|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 91-т тескемесине) |
Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу боюнча координациялык комиссия жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 847-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу боюнча координациялык комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү маселелерин андан ары илгерилетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын институттук эс тутумун сактоо үчүн мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ишин координациялоону камсыз кылуучу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 847-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Комиссиянын төрагасы болуп саналат.
Комиссиянын төрагасынын орун басарлары болуп Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги эсептелет. Комиссиянын төрагасы жок учурда анын милдеттерин Комиссиянын төрагасынын орун басарларынын бири аткарат.
Комиссиянын төрагасы зарыл болгон учурда Комиссиянын жыйналыштарына катышуу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилерин жана кызматкерлерин, ошондой эле алдын ала макулдашуу боюнча жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын жана донор өлкөлөрдүн, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн жана Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү маселелерин илгерилетүү боюнча башка өнөктөштөрдү чакырат.
3. Комиссиянын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, 1992-жылдын 14-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын ортосундагы макулдашуу, Бириккен Улуттар Уюмунун Саммитинин туруктуу өнүктүрүү боюнча "Биздин дүйнөнүн кайра жаралуусу: 2030-жылга чейинки мезгилге туруктуу өнүктүрүү жаатындагы күн тартиби" жыйынтык документи, ошондой эле ушул Жобо түзөт.
2. Комиссиянын максаттары жана милдеттери
4. Комиссиянын ишинин максаттуу багыттары болуп Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү маселелерин андан ары илгерилетүү жана ишке ашыруу, ошондой эле Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча Улуттук ыктыярдуу серепти даярдоо жана берүү саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 847-т тескемесинин редакциясына ылайык)
5. Комиссия ишинин максаттуу багыттарына ылайык төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү маселелерин илгерилетүүгө жана ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын секторлор аралык өз ара аракеттенүүсүнө көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү маселелерин илгерилетүүгө жана ишке ашырууга тартылган башка уюмдардын жана адамдардын ишин координациялайт;
- Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (мындан ары - ТӨМ) жетишүү боюнча кезектеги Улуттук ыктыярдуу серепти уюштурууну жана берүүнү координациялайт;
- ТӨМгө жетишүүнүн улуттук ыктыярдуу баяндамасында чагылдырылган кийинки кадамдарды ишке ашырууга тартылган БУУ системасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору, мамлекеттик органдар, эл аралык жана коомдук уюмдар, башка өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
- мезгил-мезгили менен өзүнүн жыйналыштарында тиешелүү ТӨМдү ишке ашыруу жана жетишүүлөрдүн прогресси боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын маалыматтарын угат;
- мамлекеттик органдардын жана ТӨМдү ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн биргелешкен ишин ишке ашыруунун жүрүшүн жана жетишилген натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууга көмөк көрсөтөт;
- ведомстволор аралык консультациялык-эксперттик топту түзөт, Комиссиянын компетенциясына кирген маселелерди кароо үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын адистерин, ошондой эле жарандык жана эксперттик коомчулуктун, жеке сектордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 847-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Комиссиянын укуктары
6. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- ТӨМдү ишке ашыруу боюнча милдеттерди чечүү менен байланышкан маселелерди, анын ичинде кезектеги Улуттук ыктыярдуу серепти өткөрүүнү кароого;
- ТӨМ ишке ашыруу боюнча милдеттерди чечүү үчүн жооптуу жактардын билдирүүлөрүн угууга;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринен, башка мамлекеттик органдарынан жана башка жооптуу адамдардан - ТӨМ ишке ашыруу боюнча улуттук өнөктөштөрдөн Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын талап кылууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 847-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Комиссиянын ишин уюштуруу
7. Маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу Комиссиянын анын ичинде сырттан жыйналыштарында да жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 847-т тескемесинин редакциясына ылайык)
8. Комиссиянын жыйналыштары зарылчылыкка жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Комиссиянын жыйналыштары ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда мыйзамдуу болот. Күн тартибин Комиссиянын төрагасы аныктайт.
9. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын жалпы курамынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда Комиссиянын төрагасы добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
10. Комиссиянын мүчөсү жок учурда анын Комиссиядагы функциялык милдеттери тиешелүү органдын буйругуна ылайык анын орун басарына жүктөлөт.
11. Комиссиянын жыйналышына материалдар аткаруучу органдар тарабынан Комиссиянын жумушчу органына Комиссиянын жыйналышы өткөрүлгөн датага чейин 10 жумуш күндөн кеч эмес берилет.
12. Комиссиянын жыйналышынын күн тартибинин долбоору Комиссиянын жумушчу органы тарабынан жыйналыш өткөрүлгөн датага чейин 7 күн мурда түзүлөт жана тиешелүү материалдар менен Комиссиянын төрагасына берилет.
13. Комиссиянын төрагасы тарабынан жактырылган жыйналыштын күн тартибинин долбоору жана тиешелүү материалдар жыйналыш өткөрүлгөн датага чейин 3 жумуш күндөн кеч эмес Комиссиянын мүчөлөрүнө жиберилет.
14. Комиссиянын чечимдерин аткаруу мөөнөттөрү чечимдин өзүндө аныкталат жана Комиссиянын кезектеги жыйналышына чейин аткаруучу-органдын Комиссиянын катчылыгына жазуу жүзүндө негизделген кайрылуусу боюнча маанилүү негиздер болгон учурда узартылышы мүмкүн.
15. Комиссиянын кароосуна киргизилүүчү маселелер Комиссиянын мүчөлөрү - ТӨМ ишке ашырууну илгерилетүүгө тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү тарабынан даярдалат.
16. Комиссиянын чечимдери протоколдор түрүндө таризделет, аларга Комиссиянын жыйналышына төрагалык кылуучу кол коёт, алуучулардын тизмесине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына таанышууга жөнөтүлөт.
5. Комиссиянын жумушчу органы
17. Комиссиянын жумушчу органы (Комиссиянын катчылыгы) болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги саналат.
Комиссиянын катчылыгынын милдеттерине Комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык, маалыматтык-аналитикалык камсыздоо жана Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдоо кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 847-т тескемесинин редакциясына ылайык)