Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 137-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 30-апрели № 237-т
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 92-статьясына, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 85-статьясына жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районундагы Курама айыл аймагынын № 2303 (1718) контурунда жайгашкан, "Суу фондунун жерлери" категориясына кирген аянты 4,8 га жер участогу "Тянь-Шань Форель" жоопкерчилиги чектелген коомуна балык чарбасын жүргүзүү үчүн ижара шарттарында 49 жылга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жогоруда аталган жер участогуна "Тянь-Шань Форель" жоопкерчилиги чектелген коому менен ижара келишимин түзүүнү;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогоруда аталган жер участогун бузуу үчүн милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнү.
3. "Тянь-Шань Форель" жоопкерчилиги чектелген коомуна белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылуу сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул жер участогунда тарыхый эстеликтер табылган учурда алардын сакталышын;
- балык чарбасын жүргүзүүдө экологиялык жана санитардык-ветеринардык талаптарды сактоону;
- ушул тескеменин 2-пунктуна ылайык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнү;
- берилген жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |