Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги №165-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Венгриянын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамы жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 5-апрели № 165-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Венгриянын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамы жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директоруна жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Венгриянын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамы жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Преамбула
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Венгриянын Өкмөтү (мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталат),
1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын жана Эл аралык аба каттамдарынын транзити жөнүндө макулдашуунун катышуучулары болуу менен;
өзүнүн тиешелүү аймактарынын ортосунда эл аралык аба каттамын түзүүгө көмөк көрсөтүүгө ниеттенип;
экономикалык кызматташтыкты жана соода мамилелерин өнүктүрүүнүн, ошондой эле элдердин ортосундагы байланыштарды жана достук мамилелерди түзүүнүн каражаты катары аба транспортунун маанилүүлүгүн таанып;
эл аралык аба каттамдарын аткарууда учуулардын коопсуздугунун жана авиациялык коопсуздуктун эң жогорку деңгээлин камсыз кылууга ниеттенип жана адамдардын же мүлктүн коопсуздугуна коркунуч туудурган, аба каттамдарын эксплуатациялоого терс таасирин тийгизүүчү жана жарандык авиациянын коопсуздугуна коомчулуктун ишенимин кетирүүчү аба кемелеринин коопсуздугуна каршы багытталган аракеттерге же коркунучтарга карата олуттуу тынчсызданууну ырастап, жана
өз аймактарынын ортосундагы аба каттамдарын түзүү жана эксплуатациялоо максатында Макулдашуу түзүүгө ниеттенип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
Эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, бул Макулдашуунун максаттары үчүн:
а) "авиациялык бийлик" - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жагынан - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги, Венгриянын Өкмөтү жагынан - Жарандык авиациянын башкы дирекциясы же эки жагынан тең ушул Макулдашуу тиешелүү болгон ар кандай функцияларды аткарууга ыйгарым укуктуу каалагандай башка жак же орган;
б) "Макулдашуу" ушул Макулдашууну, анын тиркемесин(лерин) жана ага каалагандай түзөтүүлөрдү билдирет;
в) "Конвенция" же "Чикаго конвенциясы" 1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кабыл алынган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияны билдирет жана бул Конвенциянын 90-беренесине ылайык кабыл алынган каалагандай Тиркемесин, Тиркемелер жана түзөтүүлөр күчүнө кирген же эки Макулдашуучу тараптар ратификациялаган даражада бул Конвенциянын 90 жана 94-беренелерине ылайык Тиркемелерге же Конвенцияга ар кандай түзөтүүлөрдү камтыйт;
г) "дайындалган авиакомпания" ушул Макулдашуунун 3-беренесине ылайык дайындалган же ыйгарым укук берилген авиакомпанияны билдирет;
д) "аймак" мамлекетке карата анын эгемендигине кирген кургактагы аймактарды (материк жана аралдар), ички сууларды жана аларга жанаша жайгашкан аймактык сууларды жана алардын үстүндөгү аба мейкиндигин билдирет;
е) "аба каттамы", "эл аралык аба каттамы", "авиакомпания" жана "коммерциялык эмес максаттар менен токтоо" Чикаго конвенциясынын 96-беренесинде бул терминдер үчүн аныкталган маанилерге ээ;
ё) "пайдалануучулардан алынуучу жыйымдар" аэропорттун мүлкүн же аэропорт каражаттарын же аэронавигациялык каражаттарды, анын ичинде аларга тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү жана каражаттарды берүү үчүн аба кемелери, алардын экипаждары, жүргүнчүлөрү жана жүктөрү үчүн компетенттүү органдар тарабынан авиакомпаниялардан алынуучу же алар алууга уруксат берген жыйымдарды билдирет;
ж) "тариф" жүргүнчүлөрдү, кол жүктү жана жүктү ташуу үчүн төлөнүүгө тийиш болгон бааларды, ошондой эле бул баалар колдонулуучу шарттарды, анын ичинде почтаны ташуу үчүн сый акыны жана шарттарды жокко чыгарбастан, агенттик жана башка көмөкчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн бааларды жана шарттарды билдирет;
з) ушул Макулдашууда Венгриянын жарандарына шилтемелер, 8-берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, Европа бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарына шилтемелер катары түшүнүлөт;
к) ушул Макулдашууда Венгриянын авиакомпанияларына шилтемелер Венгрия дайындаган авиакомпанияларга шилтемелер катары түшүнүлөт;
л) ушул Макулдашууда Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларына шилтемелер Кыргыз Республикасы дайындаган авиакомпанияларга шилтемелер катары түшүнүлөт;
м) ушул Макулдашууда "ЕБнын келишимдерине" шилтемелер Европа бирлиги жөнүндө келишимге жана Европа бирлигинин иштешинин келишимине шилтемелер катары түшүнүлөт.
2-берене. Укуктарды берүү
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниялары тарабынан ушул Макулдашуунун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн маршруттар боюнча туруктуу эл аралык аба каттамдарын ишке ашыруу максатында ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн укуктарды экинчи Макулдашуучу тарапка берет.
2. Ушул Макулдашуунун жоболору сакталган шартта ар бир Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпаниялары төмөнкүдөй укуктарга ээ:
а) экинчи Макулдашуучу тараптын аймагы аркылуу конбостон учууларды жүзөгө ашырууга;
б) коммерциялык эмес максаттар менен экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында токтоого;
в) жүргүнчүлөрдү, кол жүктү жана жүктөрдү, анын ичинде почтаны бортко кабыл алуу жана түшүрүү максатында экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында токтоп турууга.
3. Ар бир Макулдашуучу тараптын авиакомпаниялары, ушул Макулдашуунун 3-беренесине ылайык дайындалгандардан тышкары, ушул берененин 2-пунктунун а) жана б) пунктчаларында көрсөтүлгөн укуктарга ээ.
4. Ушул берененин 2-пунктунда эч нерсе бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпанияларына экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында жүргүнчүлөрдү, кол жүктү жана жүктөрдү, анын ичинде ушундай экинчи Макулдашуучу тараптын аймагындагы башка пунктка бараткан почтаны кабыл алуу укугун берүү катары каралбайт.
3-берене. Дайындоо жана эксплуатациялык уруксаттарды берүү
1. Ар бир Макулдашуучу тарап ушул Макулдашуунун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн Маршруттар таблицасында аныкталган маршруттар боюнча келишимдик линияларды эксплуатациялоо максатында бир же андан көп авиакомпанияларды дайындоого, ошондой эле мындай дайындоолорду кайра чакыртып алууга жана өзгөртүүгө укуктуу. Мындай дайындоолор жазуу жүзүндө экинчи Макулдашуучу тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтүлөт.
2. Мындай дайындоо жөнүндө бир Макулдашуучу тараптан билдирүү алгандан кийин, экинчи Макулдашуучу тарап төмөнкү шарттарда минималдуу жол-жоболук создуктуруу менен тиешелүү укуктарды жана уруксаттарды берет:
а) Кыргыз Республикасы дайындаган авиакомпания:
i) ал Кыргыз Республикасынын аймагында уюштурулса жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык учууларды эксплуатациялоого колдонуудагы лицензиясы болсо; жана
ii) Кыргыз Республикасынын тиешелүү авиациялык бийликтери тарабынан авиакомпанияга иш жүзүндөгү ченемдик жөнгө салуу жүзөгө ашырса жана колдоого алынса;
iii) авиакомпания түздөн-түз же акциялардын контролдук пакети аркылуу менчикте болсо жана иш жүзүндө Кыргыз Республикасы жана/же Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан контролдонсо;
б) Венгрия дайындаган авиакомпания:
i) ал ЕБ Келишимдерине ылайык Венгриянын аймагында түзүлгөн болсо жана Европа бирлигинин мыйзамдарына ылайык эксплуатациялоого жарактуу лицензиясы бар болсо; жана
ii) авиакомпаниянын иш жүзүндөгү ченемдик жөнгө салуусу эксплуатанттын сертификатын берүүгө жооптуу Европа бирлигине мүчө мамлекетке таандык болсо жана дайындоодо тиешелүү авиациялык бийликтер так көрсөтүлгөн болсо; жана
iii) авиакомпания түздөн-түз же акциялардын контролдук пакети аркылуу менчикте болсо жана иш жүзүндө Европа бирлигине же Европа эркин соода ассоциациясына мүчө мамлекети жана/же мындай мамлекеттердин жарандары тарабынан контролдонсо.
4-берене. Эксплуатациялык уруксаттарды берүүдөн баш тартуу, жокко чыгаруу же колдонулушун убактылуу токтотуу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпанияга эксплуатациялык уруксатты же техникалык уруксатты берүүдөн баш тартууга, жокко чыгарууга, убактылуу токтотууга же чектөөгө укуктуу, эгерде:
а) Кыргыз Республикасы дайындаган авиакомпания:
i) ал Кыргыз Республикасынын аймагында уюштурулбаса же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык лицензияланбаса; же
ii) Кыргыз Республикасынын тийиштүү авиациялык бийликтери дайындалган авиакомпанияга карата иш жүзүндө ченемдик жөнгө салууга ээ болбосо же аны жүзөгө ашырбаса;
iii) авиакомпания түздөн-түз же акциялардын контролдук пакети аркылуу менчикте болбосо, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана/же анын жарандары тарабынан иш жүзүндө контролдонбосо.
Ушул пунктка ылайык өз укуктарын жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасы ЕБнын авиакомпанияларынын ортосунда улутунун белгиси боюнча айырмачылыктарды жүргүзбөйт.
б) Венгрия дайындаган авиакомпания:
i) ал ЕБ келишимдерине ылайык Венгриянын аймагында түзүлбөсө же Европа бирлигинин мыйзамдарына ылайык учууларды эксплуатациялоого колдонуудагы лицензиясы жок болсо; же
ii) авиакомпанияны иш жүзүндө ченемдик жөнгө салуу жүзөгө ашырылбаса жана эксплуатанттын сертификатын берүү үчүн жооптуу Европа бирлигинин мүчө мамлекетине таандык болбосо же дайындоодо тиешелүү авиациялык бийликтер так көрсөтүлбөсө; же
iii) түздөн-түз же акциялардын контролдук пакети аркылуу менчикте болбосо, ошондой эле Европа бирлигине же Европа эркин соода ассоциациясына мүчө мамлекет жана/же мындай мамлекеттердин жарандары тарабынан контролдонбосо.
2. Эгерде ушул берененин 1-пунктунда эскертилген шарттарды токтоосуз жоюу, убактылуу токтотуу же белгилөө мыйзамдарды жана/же эрежелерди андан ары бузуулардын алдын алуу үчүн зарыл болбосо, мындай укук ушул Макулдашуунун 17-беренесине ылайык экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери менен консультацияларды өткөргөндөн кийин гана колдонулат.
3. Эгерде бир Макулдашуучу тарап ушул беренеге ылайык аракеттене баштаса, экинчи Макулдашуучу тараптын укуктары 18-беренеге ылайык кысымга алынбайт.
5-берене. Ак ниеттүү атаандаштык
1. Макулдашуучу тараптар алардын жалпы максаты көрсөтүлгөн маршруттар боюнча келишимдик линияларды эксплуатациялоо учурунда эки Макулдашуучу тараптын авиакомпанияларына ак ниеттүү атаандаштык чөйрөнү, ошондой эле адилеттүү жана бирдей мүмкүндүктөрдү түзүү болуп саналат деп тааныйт. Ошентип, Макулдашуучу тараптар бул максаттарга толук жетүүнү камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.
2. Макулдашуучу тараптар ушул Келишимдин максаттарына жетүү үчүн эркин, адилеттүү атаандаштык маанилүү деп ырастайт жана атаандаштык жана көз карандысыз монополияга каршы орган жөнүндө комплекстүү мыйзамдардын болушу, ошондой эле алардын атаандаштык жөнүндө тиешелүү мыйзамдарын акылга сыярлык жана натыйжалуу колдонуу авиатранспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу берүү үчүн маанилүү деп белгилейт. Ушул беренеге киргизилген түзөтүүлөрү менен анда камтылган маселелерди караган ар бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин атаандаштык жөнүндөгү мыйзамдары тиешелүү Макулдашуучу тараптын мамлекетинин юрисдикциясындагы авиакомпаниялардын ишинде колдонулат. Макулдашуучу тараптар атаандаштык жөнүндө мыйзамдардын шайкештигине жана окшоштугуна жана аны натыйжалуу колдонууга умтулат. Алар атаандаштык жөнүндө мыйзамдарды натыйжалуу колдонуу боюнча зарылчылыкка жараша жана тиешелүү учурларда кызматташат, анын ичинде өздөрүнүн тиешелүү эрежелерине жана юриспруденциясына, өздөрүнүн тиешелүү авиакомпанияларына же башка жарандарына ылайык бири-биринин монополияга каршы органдары тарабынан атаандаштык жөнүндө мыйзам боюнча аракеттерге тиешеси бар маалыматтарды ачыкка чыгарууга уруксат берет.
3. Ушул Макулдашууда эч нерсе ар кандай Макулдашуучу тараптын (Европа комиссиясынын да) атаандаштык маселелери боюнча тиешелүү органдарынын жана сотторунун таасирин жана ыйгарым укуктарын эч кандай түрдө козгобойт, чектебейт жана коркунучка дуушарлантпайт жана атаандаштык жөнүндөгү мыйзамдарын колдонуу менен байланышкан бардык маселелер мурдагыдай эле ушул органдардын жана соттордун өзгөчө компетенциясына кирет. Тиешелүү түрдө, Макулдашуучу тарап ушул беренеге ылайык жасаган ар кандай аракеттер бул органдар жана соттор жасаган ар кандай мүмкүн болгон аракеттерге зыян келтирбейт.
4. Ушул беренеге ылайык жасалган ар кандай аракеттер Макулдашуучу тараптардын өзгөчө жоопкерчилигине тийиштүү болот жана Макулдашуучу тараптын мамлекетине/андан аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн экинчи Макулдашуучу тарапка жана/же авиакомпанияга(ларга) гана жөнөтүлүшү керек. Мындай аракеттер ушул Макулдашуунун 18-беренесинде каралган талаштарды жөнгө салуу жол-жоболорунан өтүүгө тийиш эмес.
Мамлекеттик субсидия же колдоо
5. Эгерде мамлекеттик субсидиялар же колдоо аба ташууларында кызмат көрсөтүүдө экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпанияларына атаандашууда адилеттүү жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө негизсиз түрдө олуттуу жана терс таасирин тийгизиши мүмкүн болсо, Макулдашуучу тараптардын бири да өзүнүн тиешелүү авиакомпанияларына бул субсидияларды же колдоону бербейт же аларга уруксат бербейт. Мындай мамлекеттик субсидиялар же колдоо өзүнө төмөндөгүлөрдү камтышы мүмкүн, бирок чектебейт: кайчы субсидиялоону; операциялык чыгымдарды өз ара кабыл алууну; капиталды берүүнү; гранттарды; кепилдиктерди; жеңилдетилген шарттарда камсыздандырууну же насыяны; банкроттуктан коргоону; тийиштүү сумманы өндүрүп алуудан баш тартууну; салынган мамлекеттик каражаттарды ойдогудай кайра кайтаруудан баш тартууну; салык жеңилдиктерин же салыктарды азайтууну; мамлекеттик органдар салган финансылык жүктү компенсациялоону; жана аба каттамдарын камсыздоо үчүн зарыл болгон аэронавигациялык же аэропорттук каражаттарга жана кызмат көрсөтүүлөргө, отунга, жердеги тейлөөгө, коопсуздукка, брондоонун компьютердик тутумдарына, убакыт интервалдарын бөлүштүрүүгө же башка коштоочу каражаттарга же кызмат көрсөтүүлөргө дискриминациялык же коммерциялык негизде жетүүнү.
6. Эгерде Макулдашуучу тарап ушул берененин 5-пунктуна дал келген мамлекеттик субсидияларды же колдоону авиакомпанияга берсе, ал авиакомпания өзүнүн эсептеринде субсидияны же колдоону так көрсөтүүсүнө талаптарды камтышы мүмкүн болгон ар кандай тиешелүү каражаттардын жардамы менен мындай чаранын ачыктыгын камсыз кылат.
7. Ар бир Макулдашуучу тарап суроо-талап боюнча экинчи Макулдашуучу тарапка биринчи Макулдашуучу тараптын юрисдикциясында болгон уюмдарга тийиштүү финансылык отчетторду жана ушул берененин жоболорун камсыз кылуу үчүн экинчи Макулдашуучу тарап негиздүү суратышы мүмкүн болгон ар кандай башка ушундай маалыматты берет. Бул ушул берененин 5-пунктуна дал келүүчү мамлекеттик субсидияга же колдоого тиешелүү кең-кесири маалыматты камтышы мүмкүн. Мындай маалыматты берүү маалыматка жеткиликтүүлүктү сураган Макулдашуучу тарап жагынан купуя кайрылуу менен шартталышы мүмкүн.
8. 5 жана 6-пункттарда эскертилген эрежелердин сакталышын камсыз кылуу үчүн тиешелүү монополияга каршы орган жана/же сот жасап жаткан кандайдыр бир аракеттерге зыян келтирбестен,
а) эгерде Макулдашуучу тараптын бири авиакомпания ушул берененин 4 же 5-пункттарына дал келүүчү дискриминацияга же ак ниетсиз ишке кабылып жатат жана бул ырасталышы мүмкүн деп тапса, ал өзүнүн сын пикирлерин экинчи Макулдашуучу тарапка жазуу жүзүндө бере алат. Экинчи Макулдашуучу тарапка маалымдагандан кийин, Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын аймагындагы жооптуу мамлекеттик органдарга, анын ичинде борбордук, региондук, провинциалдык жана жергиликтүү деңгээлдеги уюмдарга ушул беренеге тийиштүү маселелерди талкуулоо үчүн кайрыла алат. Мындан тышкары, Макулдашуучу тараптын бири көйгөйдү чечүү максатында экинчи Макулдашуучу тараптан ушул маселелер боюнча консультацияларды сурай алат. Мындай консультациялар суроо-талапты алгандан тартып 30 (отуз) күн ичинде башталат. Ошол эле учурда Макулдашуучу тараптар Макулдашуучу тараптын бири айткан тынчсызданууларды толук изилдөө үчүн жетиштүү маалыматтарды алмашат.
б) эгерде Макулдашуучу тараптар консультациялар башталгандан тартып отуз (30) күндүн ичинде консультация жолу менен маселелерди чечүүгө жетишпесе же ушул берененин 4 жана 5-пункттарын болжолдуу бузуу жагынан суроо-талапты алган учурдан тартып отуз (30) күндүн ичинде консультациялар өткөрүлбөсө, консультацияны сураган Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясына(ларына) эксплуатацияга эксплуатациялык уруксаттардан/техникалык уруксаттардан баш тартуу, чектөө, жоюу, кайра чакыртып алуу же убактылуу токтотуу жолу менен ушул Келишимде көрсөтүлгөн укуктарын убактылуу токтотууга укуктуу же мындай укуктарды аткарууга зарыл деп тапкан башка шарттарды коюуга же милдеттенмелерди киргизүүгө же башка аракеттерди жасоого укуктуу. Ушул пунктка ылайык жасалган ар кандай аракеттер көлөмү жана узактыгы боюнча бул эмнеге зарыл болсо ошого карата тийиштүү, өлчөмдүү жана чектелүү болууга тийиш.
Атаандаштыкка каршы аракеттер
9. Ар бир Макулдашуучу тарап ушул берененин 2-пунктуна ылайык мамлекеттин монополияга каршы мыйзамдарын натыйжалуу колдонууга жана авиакомпаниялар үчүн төмөндөгүлөргө тыюу салууга тийиш:
а) ар кандай башка авиакомпания(лар) менен бирдикте ушул Макулдашуучу мамлекетине/нен аба транспорт кызматтарына таасирин тийгизе ала турган же атаандаштыкты четтетүү, чектөө же өзгөртүү максатын көздөгөн же ага таасир этиши мүмкүн болгон макулдашууну түзүүгө, чечимдерди кабыл алууга жана макулдашылган аракеттерге катышууга. Бул тыюу салуу, эгерде мындай макулдашуулар, чечимдер же аракеттер өндүрүштү өркүндөтүүгө же кызмат көрсөтүүлөрдү бөлүштүрүүгө же техникалык же экономикалык прогресске түрткү берсе, колдонулбайт деп жарыяланышы мүмкүн, мында керектөөчүлөргө алынуучу пайдадан адилеттүү үлүш алууга мүмкүндүк берет жана: а) бул максаттарга жетүү үчүн зарыл болуп саналбаган чектөөлөрдү тиешелүү авиакомпанияларга жүктөйт; б) мындай авиакомпанияларга каралып жаткан кызматтардын негизги бөлүгүнө карата атаандаштыкты жоюу мүмкүндүгүн берет, жана
б) Макулдашуучу тарапка/тараптан авиатранспорттук ташууларга таасирин тийгизгидей түрдө үстөмдүк кылуучу абалын кыянаттык менен пайдаланууга;
в) эл аралык аба транспорт кызматын көрсөтүүдө атаандашууга экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын адилеттүү жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнө терс таасирин тийгизүүчү адилетсиз практикага багытталган аракеттерди жасоого.
10. Ар бир Макулдашуучу тарап жогорудагы 9-пунктта эске алынган монополияга каршы эрежелердин сакталышын камсыздоону өзүнүн тиешелүү жана көз карандысыз монополияга каршы органына жана/же сотуна гана тапшырат.
11. 9-пунктта эске алынган эрежелердин сакталышын камсыз кылуу үчүн тиешелүү монополияга каршы орган жана/же сот жасап жаткан кандайдыр бир аракеттерге зыян келтирбестен, эгерде Макулдашуучу тараптардын бири ушул берененин 9-пунктун болжолдонгон бузуудан авиакомпания жабыр тартып жатат жана бул негиздүү болушу мүмкүн деп тапса, ал экинчи Макулдашуучу тарапка өзүнүн сын пикирин жазуу жүзүндө бере алат. Экинчи Макулдашуучу тарапка маалымдагандан кийин, Макулдашуучу тарап бул беренеге тийиштүү' маселелерди талкуулоо үчүн экинчи Макулдашуучу тараптын аймагындагы жооптуу мамлекеттик органдарга, анын ичинде борбордук, региондук, провинциалдык же жергиликтүү деңгээлдеги органдарга кайрыла алат. Мындан тышкары, Макулдашуучу тараптын бири көйгөйдү чечүү максатында экинчи Макулдашуучу тараптан бул маселе боюнча консультация сурай алат. Мындай консультациялар суроо-талапты алгандан тартып 30 (отуз) күн ичинде башталат. Ошол эле учурда, Макулдашуучу тараптар Макулдашуучу тараптардын бири билдирген тынчсызданууну толук изилдөө үчүн жетиштүү болгон маалыматтарды алмашат.
12. Эгерде Макулдашуучу тараптар консультациялар башталгандан тартып отуз (30) күндүн ичинде консультация жолу менен маселелерди чечүүгө жетишпесе же ушул берененин 9-пунктунун божомолдуу бузулушу жагынан суроо-талапты алгандан тартып отуз (30) күндүн ичинде консультациялар башталбаса, консультация сураган Макулдашуучу тарап эксплуатациялык уруксаттан/эксплуатациялоого техникалык уруксаттардан баш тартуу, чектөө, жоюу, кайра чакыртып алуу же убактылуу токтотуу жолу менен экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясына(ларына) ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн укуктарды жүзөгө ашырууну убактылуу токтотууга же мындай укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл деп тапкан башка шарттарды коюуга же милдеттенмелерди киргизүүгө же башка аракеттерди жасоого укуктуу. Ушул пунктка ылайык жасалган бардык аракеттер, көлөмү жана узактыгы боюнча бул эмнеге зарыл болсо ошого карата орундуу, тең өлчөмдүү жана чектелүү болууга тийиш.
6-берене. Бажы алымдары жана башка жыйымдар
1. Ар бир Макулдашуучу тарап өз ара аракеттеринин негизинде жана өзүнүн мамлекетинин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык мүмкүн болгон максималдуу даражада экинчи Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпаниясын аба кемеси үчүн инспекция үчүн жыйымдардан жана башка бардык мамлекеттик жана/же жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан, ошондой эле алардын штаттык жабдууларын, отунун, майлоочу материалдарын, техникалык тейлөө үчүн жабдууларын, авиациялык инструменттерин, техникалык чыгым материалдарын, анын ичинде кыймылдаткычтарды, запастык бөлүктөрдү, борт азыктарын, анын ичинде башкалардан тышкары учуу убагында сатуу жана жүргүнчүлөр пайдалануусу үчүн тамак-аш азыктары сыяктуу буюмдарды, спирт ичимдиктерин, тамекини жана башка буюмдарды, ошондой эле аба каттамын берген ушундай дайындалган авиакомпания колдонуучу самолетторду тейлөө же эксплуатациялоого байланыштуу гана ага арналган же пайдаланылуучу башка буюмдарды, ошондой эле принтерден чыгарылган билеттерди, авианакладнойлор, дайындалган авиакомпаниянын эмблемасы басылган басылма материалдары жана ошондой эле дайындалган авиакомпаниянын жөнөкөй жарнама материалдарын жана буклеттерин импорт чектөөлөрүнөн, бажы алымдарынан, акциздик жыйымдардан бошотот.
2. Ушул берене менен берилген өзгөчөлүктөр ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн буюмдарга колдонулат, атап айтканда:
а) бир Макулдашуучу тараптын аймагына экинчи Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпаниясы же анын атынан алып келинген;
б) бир Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпаниясынын аба кемесинин бортунда экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына келгенде жана ал кеткенге чейин сакталган жана/же анын аймагынын үстүндө учуп бараткан учурда пайдаланылган;
в) бир Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпаниясынын аба кемесинин бортуна экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына кабыл алынган жана аба каттамдарын аткаруу учурунда пайдаланууга арналган; мындай буюмдар көрсөтүлгөн Макулдашуучу тараптын аймагында ажыратылбай турган шарт менен мындай буюмдар ушундай өзгөчөлүктөрдү берген Макулдашуучу тараптын аймагында толугу менен же жарым-жартылай колдонулаарына же керектеле тургандыгына же жоктугуна карабастан.
3. Адатта ар кандай Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы тарабынан колдонулуп жаткан аба кемесинин бортунда сакталып турган штаттык борттук жабдуулар, ошондой эле материалдар, азык-түлүктөр жана запастар экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына ушул экинчи Макулдашуучу тараптын бажы органдарынын уруксаты менен гана түшүрүлүшү мүмкүн. Бул учурда мындай жабдуулар жана буюмдар ушул берененин 1-пунктунда каралган өзгөчөлүктөргө туура келет, мында бажы эрежелерине ылайык булар реэкспорттолгон же башкача түрдө колдонулган учурга чейин көрсөтүлгөн бийликтердин көзөмөлү астында өткөрүп берүү талап кылынышы мүмкүн деген шарт коюлат.
4. Ушул беренеде каралган бошотуулар качан Макулдашуучу тараптардын биринин дайындаган авиакомпаниялары башка авиакомпания ушул экинчи Макулдашуучу тараптын ушундай эле бошотууларын пайдаланган шартта башка авиакомпания(лар) менен экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында ссуда же штаттык борттук жабдууларды жана ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн башка буюмдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзгөн жагдайларда жеткиликтүү болот.
5. Бул Келишимде эч нерсе Венгрияга Венгриянын аймагындагы пункттун жана Венгрия аймагындагы же Европа бирлигине мүчө болгон башка мамлекетинин аймагындагы башка пункттун ортосундагы учууларды жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын дайындаган авиакомпаниясынын аба кемесинде пайдалануу үчүн анын аймагында берилген отун үчүн салыктарды, жыйымдарды, алымдарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү дискриминациясыз негизде чогултууга эч нерсе тоскоол болбойт.
6. Бул Келишимде эч нерсе Кыргыз Республикасына Кыргыз Республикасынын пунктунун жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка пункттун ортосундагы же Кыргыз Республикасы аркылуу үчүнчү өлкөгө учууларды жүзөгө ашырып жаткан Венгриянын дайындаган авиакомпаниясынын аба кемесинде пайдалануу үчүн анын аймагында берилген отун үчүн салыктарды, жыйымдарды, алымдарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү дискриминациясыз негизде чогултууга эч нерсе тоскоол болбойт.
7. Эгерде Макулдашуучу тараптардын ортосунда кош салык салууну четтетүү жөнүндө колдонулуучу атайын макулдашуу болсо, анда мындай Макулдашуу артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
7-берене. Мыйзамдарды жана эрежелерди колдонуу
1. Эл аралык аэронавигацияда иштеп жаткан аба кемелеринин өзүнүн аймагына келишине жана аларды жөнөтүүгө жол берүүгө же мындай аба кемелерин өзүнүн аймагында жүргөн кезде эксплуатациялоого жана навигациялоого тиешелүү Макулдашуучу тараптардын биринин аймагынан мыйзамдары, эрежелери жана жол-жоболору экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниялары пайдаланып жаткан аба кемесине алардын улутуна карабай, өзүнүн авиакомпаниясына колдонуп жаткандай колдонулушу керек жана аба кемелери тарабынан аймакка учуп кирип жатканда, аймактан учуп чыгып жатканда жана бул Макулдашуучу тараптын аймагында турган убагында сакталышы керек.
2. Учуп келүүгө карата, аймакта болгон учурда же анын аймагынан кетип жатканда аба кемесинин бортунда ташылуучу жүргүнчүлөр, кол жүк, экипаж жана жүктөр жагынан Макулдашуучу тараптардын биринин мыйзамдары, эрежелери жана жол-жоболору, башкача айтканда кирүүгө, жол-жоболоштурууга, авиациялык коопсуздукка, иммиграцияга, паспортторго, бажылык, валюталык, саламаттык сактоо маселелерине, карантиндик жана санитардык чараларга тиешелүү эрежелер, же почта учурунда почтага тиешелүү эрежелер биринчи Макулдашуучу тараптын аймагына учуп кирүүдө жана аймагынан учуп чыгууда же анын аймагында болгон учурда мындай жүргүнчүлөрдүн, багаждардын, экипаждын жана жүктөрдүн атынан сакталууга тийиш.
3. Ушул беренеде каралган мыйзамдарды жана эрежелерди колдонууда Макулдашуучу тараптардын бири да экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпанияларына салыштырмалуу өзүнүн менчик же ар кандай башка авиакомпанияга кандайдыр бир артыкчылыктарды бере албайт.
8-берене. Учууга жарамдуулук жана компетенттүүлүк сертификаттары
1. Учууга жарамдуулук сертификаты, квалификациялык күбөлүк жана бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин, анын ичинде Венгриянын мыйзамдарына жана эрежелерине, Европа бирлигинин мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык берген же ырасталган жана мөөнөтү өтө элек күбөлүктөр мындай сертификаттар же лицензиялар Чикаго конвенциясына ылайык белгиленген минималдуу же андан ашкан стандарттарга ылайык берилген жана таанылган шартта келишимдик линияларды пайдалануу максаттары үчүн экинчи Макулдашуучу тарап тарабынан жарактуу деп таанылууга тийиш.
2. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн аймагында учуу жана конуу максаттары үчүн экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекети өзүнүн жарандарына берген квалификациялык күбөлүктөрдүн жана күбөлүктөрдүн жарактуулугун таануудан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
3. Эгерде бир Макулдашуучу тарап берген же тааныган күбөлүктөрдүн же сертификаттардын укуктары же шарттары Чикаго конвенциясына ылайык белгиленген стандарттардан айырмаланууга мүмкүндүк берсе, же мындай айырмачылык Эл аралык жарандык авиация уюмуна, экинчи Макулдашуучу тараптын авиация бийлигине берилгенине карабастан, ушул Макулдашуунун 9-беренесинин 2-пунктуна ылайык биринчи Макулдашуучу тараптын укуктарына зыян келтирбестен, каралып жаткан практика алгылыктуу экенине ынануу максатында ушул Макулдашуунун 17-беренесине ылайык экинчи Макулдашуучу тараптын авиация бийликтеринен консультацияларды өткөрүүнү сурана алат. Канааттандырарлык макулдашууга жетишүүнүн мүмкүн эместиги ушул Макулдашуунун 4-беренесин колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
9-берене. Учуулардын коопсуздугу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Тарап сактаган, аба кемелеринин учуучу экипаждарына, аба кемелерин жана аэронавигациялык каражаттарды эксплуатациялоого тиешелүү, башка Макулдашуучу тарап кабыл алган учуулардын коопсуздугунун ченемдерине карата консультацияларды өткөрүү жөнүндө өтүнүч менен каалаган убакта кайрыла алат. Мындай консультациялар ушундай кайрылуудан кийин отуз (30) күндүн ичинде өткөрүлөт.
2. Эгерде мындай консультациялардын натыйжасында бир Макулдашуучу тарап бери болгондо ошол мезгилге карата Чикаго конвенциясына ылайык белгиленген минималдуу стандарттарга барабар болгон башка Макулдашуучу тарап 1-пунктта көрсөтүлгөн тармактардагы коопсуздук стандарттарын натыйжалуу колдобой жана башкарбай жаткандыгын тапса, бул Макулдашуучу тарап ушул минималдуу стандарттарга шайкеш келтирүү үчүн зарыл деп эсептелген бул эскертүүлөр жана кадамдар жөнүндө экинчи Макулдашуучу тарапка маалымдайт жана бул экинчи Макулдашуучу тарап тиешелүү түзөтүү иш-аракеттерин жасайт. Экинчи Макулдашуучу тараптын тиешелүү иш-аракетти он беш (15) күндүн же макулдашылышы мүмкүн болгон узак мезгилдин ичинде кабыл албоосу ушул Макулдашуунун 4-беренесин колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
3. Муну менен экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына же аймагынан учууларды аткарууда бир Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы эксплуатациялап жаткан кайсы болбосун аба кемеси экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында болгон учурда экинчи Макулдашуучу тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан бул негизсиз кармап турууга алып келбеген шартта аба кемесинин, ошондой эле анын экипажынын документтеринин (бул беренеде "перрондук инспекция" деп аталуучу) аныктыгын, ошондой эле аба кемесинин жана анын жабдууларынын сырткы абалын текшерүү үчүн аба кемесинин бортунда жана анын айланасында текшерүү объекти болушу мүмкүн экендиги макулдашылган.
4. Эгерде кайсы болбосун перрондук инспекция же перрондук инспекциялардын сериясы төмөнкүлөргө алып келсе:
а) аба кемеси же аба кемесин эксплуатациялоо ушул учурда Чикаго конвенциясына ылайык белгиленген минималдуу стандарттарга шайкеш келбегендиги тууралуу олуттуу кооптонууга; же
б) ошол учурда Чикаго Конвенциясынын 33-беренесине ылайык белгиленген коопсуздук стандарттарын натыйжалуу колдоодо жана башкарууда кемчиликтер бар экендиги тууралуу олуттуу кооптонууга алып келсе, перрондук инспекция жүргүзүп жаткан Макулдашуучу тарап бул аба кемесине же бул аба кемесинин экипажына карата сертификат же лицензиялар берилген же жараксыз деп таанылган талаптар же аба кемеси эксплуатацияланып жаткан талаптар Чикаго Конвенциясына ылайык бекитилген минималдуу стандарттарга шайкеш эмес же алардан төмөн деген тыянак чыгарууга укуктуу.
5. Эгерде ушул берененин 3-пунктуна ылайык бир Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы тарабынан эксплуатациялап жаткан аба кемесине перрондук инспекцияны жүргүзүү максаттары үчүн мындай авиакомпаниянын өкүлдөрү киргизүүдөн баш тартса, экинчи Макулдашуучу тарап ушул берененин 4-пунктунда эске алынган мындай мүнөздөгү олуттуу тынчсыздануу келип чыгат деген тыянак чыгарууга жана жогоруда аталган пунктта эске алынган тыянактарга келүүгө укуктуу.
6. Эгерде бир Макулдашуучу тарап перрондук инспекциянын же перрондук инспекциялардын сериясынын, перрондук инспекцияны, консультацияларды жүргүзүү үчүн киргизүүдөн баш тартуунун натыйжалары боюнча же башкача түрдө мындай иш-аракет авиакомпаниялардын учууларынын коопсуздугу үчүн зарыл деген тыянакка келсе, ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясынын же авиакомпанияларынын эксплуатациялык уруксатынын дароо токтото туруу же өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.
7. Ушул берененин 2 же 6-пункттарга ылайык бир Макулдашуучу тараптын кайсы болбосун иш-аракети мындай иш-аракетти кабыл алуу үчүн негиз жок болуп калганда дароо токтотулат.
8. Эгерде Венгрия Европа бирлигине башка мүчө мамлекет жөнгө салуучу контролду жүзөгө ашырган жана колдогон авиакомпанияны дайындаса, экинчи Макулдашуучу тараптын укуктары ушул беренеге ылайык Европа бирлигине мүчө ошол экинчи мамлекеттин коопсуздук стандарттарды кабыл алуусуна, колдонуусуна же колдоосуна карата жана бул авиакомпанияны эксплуатациялоого уруксатка карата бирдей даражада колдонулат.
10-берене. Авиациялык коопсуздук
1. Эл аралык укук боюнча өздөрүнүн укуктарына жана милдеттенмелерине ылайык Макулдашуучу тараптар мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан жарандык авиациянын коопсуздугун коргоого бири-бирине карата алган милдеттенме ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзөт деп кайрадан ырастайт.
2. Жарандык аба кемелеринин, алардын жүргүнчүлөрүнүн жана экипажынын коопсуздугун камсыздоо эл аралык аба каттамдарынын иштөөсүнүн негизги баштапкы шарты болуп саналат, Макулдашуучу тараптар мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан жарандык авиациянын коопсуздугун камсыздоо боюнча алардын бири-биринин алдындагы милдеттенмелери (жана, тактап айтканда, Конвенцияга жана анын тиркемелерине, 1963-жылдын 14-сентябрында Токиодо кол коюлган Аба кемелеринин бортунда жасалуучу кылмыштар жана айрым башка актылар жөнүндө конвенцияга, 1970-жылдын 16-декабрында Гаагада кол коюлган Аба кемелерин мыйзамсыз басып алууга каршы күрөшүү жөнүндө конвенцияга, 1971-жылдын 23-сентябрында Монреалда кол коюлган Жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы багытталган мыйзамсыз актылар менен күрөшүү жөнүндө конвенцияга жана 1988-жылдын 24-февралында Монреалда кол коюлган Эл аралык жарандык авиацияны тейлөөчү аэропорттордо зомбулуктун мыйзамсыз актыларына каршы күрөшүү жөнүндө протоколго), ошондой эле Макулдашуучу тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдер ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат деп ырастайт.
3. Макулдашуучу тараптар каттоосу бар аба кемелеринин эксплуатанттары же ишинин негизги орду же туруктуу турган жери Макулдашуучу тараптардын аймагында болгон аба кемелеринин эксплуатанттары же Венгриянын учурунда, аба кемелери ЕБдин келишимдерине ылайык анын аймагында катталган жана Европа бирлигинин мыйзамына ылайык эксплуатанттын колдонуудагы Сертификаты бар эксплуатанттар, ошондой эле өзүнүн аймагындагы аэропорттордун эксплуатанттары авиациялык коопсуздук жаатындагы ушундай жоболорго ылайык аракеттенүүсүн талап кыла алат.
