Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 18-апрели № 190
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17, 18, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.Д.Мамасадыков тарабынан демилгеленген "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 190 тескемеси менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.Д.Мамасадыков тарабынан демилгеленген "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.Д.Мамасадыков тарабынан демилгеленген "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзамдын долбоорунун концепциясы тиешелүү аймактардын калкынын санына карабастан, жергиликтүү кеңештердин төрагаларына акы төлөнүүчү кызмат ордун киргизүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча калкынын саны 20001 адамдан аз 420 жергиликтүү кеңештин (409 айылдык кеңеш жана 11 шаардык кеңеш) төрагаларынын эмгек акысын каржылоо үчүн 300 миллион сомго жакын кошумча чыгымдар талап кылынат, бул мамлекеттик бюджетке олуттуу оорчулук алып келет.
Ошондой эле мыйзамдын долбоору акы төлөөнүн негизинде иштеген муниципалдык кызматкерлердин санын көбөйтүүгө багытталган, бул болсо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жана 2021-жылдын 26-июнундагы № 278 "Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө" жарлыктарынын максаттарына ылайык келбейт.
Белгилей кетүү керек, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караган мыйзамдардын долбоорлору Министрлер Кабинети каржылоо булагын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатына коюлуучу негизги талаптардын бири болуп каржылоо булактарынын болушу эсептелет. Аталган Мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбайт.
Жогоруда жазылгандын негизинде Министрлер Кабинети аталган мыйзамдын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.