Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 18-апрели № 182-т
Мадыген капчыгайын табигый мурастын уникалдуу, эталондук объекттери бар аймактар катары сактап калуу максатында, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун аймагында аянты 8160 га болгон "Мадыген" жаратылыштын мамлекеттик эстелиги түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- "Мадыген" жаратылыштын мамлекеттик эстелигинин чек арасынын баяндалышы 1-тиркемеге ылайык;
- "Мадыген" жаратылыштын мамлекеттик эстелигинин жерлеринин экспликациясы 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
- "Мадыген" жаратылыштын мамлекеттик эстелиги жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын режиминин талаптагыдай сакталышын камсыз кылсын.
4. Баткен районунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги белгиленген тартипте жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бекитилген штаттык санынын жана ал үчүн тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын чегинде ишке ашырылат.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
1-тиркеме |
"Мадыген" жаратылыштын мамлекеттик эстелигинин чек арасынын баяндалышы
Баштапкы № 1 чекит болуп Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын Лейлек районунун Арка токой чарбасынын чек арасы менен кесилиши тандалган, андан ары чек ара 13603 метр аралыкта (түз линия боюнча) түштүк-чыгыш багытында мамлекеттик чек ара боюнча № 2 чекитке чейин барат.
№ 2 чекиттен чек ара 1397 метр аралыкта түндүк-чыгышты карай түз линия менен каксоо боюнча № 3 чекитке чейин барат.
№ 3 чекиттен чек ара 6640 метр аралыкта түндүк-батышты карай түз линия менен каксоо боюнча № 4 чекитке чейин өтөт.
№ 4 чекиттен чек ара 3077 метр аралыкта түндүк-батышты карай түз линия менен каксоо боюнча № 5 чекитке чейин барат.
№ 5 чекиттен чек ара 4630 метр аралыкта түндүк-батышты карай түз линия менен каксоо боюнча № 6 чекитке чейин барат.
№ 6 чекиттен чек ара 3214 метр аралыкта түндүк-батышты карай түз линия менен каксоо боюнча № 7 чекитке чейин өтөт.
№ 7 чекиттен чек ара 2075 метр аралыкта түндүк-батышты карай түз линия менен каксоо боюнча № 8 чекитке чейин өтөт.
№ 8 чекиттен Лейлек районунун Арка токой чарбасынын жерлери менен чектешип, чек ара 1612 метр (түз боюнча) аралыкта түндүк-батышты карай кургак сай боюнча № 9 чекитке чейин барат.
№ 9 чекиттен чек ара 1381 метр аралыкта (түз боюнча) түндүк-батышты карай каксоо боюнча № 10 чекитке барат.
№ 10 чекиттен чек ара 8958 метр аралыкта (түз боюнча) түндүк-чыгышты карай каксоо боюнча баштапкы № 1 чекитке чейин кетет.
|
| 2-тиркеме |
"Мадыген" жаратылыштын мамлекеттик эстелигинин жерлеринин экспликациясы
№ | Жерлердин аталыштары | Жалпы аянты, га | Анын ичинде, га | |||
Таштуу жайыт жер | Бадалдар | Талаа жолдору | Башкалар (чопо, куюлма таштар) | |||
1 | Самаркандек айыл аймагы | 7783,4 | 6111,4 | 161,3 | 3,8 | 1506,9 |
2 | Токой фонду (Арка токой чарбасынын Алтын-Күрөк участогу) | 322,2 | 322,2 | |||
3 | Токой фонду (Арка токой чарбасынын Мадыген участогу) | 54,4 | 54,4 | |||
| Жалпы, га | 8160,0 | 6488,0 | 161,3 | 3,8 | 1506,9 |