4. Макулдашуучу тараптар жарандык аба кемелерин мыйзамсыз басып алуу актыларынын жана ушундай аба кемелеринин, алардын жүргүнчүлөрүнүн жана экипаждарынын, аэропорттордун жана аэронавигациялык каражаттардын коопсуздугуна каршы багытталган башка мыйзамсыз актылардын алдын алуу, ошондой эле жарандык авиациянын коопсуздугуна бардык башка коркунучту четтетүү үчүн өтүнүч боюнча бири-бирине бардык керектүү жардамды көрсөтөт.
5. Макулдашуучу тараптар каттоосу бар аба кемелеринин эксплуатанттары же ишинин негизги орду же туруктуу турган жери Макулдашуучу тараптардын аймагында болгон аба кемелеринин эксплуатанттары, ошондой эле өз аймагындагы аэропорттордун эксплуатанттары авиациялык коопсуздук жаатындагы Макулдашуучу тараптарга колдонулган сыяктуу жоболорго ылайык аракеттенүүсүн талап кыла алат.
6. Ар бир Макулдашуучу тарап анын аба кемелеринин эксплуатанттары экинчи Макулдашуучу тараптын аймагынан учуп чыгып жатканда же алар экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында жүргөн учурда бул өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарына, Венгриянын учурунда, Европа бирлигинин мыйзамына ылайык авиациялык коопсуздук жөнүндө жобону сактоого тийиш экенине макул.
7. Ар бир Макулдашуучу тарап аба кемелерин коргоо үчүн жана жүргүнчүлөрдү, экипажды, кол жүктү текшерүү үчүн, ошондой эле бортко отурганга же жүктөгөнгө чейин кол жүктун, жүктүн жана аба кемесинин коопсуздугуна тиешелүү текшерүүнү жүргүзүү үчүн аймагынын чегинде тиешелүү чараларды натыйжалуу колдонууну кепилдейт. Ар бир Макулдашуучу тарап ошондой эле конкреттүү коркунучка байланыштуу коопсуздуктун негиздүү атайын чараларын көрүү жөнүндө экинчи Макулдашуучу тараптын бардык өтүнүчүн оң карайт. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн аймагында мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан жарандык авиацияны коргоо боюнча коопсуздуктун натыйжалуу чараларын көрүүнү камсыз кылат. Мындай чаралар жарандык авиациянын коопсуздугу үчүн коркунучтардын өсүшүнө ылайык оңдолуп-түзөлүүгө тийиш.
8. Жарандык аба кемелерин мыйзамсыз басып алууга же ушундай аба кемелеринин, алардын жүргүнчүлөрүнүн жана экипаждарынын, аэропорттордун же аэронавигациялык каражаттардын коопсуздугуна каршы багытталган башка мыйзамсыз актыларга байланышкан инцидент же инциденттин коркунучу келип чыккан учурда Макулдашуучу тараптар ушундай инцидентти тез жана ийгиликтүү токтотуу же мүмкүн болушунча, мындай инциденттен же коркунучтан өмүр үчүн минималдуу тобокелдикке барабар четтетүү максатында байланышты берүү жана башка талаптагыдай чараларды көрүү аркылуу бири-бирине жардам берет.
9. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында конгон абалда турган учурда мыйзамсыз басып алуу актысына же башка мыйзамсыз кийлигишүү актыларына кабылган анын аба кемеси, эгерде аны жөнөтүү жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын мүчөлөрүнүн өмүрүн коргоонун биринчи кезектеги милдети менен шартталбаса гана, анын аймагында кармалып турушун камсыз кылуу үчүн ал иш жүзүндө жүзөгө ашыра ала турган чараларды көрөт.
10. Эгерде Макулдашуучу тарапта экинчи Макулдашуучу тарап ушул берененин жоболорунан четтеди деп болжолдоого акылга сыярлык негиздер бар болсо, биринчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери менен тез арада консультацияларды өткөрүүнү талап кыла алат. Мындай суроо-талапты алган учурдан тартып он беш (15) күндүн ичинде канааттандырарлык макулдашууга жетишүүгө мүмкүн эместик ушул Макулдашуунун 4-беренесинин 1-пунктун колдонуу үчүн негиз болуп саналат. Өзгөчө кырдаалда зарыл болгон учурда Макулдашуучу тарап 4-берененин 1-пунктуна ылайык он беш (15) күн өткөнгө чейин убактылуу аракеттерди көрө алат. Ушул пунктка ылайык көрүлгөн ар кандай аракеттер экинчи Макулдашуучу тарап коопсуздук жөнүндө ушул берененин жоболорун аткаргандан кийин токтотулат.
11-берене. Пайдалануу жыйымдары
1. Ар бир Макулдашуучу тарап аэропортторду жана башка авиациялык каражаттарды пайдалануу үчүн экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпанияларынан жыйымдарды алуу боюнча анын компетенттүү органдары алуучу же аны салууга уруксат берилген колдонуучулардан алынуучу жыйымдардын адилеттүү жана акылга сыярлык болушун камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Бул жайымдар акылга сыярлык экономикалык принциптерге негизделүүгө тийиш жана мындай кызматтар үчүн бардык башка авиакомпаниялар төлөгөндөн жогору болууга тийиш эмес.
2. Макулдашуучу тараптардын бири да өз пайдалануучуларынан же ушул сыяктуу эл аралык авиаташууларды жүзөгө ашыруучу бардык башка авиакомпаниялардан жыйымдарга карата артыкчылык бербейт жана экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпанияларынан ушундай эле аба кемелерин жана алар менен байланышкан каражаттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу менен ушундай эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу өзүнүн дайындалган авиакомпанияларына салынуучу пайдалануучулардан кыйла жогору жыйымдарды салбайт же албайт.
3. Ар бир Макулдашуучу тарап жыйымдарды алуу боюнча өзүнүн компетенттүү органдарынын жана кызмат көрсөтүүлөр менен тейлөө каражаттарын пайдалануучу дайындалган авиакомпаниялардын ортосундагы консультацияларды кубаттайт. Мүмкүнчүлүккө жараша мындай колдонуучуларга акы киргизилгенге же кайра каралганга чейин өз пикирин билдире алышы үчүн тиешелүү көмөкчү маалымат жана маалыматтар менен бирге кандай болбосун сунуш жөнүндө, пайдалануу үчүн акынын өзгөрүшү жөнүндө акылга сыярлык билдирүү жөнөтүлүүгө тийиш.
12-берене. Коммерциялык иш
1. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниялары экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында аба аркылуу ташууларга көмөктөшүү жана транспорттук документтерди, ошондой эле башка көмөкчү продуктуларды жана келишимдик линияларды пайдалануу үчүн зарыл болгон каражаттарды сатуу максатында офистерди ачууга укуктуу.
2. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниялары эгерде бул келишимдик линияларды пайдаланууга байланыштуу талап кылынышы мүмкүн болсо, экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына өзүнүн башкаруучу, коммерциялык, эксплуатациялык, соода, техникалык жана башка персоналын жана өкүлдөрүн алып келүүгө жана күтүүгө укуктуу.
3. Ушул берененин 2-пунктунда аталган мындай өкүлдөргө жана персоналга муктаждык дайындалган авиакомпаниянын тандоосу боюнча ар кандай жарандыктагы өзүнүн персоналы менен же экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында аракеттенген жана ушундай экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында мындай кызмат көрсөтүүгө ыйгарым укук берилген кайсы болбосун башка авиакомпаниянын, уюмдун же компаниянын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу менен канааттанышы мүмкүн.
4. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниялары же түздөн-түз же болбосо өзүнүн каалоосу боюнча агенттер аркылуу экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында аба транспортунун, анын көмөкчү продуктуларынын жана каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрүн сатууга катышууга укуктуу. Бул максатта дайындалган авиакомпаниялар өздөрүнүн транспорттук документтерин колдонууга укуктуу. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы мындай транспорттук жана коштоочу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жергиликтүү валютада же кандай болбосун башка эркин алмаштырылуучу валютада сатууга укуктуу жана кайсы жак болбосун эркин сатып ала алат.
5. Бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниялары экинчи Макулдашуучу тараптын аймагындагы жергиликтүү чыгымдарды жергиликтүү валютада же бул колдонуудагы эрежелерге ылайык келген шартта эркин алмаштырылуучу валютада төлөөгө укуктуу.
6. Жогоруда көрсөтүлгөн бардык аракеттер экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында колдонулуп жаткан мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
7. Келишимдик линиялар боюнча аба каттамын аткарып же аткарууга умтулуп, бир Макулдашуучу тараптын кайсы болбосун дайындалган авиакомпаниясы коддорду жана блок-орундарды биргелешип пайдалануу жөнүндө төмөнкүлөр менен макулдашуу түзө алат:
а) бир эле Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы же авиакомпаниялары менен;
б) экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы же авиакомпаниялары менен;
в) үчүнчү тараптын авиакомпаниясы же авиакомпаниялары менен. Эгерде мындай үчүнчү тарап экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпанияларынын жана башка авиакомпаниялардын ортосунда ушундай үчүнчү өлкөгө, андан жана ал аркылуу учууларды аткаруу жөнүндө салыштырма макулдашууларга санкция бербесе же уруксат бербесе, тиешелүү Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери мындай макулдашууларды кабыл албоого укуктуу.
8. Жогоруда аталган жоболор шарттар менен жөнгө салынат, аларга ылайык мындай келишимдерге катышкан бардык авиакомпаниялар:
а) маршрутту эксплуатациялоого тиешелүү укуктарга жана коммерциялык укуктарга ээ болот;
б) Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтеринен жактыруу алат жана мындай макулдашууларга коюлуучу талаптарга ылайык келет;
в) сатылган ар бир билетке карата сатып алуучу сатуу пунктунда учуунун ар бир участогун кайсы авиакомпания аткара тургандыгы жөнүндө маалымдалат;
г) коддорду биргелешип пайдалануу кызмат көрсөтүүлөрү маркетингдик авиакомпания берүүчү жыштыкка эсептелбейт.
13-берене. Акча каражаттарын которуу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына (авиакомпанияларына) аба ташууларынын кызмат көрсөтүүлөрүн, башка кошумча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга байланыштуу биринчи Макулдашуучу тараптын аймагында авиакомпания алган чыгымдардан ашкан кирешелердин суммасын, ошондой эле мындай кирешелерден алынган коммерциялык пайыздарды (анын ичинде которулушу күтүлүп жаткан депозиттер боюнча алынган пайыздарды) эркин которууга укук берет. Мындай которуулар аймагында кирешелер эсептелген Макулдашуучу тараптын мамлекетинин валюталык эрежелерине ылайык ар кандай конвертациялануучу валютада жүзөгө ашырылууга тийиш. Мындай которуу расмий алмашуу курстарынын негизинде жүзөгө ашырылууга тийиш, же эгерде расмий алмашуу курсу жок болсо, мындай которуулар учурдагы төлөмдөр үчүн валюта рыногунун басымдуу курстарынын негизинде жүзөгө ашырылууга тийиш.
2. Макулдашуучу эки тараптын ортосунда акча каражаттарын которууну жөнгө салуучу атайын макулдашуу болгон учурда, мындай макулдашуу артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
14-берене. Ырааттама
Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы өзүнүн пландалган учуу ырааттамасын экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтеринин бекитүүсүнө келишимдик линияларды эксплуатациялоо башталганга чейин кеминде отуз (30) күн мурда берет. Ушундай эле тартип ырааттаманы бардык өзгөртүүлөрдө колдонулат. Өзгөчө учурларда бул мөөнөт көрсөтүлгөн бийликтердин жактыруусу менен кыскартылышы мүмкүн.
15-берене. Тарифтер
1. Ар бир Макулдашуучу тарап аба ташууларына тарифтер рыноктогу коммерциялык пикирлердин негизинде ар бир дайындалган авиакомпания тарабынан белгиленишине жол берет. Макулдашуучу тараптардын бири да дайындалган авиакомпаниянын башка авиакомпаниялар менен алар алган тарифтер жөнүндө консультация алуусун же ушул Макулдашууда камтылган кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы алууну сунуштоосун талап кылууга тийиш эмес.
2. Макулдашуучу тараптардын бири да эки Макулдашуучу тараптын төмөнкү авиакомпаниясы (авиакомпаниялары) тарабынан тарифтерди алууга же алууну сунуштоого уруксат бербейт:
а) рынок бийлигин ашыкча кыянаттык менен пайдаланган; же
б) атаандаштыкка каршы аракетти билдирген, атаандаштыкты четтетүүгө, чектөөгө же бурмалоого же атаандаштыкты маршруттан сүрүп чыгарууга багытталган же болушу мүмкүн болгон же ачык багытталган жүрүм-турумду билдирген тарифти колдонгон.
3. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы (авиакомпаниялары) тарабынан өзүнүн аймагына же андан ташуу үчүн сунушталган тарифтерди билдирүүнү же берүүнү талап кыла алат. Мындай билдирүү же тарифти берүү болжолдуу киргизүү датасына чейин отуз (30) күн мурда суралышы мүмкүн. Өзгөчө учурларда бул мөөнөт кыскартылышы мүмкүн.
4. Ар бир Макулдашуучу тарап эки Макулдашуучу тараптын аймагында башталган аймактарынын ортосунда бир тарапка же эки тарапка ташууга тарифтерди бекитүүгө же четке кагууга укуктуу.
5. Эгерде кайсы болбосун Макулдашуучу тарап анын аймагына ташууга тариф жогоруда 2-пунктта баяндалган категорияларга туура келет деп эсептесе, мындай Макулдашуучу тарап тариф билдирилген же берилген күндөн тартып он беш (15) күндүн ичинде экинчи Макулдашуучу тарапка өзүнүн нааразычылыгы жөнүндө билдирүү жөнөтөт жана төмөндөгү 6-пунктта баяндалган консультациялык жол-жоболорду пайдалана алат.
6. Ар бир Макулдашуучу тарап ушул Макулдашууда камтылган кызмат көрсөтүүлөргө экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясынын бардык тарифине карата, анын ичинде тиешелүү тариф жактырбоо же канааттандырбоо жөнүндө кабарлоонун предмети болгон учурларда консультацияларга суроо-талап кыла алат. Мындай консультациялар суроо-талапты алгандан кийин отуз (30) күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Макулдашуучу тараптар маселелерди негиздүү чечүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууда кызматташат. Эгерде Макулдашуучу тараптар макулдашууга жетишсе, ар бир Макулдашуучу тарап бул макулдашуу күчүнө кириши үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Эгерде макулдашууга жетишилбесе, аймагында ташуу башталган Макулдашуучу тараптын чечими артыкчылыктуу күчкө ээ.
7. Ушул пункттун жоболоруна ылайык белгиленген тариф, эгерде ал тиешелүү авиакомпаниялар тарабынан жокко чыгарылбаса же жаңы тариф бекитилбесе, күчүндө калат.
16-берене. Маалымат алмашуу
1. Макулдашуучу тараптардын кайсы болбосун авиациялык бийликтеринин суроо-талабы боюнча мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына, аймагы аркылуу жана аймагынан келишимдик линияларды эксплуатациялоо үчүн алардын тийиштүү дайындалган авиакомпанияларына берилген учурдагы уруксаттар тууралуу маалымат алмашат. Мындай маалымат түзөтүүлөр же аларды бошотуу жөнүндө буйруктар менен чогуу сунушталган маршруттар боюнча ташууларды жүзөгө ашырууга берилген колдонуудагы сертификаттардын жана уруксаттардын көчүрмөлөрүн камтууга тийиш.
