлдүн акваториясынын булганган участокторун тазалоо жана суучулдук изилдөө боюнча иш-чаралар планынан келип чыгуучу иш-чараларды жүзөгө ашырсын жана ушул тескеменин 4-пунктунда көрсөтүлгөн органдардын ишин координацияласын.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топко мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле иш үчүн зарыл болгон маалыматты суроого укук берилсин.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Ысык-Көлдүн акваториясынын жээктеги суу алдындагы бөлүгүнө суучулдук изилдөө жүргүзүү, суу алдындагы таштандылардан тазалоо жана балык кармоочу эски торлорду алып чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары.