Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 10-апрели № 183
Өзбекстан Республикасынын Улуттук архивинен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоого тиешелүү архивдик материалдарды издөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоого тиешелүү архивдик материалдарды издөө максатында 2023-жылдын 10-апрелинен тартып 15-апрелине чейин Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына жиберилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы архивдик документтердин жана пландык-картографиялык материалдардын көчүрмөлөрүн алуу боюнча Өзбекстан Республикасынын Улуттук архивинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнү "Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо" чыгымдар сметасы боюнча каралган каражаттардан жүргүзсүн.
3. Иш сапардык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| А.Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун КУРАМЫ
Борубаев Назирбек Нарматович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, жумушчу топтун жетекчиси; |
Рустамов Улан Кошоевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн орун басары; |
Зарылбек уулу Алмазбек | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Мырзаев Абдулат Абдираимович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору; |
Сарыбаев Эрмек Адылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси; |
Шаршенбаева Тамара Саланбековна | - | Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин директорунун орун басары; |
Ботобаев Каныбек Калбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Сулайманова Айнура Жумалиевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин экономикалык мыйзамдар башкармалыгынын жер, жаратылышты коргоо, агрардык жана архитектуралык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы. |