Загрузка документа…
|
| 13-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцеляриясы жөнүндө жобо
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 26-майындагы № 160 , 2024-жылдын 24-январындагы № 26 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцеляриясы (мындан ары - канцелярия) канцеляриянын милдеттерине жана функцияларына тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 24-январындагы № 26 тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Канцелярия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Канцеляриянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) иш кагаздарын жүргүзүү сектору;
2) регламент жана жыйналыштарды (кеңешмелерди) уюштуруу сектору;
3) редакциялоо жана которуу сектору.
Жогоруда көрсөтүлгөн секторлор канцеляриянын курамындагы түзүмдүк бөлүмдөр болуп саналат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 24-январындагы № 26 тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Канцелярияда төмөнкүлөр үчүн колдонулуучу мөөрлөр жана штамптар бар:
- Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын дарегине келип түшкөн корреспонденцияны (жарандардын кайрылууларын кошуп алганда) каттоо;
- кызматтык күбөлүктөр, мамлекеттик сыйлыктар, Президенттин атынан ыраазычылык билдирүүлөр, Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин ыраазычылыктары жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана алардын орун басарларынын кол тамгаларын күбөлөндүрүү;
- Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин, ошондой эле канцеляриянын сактоосунда турган башка документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүү.
5. Канцеляриянын кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
6. Канцеляриянын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
7. Канцелярияны канцеляриянын начальниги жетектейт, ал канцеляриянын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөргө жалпы жетекчилик кылат.
Канцеляриянын начальнигинин орун басары - иш кагаздарын жүргүзүү секторунун башчысы болот, ал канцеляриянын начальниги жок болгон мезгилде жана анын тапшырмасы боюнча кызматтык документтерге кол коюу укугу менен аны алмаштырат.
Канцеляриянын начальниги жана канцеляриянын начальнигинин орун басары жок болгон мезгилде аларды регламент жана жыйналыштарды (кеңешмелерди) уюштуруу секторунун башчысы алмаштырат.
2. Канцеляриянын милдеттери
8. Канцелярия белгиленген компетенциясынын чегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген секторлорго жүктөлгөн негизги милдеттерден түзүлгөн өзгөчө милдеттерди ишке ашырат.
9. Канцеляриянын компетенциясына кирген негизги өзгөчө милдеттер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын ишин документтик жактан камсыз кылуу;
2) Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Министрлер Кабинетинин регламентин жана иш кагаздарын жүргүзүү маселелери менен байланышкан башка актыларды өркүндөтүү;
3) Президенттин чечимдеринин долбоорлорун, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын (актыларынын) долбоорлорун Президенттин Администрациясына киргизүүдө мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Президенттин Администрациясынын регламентинин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Министрлер Кабинетинин регламентинин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу жана Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында кабыл алынган чечимдерди тариздөө;
4) Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын, Президентте, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинде болгон аппараттык кеңешмелерди уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
5) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорунун, Президенттин Администрациясынын башка актыларынын жана документтеринин тексттеринин мамлекеттик жана расмий тилдердин ченемдерине шайкештигин камсыз кылуу, документтерди стилистикалык, логикалык, синтаксистик жана орфографиялык каталарсыз кабыл алууну камсыз кылуу.
3. Канцеляриянын функциялары
10. Канцелярия Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) иш кагаздарын жүргүзүү сектору:
- иш кагаздарын жүргүзүүнүн бирдиктүү системасынын, анын ичинде Президенттин Администрациясынын электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДС) боюнча ишин уюштурат жана камсыз кылат, көктөмөлөрдүн бирдиктүү номенклатурасын, анын ичинде "КПҮ" грифи бар документтерди иштеп чыгат;
- Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүнүн, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жоболорунун жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларынын негизинде кирүүчү корреспонденцияларды бөлүштүрөт;
– төмөнкүлөрдү кабыл алууну жана каттоону жүзөгө ашырат:
кирүүчү корреспонденцияларды, аларды Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кароосуна жиберет;
Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарларына жана Президенттин Администрациясына даректелген жарандардын кайрылууларын, аларды кагаз жана электрондук түрдө Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына таандыктыгы боюнча андан ары бөлүштүрүү үчүн жиберет;
чыгуучу корреспонденцияларды жана аларды даректелүүчүлөргө жиберет;
- жарым жылдыктын жана календардык жылдын жыйынтыгы боюнча Президенттин Администрациясында документ жүгүртүүгө талдоо жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин актыларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын (өргүүлөрдү берүү, чакыртып алуу, кыска мөөнөттүү иш сапарлар жөнүндө тескемелерди кошпогондо), Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси өткөргөн кеңешмелердин протоколдорун каттоону, чыгарууну жана жиберүүнү, кабыл алынган чечимдерди аткаруучуларга жеткирет;
- Президенттин жарлыктарынын, тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин тапшырмаларынын электрондук маалымат базасын жүргүзөт;
- Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин баштапкы материалдарын, башка документтерди комплекттөөнү, аларды эсепке алууну, сактоону, даярдоону жана мамлекеттик архивге өткөрүүнү камсыз кылат;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине иш кагаздарын жүргүзүү маселелери боюнча практикалык жана методикалык жардам көрсөтөт, окууларды уюштурат;
- Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүн зарыл болгон бланктык продукция менен камсыз кылат;
- Президенттин Администрациясынын аякталган жана көктөмөгө эсептен чыгарылган документтерин кабыл алууну, эсепке алууну жана сактоону, архивдик документтерди иштеп чыгууну жана мамлекеттик сактоого өткөрүп берүүнү жана көктөмөлөрдүн номенклатурасына ылайык жок кылууну жүзөгө ашырат;
- аякталган жана көктөмөгө эсептен чыгарылган документтерди эсепке алууну жана сактоону, аларды Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивине туруктуу сактоого өткөрүп берүүнү жана көктөмөлөрдүн номенклатурасына ылайык жок кылууну камсыз кылат;
- (абзац КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 26-майындагы № 160 тескемесине ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 26-майындагы № 160 тескемесине ылайык күчүн жоготту)
- Президенттин Администрациясында жана мамлекеттик органдарда иш кагаздарын жүргүзүү маселелери боюнча документтердин, нускамалардын жана методикалык колдонмолордун долбоорлорун иштеп чыгат;
2) регламент жана жыйналыштарды (кеңешмелерди) уюштуруу сектору:
- ченемдик укуктук актылардын жана башка актылардын долбоорлорунун Президенттин Администрациясынын регламентинин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинин, Министрлер Кабинетинин регламентинин талаптарын сактоо предметине экспертиза жүргүзөт, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин кабыл алууда жана тариздөөдө тиешелүү талаптардын сакталышын контролдойт;
- мамлекеттик органдар тарабынан киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын жана башка актылардын долбоорлорунун жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга шайкештиги жөнүндө корутунду даярдайт;
- ченемдик укуктук актылардын жана башка актылардын долбоорлорун Президенттин Администрациясына киргизүүдө Президенттин Администрациясынын регламентинин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинин, Министрлер Кабинетинин регламентинин талаптарынын мамлекеттик органдар тарабынан сакталышына талдоо жүргүзөт;
- мамлекеттик органдар тарабынан Президенттин Администрациясынын регламентинин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинин, Министрлер Кабинетинин регламентинин талаптарын бузуу менен киргизилген ченемдик укуктук актылардын жана башка чечимдердин долбоорлорун кайтарып берүүгө даярдайт;
- Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын макулдашуу, киргизүү, кабыл алуу жана ишке ашыруу процесстерин регламенттөө маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын, башка актылардын жана методикалык колдонмолордун долбоорлорун иштеп чыгат;
- канцелярияга берилген материалдарды жалпылайт жана Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын чечимдерин жеткирет;
- Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын катышуучуларын материалдар менен камсыз кылат;
- Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына катышуу үчүн аныкталган адамдарды каттайт;
- Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчилиги тарабынан өткөрүлүүчү аппараттык кеңешмелердин протоколдорун даярдайт жана чыгарат;
- Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын, Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан өткөрүлүүчү аппараттык кеңешмелерди даярдоону уюштурат;
3) редакциялоо жана которуу сектору:
- Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун, жыйналыштардын жана кеңешмелердин протоколдорун, ошондой эле Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан кол коюлуучу каттарды жана башка документтерди редакциялайт;
- Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин мамлекеттик жана расмий тилдерге которууну, мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин чечимдеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин) долбоорлорун редакциялайт;
- мыйзамдардын, Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун, тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин) долбоорлоруна лингвистикалык экспертиза жүргүзөт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
долбоорлордун тексттеринин азыркы мамлекеттик жана расмий тилдердин ченемдерине шайкештигин камсыз кылуу боюнча экспертизаны жана стилистикалык, логикалык, синтаксистик жана орфографиялык каталарды, ошондой эле терминдерди колдонуудагы каталарды жоюу боюнча сунуштамаларды берүүнү;
мамлекеттик жана расмий тилдердеги актылардын долбоорлорунун тексттеринин аутенттүүлүгүнө жана ички шайкештигине салыштырма-редакциялык экспертизаны.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 26-майындагы № 160, 2024-жылдын 24-январындагы № 26 тескемелеринин редакцияларына ылайык)
4. Канцеляриянын ыйгарым укуктары
11. Канцелярия, канцеляриянын жетекчилери жана кызматкерлери:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга ээ;
2) төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте кайтарып берүүгө укуктуу:
- демилгечилерге Министрлер Кабинетинин регламентинин, Президенттин Администрациясынын регламентинин жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинин талаптарын бузуу менен киргизилген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, Министрлер Кабинетинин тескемелеринин долбоорлорун;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Президенттин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирбеген Министрлер Кабинетинин чечимдеринин жана башка материалдардын долбоорлорун;
- Бишкек жана Ош шаарларын жана жергиликтүү кеңештерди кошпогондо, мамлекеттик органдардын, алардын карамагында турган мекемелердин, уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук, аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кайрылууларын;
3) (КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 26-майындагы № 160 тескемесине ылайык күчүн жоготту)
4) Президенттин Администрациясында "КПҮ" грифи бар документтерде камтылган маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө нускамалардын, милдеттенмелердин талаптарынын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууга укуктуу;
5) канцелярияга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 26-майындагы № 160 тескемесинин редакциясына ылайык)
12. Канцеляриянын начальниги жалпы ыйгарым укуктары менен бирге:
1) Президенттин атына келип түшкөн кирүүчү корреспонденцияларды күн сайын карап чыгат, Президенттин түздөн-түз чечими талап кылынбаган учурларда же Президентке баяндоо үчүн алдын ала иштеп чыгуу талап кылынган учурларда Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча бөлүштүрөт;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын почтасын түзөт. Президенттин почтасын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси менен макулдашат;
3) Президенттин Администрациясында жана Министрлер Кабинетинде кызматтык документтердин өз убагында өтүшүн контролдойт;
4) ченемдик укуктук актылардын жана Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун макулдашууну (парафирлөөнү) жүзөгө ашырат;
5) Президенттин Администрациясында жана Министрлер Кабинетинде регламенттөө жана иш кагаздарын жүргүзүү маселелери боюнча нускамаларды жана методикалык колдонмолорду иштеп чыгууга катышат;
6) Президенттин архивинин башчысы сунуш кылган талапкерлерге Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан андан ары кызматка дайындоо үчүн макулдук берет;
7) (КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 26-майындагы № 160 тескемесине ылайык күчүн жоготту)
8) Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин бузуу менен Президенттин Администрациясына киргизилген ченемдик укуктук актылардын, Министрлер Кабинетинин тескемелерин долбоорлорун жана башка материалдарды демилгечилерге кайтарып берет;
9) Министрлер Кабинетинин жыйналышынын күн тартибин жана жыйналыштын катышуучуларынын тизмесин түзөт жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине макулдашууга киргизет;
10) канцелярияга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 26-майындагы № 160 тескемесинин редакциясына ылайык)
13. Канцеляриянын начальнигинин орун басары - иш кагаздарын жүргүзүү секторунун башчысы жалпы ыйгарым укуктары менен бирге:
1) Президенттин атына келип түшкөн кирүүчү корреспонденцияларды күн сайын карап чыгат, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына кол коюуга жана таанышууга келип түшкөн документтерди комплектейт жана текшерет;
2) Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин бузуу менен Президенттин Администрациясына киргизилген ченемдик укуктук актылардын, Министрлер Кабинетинин тескемелеринин долбоорлорун жана башка материалдарды канцеляриянын начальниги жок болгон учурда демилгечилерге кайтарып берет;
3) Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентине ылайык документтер менен иштөөнү жана Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө иш кагаздарын жүргүзүүнүн бирдиктүү системасынын иштөөсүн уюштурат;
4) регламенттөө жана иш кагаздарын жүргүзүү маселелери боюнча нускамаларды жана методикалык колдонмолорду даярдайт, учурдагы календардык жылга Президенттин Администрациясынын көктөмөлөрүнүн номенклатурасын иштеп чыгат (тактайт);
5) номенклатурага ылайык көктөмөлөрдү түзүү, учурдагы архивге сактоого өткөрүлүп берилүүчү документтердин илимий жана практикалык баалуулугуна экспертиза жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;
6) жарым жылдыктын жана календардык жылдын жыйынтыктары боюнча Президенттин Администрациясында документтерди жүгүртүү жөнүндө маалыматка талдоо жүргүзөт жана аны берет;
7) Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын, Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан өткөрүлүүчү аппараттык кеңешмелерди даярдоо боюнча жалпы координациялоону жүзөгө ашырат;
8) канцелярияга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
14. Канцелярияга өз ишин Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тыгыз өз ара аракеттенет.