Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 18-апрели № 187-т
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданият жана тил чөйрөсүндөгү кызматташтыгын кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-жылдын 28-майынан тартып 30-майына чейин Бишкек шаарында түрк тилдүү элдердин эл аралык тил форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары уюштуруу комитети) курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Уюштуруу комитети эки жумалык мөөнөттө Бишкек шаарында эл аралык тил форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча планды иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетине зарыл болгон учурда министрликтердин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
5. Форумду өткөрүү үчүн зарыл болгон каражаттар аны өткөрүүгө тартылгап Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринин жана мекемелеринин бекитилген бюджеттеринин чегинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме |
2023-жылдын 28-маймнан тартып 30-майына чейин Бишкек шаарында түрк тилдүү элдердин эл аралык тил форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Байсалов Эдиль Жолдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Туманбаев Каныбек Тургунбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Осмоналиев Каныбек | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Орозобекова Жылдыз Калмашевна | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин катчысы. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Кулубаев Жээнбек Молдоканович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Бакетаев Алмаз Кушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Баетов Аяз Батыркулович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министри; |
Ниязбеков Улан Омоканович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Текебаев Тилек Кыдырмаевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; |
Амангельдиев Данияр Джолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри; |
Ажикеев Бообек Эргешевич | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; |
Максутов Алтынбек Аскарович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри; |
Иманалиев Каныбек Капашович | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Иманов Талантбек Орускулович | - | Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри; |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри; |
Баатырова Гулнара Маришовна | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Ибраев Таалайбек Омукеевич | - | Кыргыз Республикасынын энергетика министри; |
Керимбаева Рахат Топчубаевна | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору; |
Шаршеев Уларбек Зарлыкович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору – төрагынын биринчи орун басары; |
Абдрахматов Канатбек Ермекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча) |
Абдырахманов Төлөбек Абылович | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Мусаев Абдылда Инаятович | - | К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору (макулдашуу боюнча) |