Загрузка документа…
| 7-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине ылайык)
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын тышкы саясат бөлүмү жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 225 тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат, бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген эл аралык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) ишин камсыз кылат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүмдүн курамына Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча сектор кирет (мындан ары - ЕАЭБ иштери боюнча сектор).
Сектор бөлүмдүн курамындагы түзүмдүк бөлүм болуп саналат.
4. Бөлүмдүн кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
5. Бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Бөлүмдү бөлүмдүн башчысы жетектейт, ал бөлүмдүн ишине жалпы жетекчилик кылат.
Бөлүмдүн башчысынын орун басары болот, ал бөлүмдүн башчысы жок мезгилде жана анын тапшырмасы боюнча кызматтык документтерге кол коюу укугу менен аны алмаштырат.
Бөлүм башчы жана бөлүм башчынын орун басары жок болгон мезгилде бөлүмдү жетектөө кызматтык документтерге кол коюу укугу менен ЕАЭБ иштери боюнча сектор башчысы тарабынан ишке ашырылат.
ЕАЭБ иштери боюнча сектор башчысы жок болгон мезгилде секторду жетектөө жана сектордун маселелери боюнча тиешелүү документтерге кол коюу бөлүм башчы же бөлүм башчынын орун басары тарабынан ишке ашырылат.
7. Бөлүмдүн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дипломатиялык рангдар ыйгарылышы мүмкүн.
2. Бөлүмдүн милдеттери
8. Бөлүм Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө милдеттерди ишке ашырат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты, эл аралык мамилелер жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча ишин камсыз кылуу;
2) Президенттин мамлекеттин тышкы саясатын жетектөө боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашыруусун маалыматтык, аналитикалык, эксперттик камсыздоо;
3) тышкы саясаттын бирдиктүү принцибин сактоо жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ак ниеттүү аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, кызмат адамдарынын бөлүмдүн компетенциясына кирген эл аралык кызматташтык маселелери боюнча ишин координациялоо.
9. ЕАЭБ иштери боюнча сектордун негизги милдети Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) органдарында жана Дүйнөлүк соода уюмунун (мындан ары - ДСУ) маселелери боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу болуп саналат.
3. Бөлүмдүн функциялары
10. Бөлүм Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) төмөнкүлөр боюнча сунуштарды даярдайт:
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытын калыптандыруу;
- Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, ошондой эле эл аралык аренада улуттук кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусундагы тышкы саясий иш-чараларды пландайт жана Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын дипломатиялык кат алышуусун жүргүзөт;
3) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын чет мамлекеттердин кызмат адамдары жана мамлекеттик органдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
4) Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин Администрациясынын Жетекчисине кыйла актуалдуу эл аралык жана эки тараптуу маселелер боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды даярдайт;
5) мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык деңгээлде өтүүчү иш-чараларда Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары үчүн материалдарды даярдоону камсыз кылат;
6) эл аралык укуктук актылардын долбоорлорун жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү жана токтотуу маселелери боюнча чечимдерди даярдоого катышат;
7) дүйнөдөгү саясий кырдаал, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашыруу системасынын иштөөсү жөнүндө маалыматтарды чогултат, талдайт жана иштеп чыгат, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
8) тышкы саясий чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салуучу укуктук ченемдердин натыйжалуулугун талдайт;
9) тышкы саясаттын базалык маселелери жана багыттары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт;
10) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (мындан ары - ТИМ) ишин координациялайт, ТИМдин коллегиясынын ишине катышат;
11) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен тең укуктуу мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү багытында тышкы саясатын жүргүзүүнү камсыз кылууну жана эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерине ылайык эл аралык уюмдар менен натыйжалуу кызматташууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен дипломатиялык жана консулдук мамилелерин, ошондой эле эл аралык уюмдар менен кызматташуусун камсыз кылууну координациялайт;
12) Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын ишине, эл аралык конференциялардын, форумдардын ишине катышуусун камсыз кылууну; глобалдык жана региондук эл аралык көйгөйлөрдү чечүүдө дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ролун жогорулатууну координациялайт;
13) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын чет өлкөлөргө иш сапарларынын программаларын макулдашат, бул программаларды аткаруу боюнча иштерди координациялайт;
14) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусу менен иш-чаралар пландалып жаткан чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн иш сапарларын уюштуруучу жана камсыз кылуучу даярдоо жана алдынкы топторду кабыл алууга катышат;
15) чет өлкөлөргө иш сапарларды уюштуруучу жана камсыз кылуучу, мындай топторду жетектөөчү даярдоо жана алдынкы топторду түзүү жана багыттоо боюнча ишти координациялайт;
16) республикалык тышкы саясий органдарда жана алардын чет өлкөдөгү бөлүмдөрүндө мамлекеттик кадр саясатын камсыз кылууга катышат;
17) эл аралык түзүмдөрдөгү квоталык кызмат орундарына Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн дайындоо маселелерин белгиленген тартипте координациялайт жана илгерилетет;
18) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилерин дайындоо, ошондой эле жогорку дипломатиялык рангдарды ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин сунуштамасына корутундуларды даярдайт;
19) тышкы саясий жана тышкы экономикалык иштин милдеттерин ишке ашырууну, анын ичинде чет мамлекеттер жана эл аралык экономикалык уюмдар менен экономикалык кызматташтыкты түзүүнү жана өнүктүрүүнү координациялайт жана ТИМге көмөк көрсөтөт;
20) Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык комиссияларынын жана кеңештеринин чет мамлекеттер менен ишин координациялайт;
21) кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга шарт түзүүчү окутуу семинарларын жана тренингдерди даярдоого жана өткөрүүгө катышат.
11. ЕАЭБ иштери боюнча сектор өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды жүзөгө ашырат:
- ЕАЭБ жана ДСУнун алкагында актылардын долбоорлорун жана сүйлөшүү процессин жол-жоболук коштоону камсыз кылат;
- ЕАЭБ жана ДСУ органдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун ЕАЭБ жана ДСУ маселелери боюнча ишин координациялайт;
- ЕАЭБ жана ДСУ органдарынын эл аралык келишимдеринин жана чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча аналитикалык жана маалыматтык материалдарды даярдайт.
4. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
12. Бөлүм, бөлүмдүн, сектордун жетекчилери жана кызматкерлери:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга ээ;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин регламентине, Президенттин Администрациясынын регламентине жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентине ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка документтерди белгиленген тартипте кайтарууга укуктуу;
3) чет мамлекеттердин өкүлдөрү, бул мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу;
4) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусундагы тышкы саясий иш-чараларга, анын ичинде Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (мындан ары - КМШ) Экономикалык кеңешинин жана ЕАЭБ, КМШ, ДСУ жана башка эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өткөрүлүүчү башка иш-чараларга катышууга укуктуу;
5) жооптуу кызматкерлерди тартиптик жоопкерчиликке тартуу үчүн тапшырмалардын өз убагында же толук эмес аткарылгандыгы жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине баяндоого укуктуу;
6) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
13. Бөлүм башчы башка ыйгарым укуктар менен катар:
1) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусундагы иш-чаралардын планына киргизүү үчүн тышкы саясат маселелери боюнча сунуштарды пландайт жана киргизет;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын чет өлкөлөргө барууларын жана иш сапарларын белгиленген тартипте уюштурууну камсыз кылат;
3) өзүнүн компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин башчыларынын жана чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кыргыз Республикасына иш сапарларын жана жолугушууларын уюштуруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
4) Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу, бөлүм тейлеген кызмат адамдарын дайындоого сунуштарды карайт, сунушталган талапкерлер менен аңгемелешүүнү өткөрөт жана аталган маселелер боюнча өзүнүн корутундуларын Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине киргизет;
5) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын негизги иш-чараларынын планы боюнча сунуштарды даярдайт;
6) бөлүмдүн компетенциясына тиешелүү бөлүгүндө мамлекеттер аралык комитеттердин, эл аралык уюмдардын жана алардын жер-жерлердеги жумушчу органдарынын ишине катышат.
