Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 11-марты № 108-т
Тышкы электрондук соода жаатында пилоттук долбоорду (экспериментти) өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
1) бул тескемеге кол коюлган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында тышкы электрондук соода жаатында пилоттук долбоорду (экспериментти) (мындан ары - пилоттук долбоор) ишке ашырууну баштасын;
2) пилоттук долбоор аяктагандан кийин электрондук соода товарларын жөнгө салуу механизмин андан ары киргизүү үчүн жеткире иштеп чыгууну талап кылган көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди аныктоо максатында пилоттук долбоордун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) пилоттук долбоорду өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын чечими менен аныкталат;
2) пилоттук долбоорду өткөрүү тиешелүү эл аралык келишимдер жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылар күчүнө киргенге чейин аны узартуу мүмкүнчүлүгү менен 2022-жылдын 31-декабрына чейин жүзөгө ашырылат;
3) пилоттук долбоорго Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын чечиминин негизинде электрондук сооданын операторлору катары юридикалык жактар катышат.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы пилоттук долбоорду өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |