Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 26-апрели № 205-т
2023-жылы юбилейлик иш-чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-жылга жалпы улуттук жана республикалык маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) 2023-жылга өздөрүнүн ишин пландоодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ушул тескемесинин тиркемесин жетекчиликке алсын.
3. Юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитеттери 2023-жылы тиешелүү министрликтер, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан түзүлөт жана бекитилет, юбилейлик иш-чаралар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тиешелүү мекемелер менен бирге өткөрүлөт деп белгиленсин.
4. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоо тартылган министрликтердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын (макулдашуу боюнча) бюджеттеринин эсебинен, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт деп белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
2023-жылга жалпы улуттук жана республикалык маанидеги юбилейлик иш-чаралардын ТИЗМЕГИ
№ | Юбилейлик иш-чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары | Негизи |
1. Жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралар (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен белгиленет) | ||||
1 | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык юбилейин майрамдоо боюнча иш-чаралар (1928-2008) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу (макулдашуу боюнча) | Иш-чараларды жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине 2023-жылы Кыргыз Республикасынын төрагалыгы жөнүндө маселе боюнча протоколдук тапшырмасы |
2 | СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын туулган күнүнүн 100 жылдыгы (1923-1994) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик | Иш-чараларды жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат | ТҮРКСОЙдун түрк тилдүү мамлекеттерде 2023-жылды Бакен Кыдыкеева жылы деп жарыялоо жөнүндө чечими |
3 | Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, дирижер Асанхан Жумахматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгы (1923-2008) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы |
2. Республикалык деңгээлиндеги юбилейлик иш-чаралар (Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун ченемдик документтери менен белгиленет) | ||||
4 | Кыргыз мамлекеттик, саясий жана аскер ишмери Ормон хан Ниязбек уулунун туулган күнүнүн 230 жылдыгы (1792-1855) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча) |
5 | Эл акылманы жана олуясы Жолболду уулу Садыр Акенин туулган күнүнүн 200 жылдыгы (1821-1905) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | "Кожояр-Ата" коомдук фондунун төрагасы Келгенбаев Адильбектин Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун атына кайрылуусу |
6 | Тарыхый инсан, жазуучу, акын, ойчул, философ Молдо Нияз Эрназардын туулган күнүнүн 200 жылдыгы (1823-1896) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кадамжай райондук маданият башкармалыгы | Иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кадамжай райондук маданият башкармалыгы |
7 | Элдик баатыр Чоткара Жаманкаранын туулган күнүнүн 200 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү |
8 | Дипломат жана ойчул Кыдыр Байсарынын (Кыдыр аке) туулган күнүнүн 180 жылдыгы (1843-1926) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык, демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча) |
9 | Баатырхан Ногой уулунун туулган күнүнүн 180 жылдыгы (1843-1928) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык, демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү |
10 | Манасчы Жаңыбай Кожек уулунун туулган күнүнүн 150 жылдыгы (1869-1942) | Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча) | Иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде белгиленүүчү мааракелердин чыгымдары өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттардын, демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын, Жалал-Абад, Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча) |
11 | Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Васильевич Панфиловдун туулган күнүнүн 130 жылдыгы (1893-1941) | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик (макулдашуу боюнча) |
12 | Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Ольга Максимилиановна Мануйлованын туулган күнүнүн 130 жылдыгы (1893-1984) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
13 | Мамлекеттик жана саясий ишмер Төрөкул Айтматовдун туулган күнүнүн 120 жылдыгы (1903-1938) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
14 | Акын, драматург Райкан Шүкүрбековдун туулган күнүнүн 110 жылдыгы (1913-1962) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
15 | Белгилүү тарыхчы Бакас Жапаровдун туулган күнүнүн 100 жылдыгы (1923-2004) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык, демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча) |
16 | Кыргыз Республикасынын эл акыны Түмөнбай Байзаковдун туулган күнүнүн 100 жылдыгы (1923-1992) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу (макулдашуу боюнча) |
17 | Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Жунай Мавляновдун туулган күнүнүн 100 жылдыгы (1923-2003) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
18 | Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын биринчи орун басары Иманкалыкова Зууракан Иманкалыкованын туулган күнүнүн 100 жылдыгы (1923-2011) | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракциясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Парламенттик фракциясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясынын лидери Б.Сыдыковдун кайрылуусу |
19 | Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры Исмаилбек Таранчиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгы (1923-1944) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык, демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
20 | Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгы (1923) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык, демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
21 | Ырчы, композитор, актер Экия Мукамбетовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгы (1933) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык, демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү |
22 | Белгилүү агроном Абылай Сатылгановдун туулган күнүнүн 90 жылдыгы (1933) | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык, демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү |
23 | Мамлекеттик жана коомдук ишмер Кадыракун Базарбаевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык, демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү |
24 | Кыргыз Республикасынын эл акыны Менди Мамазаированын туулган күнүнүн 80 жылдыгы (1943) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу (макулдашуу боюнча) |
25 | Көрүнүктүү спортчу, олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин туулган күнүнүн 70 жылдыгы (1953) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
26 | Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын туулган күнүнүн 70 жылдыгы (1953) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык, демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы |
27 | Кыргыз Республикасынын эл артисти Шахра Талипованын туулган күнүнүн 70 жылдыгы (1953) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык, демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
28 | Белгилүү музыкант жана композитор Жекшен Тагаевдин туулган күнүнүн 70 жылдыгы (1953) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык, демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү |
29 | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин түзүлгөн күнүнүн 90 жылдыгы (1933) | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
30 | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын түзүлгөн күнүнүн 80 жылдыгы (1943) | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Кыргыз Республикасынын театр ишмерлер союзу (макулдашуу боюнча) | Министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар өз каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнөт | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Кыргыз Республикасынын театр ишмерлер союзу (макулдашуу боюнча) |