14. Бөлүм башчынын орун басары башка ыйгарым укуктар менен катар:
1) Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин) жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча башка документтердин долбоорлорун даярдоо боюнча ишти координациялайт;
2) эл аралык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү боюнча ишти координациялайт;
3) эл аралык кызматташтыктын көйгөйлүү маселелери боюнча сунуштарды жалпылайт;
4) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын негизги иш-чараларынын планы боюнча сунуштарды даярдайт;
5) бөлүмдүн компетенциясына тиешелүү бөлүгүндө мамлекеттер аралык комитеттердин, эл аралык уюмдардын жана алардын жер-жерлердеги жумушчу органдарынын ишине катышат;
6) өзүнүн компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин башчыларынын жана чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кыргыз Республикасына иш сапарларын жана жолугушууларын уюштуруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
15. ЕАЭБ иштери боюнча сектордун башчысы башка ыйгарым укуктар менен катар:
1) ЕАЭБ жана ДСУ маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
2) Кыргыз Республикасынын макулдашылган позицияларын иштеп чыгуу үчүн ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартибинин маселелери боюнча кеңешмелерди өткөрөт;
3) ЕАЭБдин жана ДСУнун алкагындагы Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
4) бөлүм башчынын жана бөлүм башчынын орун басарынын тапшырмаларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
16. Бөлүмдүн эксперттери башка ыйгарым укуктар менен катар бөлүм башчы бекиткен милдеттерди бөлүштүрүүнүн алкагында:
1) бөлүмдөгү ички бөлүштүрүүгө ылайык эл аралык кызматташуу маселелерин тейлейт;
2) тейлеген багытына ылайык тышкы саясат маселелери боюнча ТИМ жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;
3) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын атынан куттуктоолорду, кайрылууларды даярдоону камсыз кылат;
4) Президенттин, Президенттин жубайынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын атынан чет мамлекеттердин кызмат адамдарынын жана эл аралык уюмдардын дарегине жиберүү үчүн Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан даярдалган каттардын, кайрылуулардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт;
5) эл аралык келишимдердин долбоорлоруна белгиленген тартипте экспертиза жүргүзөт;
6) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларга зарыл болгон материалдарды белгиленген тартипте даярдайт;
7) эл аралык кызматташтыктын тейлеген багыттары боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды белгиленген тартипте даярдайт;
8) жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган материалдарды изилдейт жана бөлүм башчыга оперативдүү маалымдайт;
9) бөлүм башчынын тапшырмасы боюнча материалдарды даярдайт, өкмөттөр аралык, эки тараптуу жана көп тараптуу комиссиялардын эксперттик жана башка кеңешмелерине, жыйындарына катышат;
10) бөлүм башчынын тапшырмасы боюнча эл аралык кызматташтык маселелери боюнча сүйлөшүүлөргө, жолугушууларга, эл аралык уюмдардын эксперттик кеңешмелерине катышат;
11) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусундагы ички мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматтык материалдарга жана документтерге талдоо жүргүзөт;
12) бөлүм башчынын, бөлүм башчынын орун басарынын жана ЕАЭБ иштери боюнча сектордун башчысынын айрым тапшырмалары боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
17. Бөлүм өзүнүн ишин Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана башка органдар, ошондой эле эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен бөлүмдүн милдеттерине жана компетенциясына кирген маселелер боюнча тыгыз өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
18. Бөлүм төмөнкүлөрдүн ишин тейлейт:
- ТИМдин;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын иши, ЕАЭБ, КМШнын экономикалык кеңешинин жана ДСУнун маселелери бөлүгүндө);
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.