Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 3-апрели № 153-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында:
1. 2022-жылдын 16-сентябрында Самарканд шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Иран Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Меморандумду ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 153-т тескемеси менен жактырылган |
2022-жылдын 16-сентябрында Самарканд шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Иран Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Шанхай кызматташтык уюмунун Хартиясынын 13-беренесине, 2010-жылдын 11-июнундагы Шанхай кызматташтык уюмуна жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу тартиби жөнүндө жобонун 2.3-пунктуна жана 2014-жылдын 12-сентябрындагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун берүү тартибинин I бөлүмүнүн 7-пунктуна, Иран Ислам Республикасынын 2008-жылдын 30-апрелиндеги Шанхай кызматташтык уюмуна мүчөлүк берүү жөнүндө расмий кайрылуусуна, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 2021-жылдын 17-сентябрындагы № 19 Иран Ислам Республикасын Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөлүгүнө кабыл алуу жол-жобосун баштоо жөнүндө чечимине ылайык Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Иран Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумдун долбоорун макулдашуу жана кол коюу боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү.
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Иран Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумга 2022-жылдын 16-сентябрында Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйналышынын жүрүшүндө кол коюлган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Иран Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумдун долбоору расмий тилде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-августундагы № 148 ПТ тескемеси менен жактырылган.
Бул Меморандум Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Меморандум Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Меморандумду ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт.