Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 30-майы № 291-т
Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна төмөнкүдөй максаттарда жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:
- тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Ош облусунун Алай районунда жайгашкан Терек алтын кенин иштетүү 1-тиркемеге ылайык:
- тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Ош облусунун Алай районунда жайгашкан Каракала-Терек алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү 2-тиркемеге ылайык;
- тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Баткен облусунун Баткен районунда жайгашкан Чакуш алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объекттерине лицензияларды берсин;
- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
1-тиркеме |
Ош облусунун Алай районунда жайгашкан Терек алтын кенин иштетүү максатында участоктун тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Ү |
1 | 13372120 | 4429823 |
2 | 13373287 | 4431559 |
3 | 13374268 | 4432284 |
4 | 13375105 | 4432235 |
5 | 13374029 | 4431087 |
6 | 13372887 | 4429512 |
Аянты 270 га | ||
2-тиркеме |
Ош облусунун Алай районундa жайгашкан Каракала-Терек аянтынын алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында участоктун тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Ү |
1 | 13370320 | 4427035 |
2 | 13374920 | 4440430 |
3 | 13380400 | 4440420 |
4 | 13374675 | 4426635 |
Аянты 6508 га | ||
3-тиркеме |
Баткен облусунун Баткен районунда жайгашкан Чакуш алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында участоктун тик бурчтуу координаттap системасындагы бурчтук чекиттери
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Ү |
1 | 12674000 | 4410000 |
2 | 12673520 | 4411470 |
3 | 12677150 | 4411470 |
4 | 12677150 | 4410065 |
5 | 12676500 | 4409500 |
6 | 12674800 | 4407315 |
7 | 12674000 | 4407795 |
Аянты 978 га | ||