2. Макулдашуучу тараптардын биринин авиациялык бийликтери экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтерине алардын суроо-талабы боюнча ошол экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында жасалган жана өзүнүн аймагына түшүрүлгөн, негиздүү түрдө талап кылынышы мүмкүн болгон ташуулар жөнүндө мезгилдүү же башка статистикалык отчетторду берет.
17-берене. Консультациялар
1. Тыгыз кызматташтык духунда Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтери ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууну жана канааттандырарлык түрдө сактоону камсыз кылуу максатында мезгил-мезгили менен бири-бири менен консультацияларды өткөрүп турат жана кайсы болбосун Макулдашуучу тарап каалаган убакта ушул Макулдашууну аткарууга, чечмелөөгө, колдонууга же өзгөртүүгө тиешелүү консультацияларга суроо-талап кыла алат.
2. 4, 9, 10 жана 15-беренелерде каралган учурларды кошпогондо, талкуулоо же кат алышуу жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн болгон мындай консультациялар, эгерде эки Макулдашуучу тарап башка жөнүндө макулдашпаса, мындай суроо-талапты алган күндөн тартып алтымыш (60) күндүн ичинде башталат.
18-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
1. Макулдашуучу тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланышкан талаш-тартыштар келип чыккан учурда Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтери биринчи кезекте аларды сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракет кылууга тийиш.
2. Эгерде Макулдашуучу тараптар талаш-тартышты сүйлөшүү жолу менен чече албаса, ал Макулдашуучу тараптардын кандай чечишине жараша консультациялык корутундуну же милдеттүү чечимди алуу максатында алар макулдаша ала турган жеке же юридикалык жакка же органга кароого жиберилиши мүмкүн; же кайсы болбосун Макулдашуучу тараптын өтүнүчү боюнча иш үч (3) арбитрдин кароосуна берилиши мүмкүн.
3. Мындай арбитраждык сот төмөнкүдөй түрдө түзүлөт: ар бир Макулдашуучу тарап бирден арбитрди дайындайт, ал эми эки арбитр макулдашат жана үчүнчү мамлекеттин жаранын төрага катарында дайындайт. Мындай арбитрлер кайсы болбосун Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптан талаш-тартышты ушундай сот тарабынан арбитраждык кароо өтүнүчү менен дипломатиялык каналдар аркылуу билдирүүнү алган күндөн тартып эки (2) айдын ичинде, ал эми төрага Макулдашуучу тараптын бири талашты арбитраждык соттун кароосуна берүүгө өзүнүн ниети жөнүндө экинчи Макулдашуучу тарапка маалымдаган күндөн тартып үч (3) айдын ичинде дайындалат.
4. Эгерде (3) пунктта көрсөтүлгөн мезгил сакталбаса, кайсы болбосун Макулдашуучу тарап кандай болбосун башка тиешелүү келишим жок болгон учурда зарыл болгон дайындоолорду жүзөгө ашыруу үчүн Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) Кеңешинин Президентин чакыра алат. Эгерде Президент Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин биринин жараны болсо, же кандайдыр бир башка себептер боюнча ал бул функцияны аткара албаса, анда аны алмаштырган вице-президент зарыл болгон дайындоолорду жүзөгө ашырат.
5. Арбитраждык сот көпчүлүк добуш менен корутундуга келүүгө тийиш. Мындай чечимдерди Макулдашуучу тараптар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн арбитринин чыгымдарын, ошондой эле арбитраждык жол-жоболорго катышуу боюнча анын чыгымдарын төлөөгө тийиш; ал эми төраганын чыгымдарын жана бардык башка чыгымдарды Макулдашуучу тарап тең төлөйт. Бардык айрым маселелер боюнча арбитраждык сот өзүнүн жол-жоболорун өзү аныктоого тийиш.
19-берене. Макулдашууга түзөтүүлөр
1. Эгерде кайсы болбосун Макулдашуучу тарап ушул Макулдашуунун кандайдыр бир жобосуна түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл деп эсептесе, мындай түзөтүүлөр, эгерде алар ушул Макулдашуунун 17-беренесинин жоболоруна ылайык Макулдашуучу тараптардын ортосунда макулдашылган болсо, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө Протоколду түзүү жолу менен кабыл алынат. Протокол Макулдашуучу тараптардын ортосунда алардын конституциялык талаптары аткарылганын ырастаган дипломатиялык ноталарды алмашууда кийинки кабарлоо датасынан отуз (30) күндөн кийин 22-беренеге ылайык күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуунун Тиркемелерине ар кандай түзөтүүлөр Макулдашуучу тараптардын ортосунда түздөн-түз макулдашылышы мүмкүн жана бул түзөтүүлөр 22-беренеге ылайык күчүнө кирет.
3. Эл аралык аба транспортуна тиешеси бар жана эки Макулдашуучу тараптын ортосундагы мамилелерге таасири бар көп тараптуу конвенция күчүнө кирген учурда, ушул Макулдашууга ушундай көп тараптуу конвенциянын жоболоруна шайкештикти камсыз кылуу үчүн түзөтүүлөр киргизилет.
20-берене. Каттоо
Тиркемелерге түзөтүүлөрдү кошпогондо, ушул Макулдашууну жана ага карата бардык түзөтүүлөрдү Макулдашуучу тараптар каттоо үчүн Эл аралык жарандык авиация уюмуна берет.
21-берене. Колдонулушун токтотуу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу чечими жөнүндө экинчи Макулдашуучу тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө каалаган убакытта билдире алат. Мындай билдирүү бир эле убакта Эл аралык жарандык авиация уюмуна жөнөтүлөт. Мындай учурда Макулдашуунун колдонулушу экинчи Макулдашуучу тарап билдирүүнү алгандан он эки (12) айдан кийин, эгерде токтотуу жөнүндө билдирүү бул мезгил бүткөнгө чейин макулдашуу боюнча кайра чакыртып алынбаса гана токтотулат.
2. Колдонулушун токтотуу жөнүндө билдирүүнү алгандыгын экинчи Макулдашуучу тараптын ырастоосу жок болсо, Эл аралык жарандык авиация уюму билдирүүнү алгандан он төрт (14) күндөн кийин билдирүү алынды деп эсептелет.
22-берене. Күчүнө кириши
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып отуз (30) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
20__-жылдын "___"__________ ___________ шаарында, ар бири кыргыз, венгер, орус жана англис тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей болуп саналат. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кандайдыр бир пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Венгриянын Өкмөтү үчүн |
|
| 1-тиркеме |
МАРШРУТТАРДЫН РАСПИСАНИЕСИ
I. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети дайындаган авиакомпаниялар аткара турган маршруттар:
Кыргыз Республикасындагы пункттар | Ортодогу пункттар | Венгриядагы пункттар | Сырткаркы пункттар |
Ар кандай пункттар | Макулдашуу боюнча | Ар кандай пункттар | Макулдашуу боюнча |
II. Венгриянын Өкмөтү дайындаган авиакомпаниялар аткара турган маршруттар:
Венгриядагы пункттар | Ортодогу пункттар | Кыргыз Республикасындагы пункттар | Сырткаркы пункттар |
Ар кандай пункттар | Макулдашуу боюнча | Ар кандай пункттар | Макулдашуу боюнча |
Эскертүү:
1. Ар кандай Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниялары бул маршруттардагы аба каттамы авиакомпанияны дайындаган Макулдашуучу тараптын аймагындагы пунктта башталган/аяктаган шартта ар кандай же бардык рейстерде, ар кандай пунктта же андан тышкары жерлерде өткөрө алат.
2. Ар кандай Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниялары авиациялык бийликтердин ортосунда макулдашылган шартта ошол пункт менен башка Макулдашуучу тараптын аймагынын ортосундагы ташууларга укуктарды жүзөгө ашырбастан эле ар кандай ортодогу же кошумча пункттарды эксплуатациялай алат.
3. Айрым ортоаралык жана/же алыскы пункттарда абанын бешинчи эркиндиги укугун жүзөгө ашыруу эки авиациялык бийликтин ортосунда макулдашылууга жана бекитилүүгө тийиш.