Загрузка документа…
|
| 6-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы (мындан ары - кызмат) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын (мындан ары - Мамлекеттик катчы), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) жана Президенттин Администрациясынын кызматтын милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызматтын кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
4. Кызматтын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
5. Кызматты кызматтын жетекчиси жетектейт, ал кызматтын ишине жалпы жетекчилик кылат.
Кызматтын жетекчисинин орун басары болот, ал кызмат жетекчиси жок мезгилде жана анын тапшырмасы боюнча кызматтык документтерге кол коюу укугу менен аны алмаштырат.
2. Кызматтын милдеттери
6. Кызмат Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчөлүү милдеттерди ишке ашырат:
1) республиканын жарандарына жана эл аралык коомчулукка Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын иши жөнүндө маалымдоо, ошондой эле Мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын чагылдыруу;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК) менен байланышын камсыз кылуу;
3) мамлекеттик маалыматтык саясатты түзүүгө катышуу.
3. Кызматтын функциялары
7. Кызмат Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн жарандарына Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын өлкөнүн социалдык-экономикалык, коомдук-саясий турмушунун маанилүү маселелери жана аларды чечүү үчүн көрүлүүчү чаралар боюнча позицияларын ЖМКлар аркылуу маалымдоону жана түшүндүрүүнү уюштурат;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин катышуусундагы иш-чараларды маалыматтык коштоону камсыз кылат;
3) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин катышуусундагы брифингдерди, пресс-конференцияларды жана интервьюларды уюштурат жана ушул иш-чараларга ЖМКнын өкүлдөрүн аккредитациялоону жүргүзөт;
4) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин жолугушууларынын, кеңешмелеринин жана иш сапарларынын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздерди даярдоону камсыз кылат;
5) Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Президенттин Администрациясынын ишине тиешелүү расмий билдирүүлөрдү, эксперттердин комментарийлерин жана башка маалыматтык (журналисттик) материалдарды ЖМКда жайылтууну камсыз кылат;
6) ЖМКда жана социалдык тармактарда Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин иши жөнүндө айтылган сын пикирлерге оперативдүү чара көрөт;
7) бирдиктүү маалыматтык саясат жүргүзүү бөлүгүндө мамлекеттик бийлик органдарынын коомчулук менен байланыштары боюнча басма сөз кызматынын, жооптуу кызматкерлердин ишин координациялайт;
8) белгиленген компетенциясынын чегинде Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын ишин, ошондой эле мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын чагылдыруу боюнча ЖМКнын ишин координациялайт;
9) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын ишин баалоо боюнча ЖМКдагы жарыялоолорго мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат;
10) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусундагы иш-чараларды фото жана видеого тартат;
11) Президенттин расмий сайтын жана Президенттин социалдык тармактагы расмий аккаунттарын, Министрлер Кабинетинин расмий сайтын маалыматтык колдоону, ошондой эле Президент кол койгон мыйзамдарды, анын актыларын жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин жарыялоону камсыз кылат;
12) коомдук талкуулоо үчүн Президенттин расмий сайтына, Министрлер Кабинетинин расмий сайтына ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жайгаштырууну камсыз кылат;
13) мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын кызматкерлери жана ЖМКнын өкүлдөрү үчүн окутуучу семинарларды, тренингдерди, стажировкаларды уюштурат;
14) Президенттин Администрациясында тейлеген багыттары боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууну, экспертизалоону жана жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат.
4. Кызматтын ыйгарым укуктары
8. Кызмат, кызматтын жетекчилери жана кызматкерлери Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга, ошондой эле өзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша кызмат төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн ЖМКларга жайгаштырууга арналган материалдарды оперативдүү берүүнү талап кылууга;
2) ЖМКларга сөз сүйлөөлөрдү, башка маалыматтык материалдарды жана аналитикалык маалымкаттарды даярдоо үчүн Президенттин Администрациясынын кызматкерлерин белгиленген тартипте тартууга;
3) ЖМКларда Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ишин чагылдыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин өзүнүн ишине белгиленген тартипте тартууга;
4) консультация алуу үчүн эксперттерди жана адистерди белгиленген тартипте тартууга;
5) ЖМКлардын өкүлдөрүн жана басылмалардын кызматкерлерин сыйлоо жана колдоо жөнүндө сунуштарды демилгелөөгө;
6) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүүнү демилгелөөгө;
7) тейлеген маселелери боюнча Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентине ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка документтерди белгиленген тартипте кайра кайтарууга.
9. Башка ыйгарым укуктар менен катар кызматтын жетекчиси:
1) Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалыматтык саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын иштерин координациялайт;
2) кызматка кириш корреспонденцияны күн сайын карайт, аны кызматтын кызматкерлеринин ортосунда бөлүштүрөт;
3) ЖМКлар менен өз ара аракеттенүүдө өкүлчүлүк функцияларды аткарат;
4) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусундагы жолугушууларды, кеңешмелерди, иш сапарларды жана башка иш-чараларды ЖМКларда жана социалдык тармактарда чагылдыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышат;
5) өлкөнүн социалдык-экономикалык, коомдук-саясий турмушунун маанилүү маселелери жана аларды чечүү үчүн көрүлгөн чаралар боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин позицияларын ЖМКлар аркылуу Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн жарандарына маалымдоо жана түшүндүрүү максатында иштерди уюштурат;
6) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын иштерин, ошондой эле мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын чагылдыруу боюнча ЖМКлардын иштерин координациялайт;
7) мамлекеттик ЖМКлардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет.
10. Башка ыйгарым укуктар менен катар кызматтын эксперттери:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин катышуусундагы иш-чараларды маалыматтык коштоону камсыз кылат;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин катышуусундагы иш-чараларга ЖМКлардын өкүлдөрүн аккредитациялоону жүргүзөт;
3) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин катышуусундагы пресс-конференцияларды уюштурат;
4) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин жолугушууларынын, кеңешмелеринин жана иш сапарларынын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздерди даярдоону камсыз кылат;
5) Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Президенттин Администрациясынын ишине тиешелүү расмий билдирүүлөрдү, эксперттердин комментарийлерин жана башка маалыматтык (журналисттик) материалдарды ЖМКларда жайылтууну камсыз кылат;
6) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын ишине тиешелүү сын пикир материалдар боюнча даярдалган тапшырмаларды даярдайт жана аткарылышын контролдойт;
7) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын ишин баалоо боюнча ЖМКларда жарыялоолорго мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат;
8) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусундагы иш-чараларды фото жана видеого тартат;
9) Президенттин расмий сайтын жана Президенттин социалдык тармактардагы расмий аккаунттарын, Министрлер Кабинетинин расмий сайтын маалыматтык колдоону камсыз кылат;
10) коомдук талкуулоо үчүн Президенттин расмий сайтына, Министрлер Кабинетинин расмий сайтына ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жайгаштырууну камсыз кылат.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
11. Кызмат Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар менен алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тыгыз өз ара аракеттенүүдө иш жүргүзөт.
12. Кызмат өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында төмөнкүлөрдү тейлейт:
1) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин (маалымат бөлүгүндө);
2) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигин ("Радиорелелик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси" ачык акционердик коомунун жана Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүнүн маселелери бөлүгүндө);
3) маалыматтык инфраструктуранын учурдагы иштерин жана өнүктүрүүнү камсыз кылуучу мамлекеттик ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды, ошондой эле мамлекеттик ЖМКларды.