Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 29-марты № 140-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2022-жылдын 22-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Ливан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы N 140-т менен жактырылган |
2022-жылдын 22-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Ливан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2022-жылдын 22-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Ливан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын жана Ливан Республикасынын жарандары - дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана убактылуу болуу үчүн 180 (жүз сексен) күндүн ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптардан бошотууну карайт.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын жана Ливан Республикасынын жарандары - дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери эки мамлекеттин аймагында 180 (жүз сексен) күндүн ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптарсыз жүрө алышат.
Макулдашууну ратификациялоо ишкердиктин мобилдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери болгон жарандардын Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында жүрүүсүн жеңилдетет.
Жогоруда аталган Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу финансылык-экономикалык жана башка терc кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен 2021-жылдын 20-апрелинде макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 445-т тескемеси менен жактырылган.