Загрузка документа…
2-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 282-т тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин максатын, милдеттерин, функцияларын, курамын, ыйгарым укуктарын жана иш тартибин аныктайт.
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш (мындан ары -Координациялык кеңеш) Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын (мындан ары - ЖАС) консультациялык-кеңеш берүүчү органы болуп саналат.
2. Координациялык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Кыргыз Республикасы мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Координациялык кеңештин катышуучулары каралуучу маселелерге жараша аныкталат.
4. Координациялык кеңештин ишине жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (мындан ары - ЖАК) төрагасы, төрага жок болгон учурда ЖАКтын төрагасынын биринчи орун басары жүзөгө ашырат.
2-глава. Координациялык кеңештин максаты, милдеттери жана функциялары
5. Координациялык кеңештин ишинин максаты ЖАСтын органдарын жана мекемелерин өнүктүрүүнүн жана өркүндөтүүнүн стратегиясын аныктоо, ошондой эле ЖАСтын ишине тартылган бардык кызыкдар мамлекеттик органдар, эл аралык жана коомдук уюмдар менен ЖАСтын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
6. Координациялык кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ЖАСты өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды талдоо, ошондой эле ЖАСтын жашоо турмушундагы эң маанилүү актуалдуу маселелерди аныктоо, талкуулоо жана чечүү;
- ЖАСтын мекемелеринин инфраструктурасын, коопсуздугун, өндүрүштүк потенциалын өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу.
7. Координациялык кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ден соолукту коргоо, камактагыларды кармоо шарттарын жакшыртуу, соттолгондордун жана камакка алынган адамдардын укуктарын сактоо боюнча программаларга жана долбоорлорго мониторинг жүргүзүү;
- ЖАСтын мекемелеринде укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- ЖАС чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- ЖАСтын жетишкендиктери жана ишинин артыкчылыктуу багыттары жөнүндө коомчулукка маалымдоо;
- мамлекеттик органдар жана эл аралык донордук уюмдар тарабынан ЖАСка көрсөтүлүүчү финансылык, техникалык жана методикалык жардамды координациялоо жана тартуу, жүргүзүлүүчү иш-чаралардын натыйжалуулугун байкоо, ошондой эле бардык багыттар боюнча иш-чараларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн механизмдерди түзүү жана отчеттуулуктун формаларын иштеп чыгуу;
- кадрдык потенциалды жакшыртуу жана ЖАСтын персоналын социалдык колдоо боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу.
3-глава. Координациялык кеңештин ыйгарым укуктары
8. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- тиешелүү ведомстволорго, министрликтерге жана башка кызыкдар уюмдарга андан ары сунуштоо үчүн ЖАСты өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында иш-чараларды уюштуруунун стратегиясы жана тактикасы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга жана берүүгө;
- ЖАСты өнүктүрүүгө багытталган программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу, киргизүү, сереп, талдоо жана баалоо процессине катышууга;
- бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун координацияланган жана комплекстүү мамилесин талап кылган айрым маселелерди чечүү үчүн жумушчу топторду түзүүгө, анын курамы, иштөө тартиби Координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан дайындалган жетекчи тарабынан аныкталат;
- ар кандай багыттар боюнча (саламаттык сактоо, социалдык реабилитациялоо, мекемелердин аймагында өндүрүштү өнүктүрүү, камактагыларды кармоо шарттарын жакшыртуу, камактагылардын укуктарын сактоо ж.б.) тиешелүү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдардан жана уюмдардан ЖАСты өнүктүрүү жаатындагы иш-чараларды өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды даярдоо үчүн белгиленген тартипте зарыл маалымдарды жана маалыматтарды сурап алууга;
- Координациялык кеңештин ишине катышуу үчүн улуттук, региондук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен эксперттерди жана консультанттарды чакырууга (макулдашуу боюнча);
- ЖАСты өнүктүрүүгө багытталган пландардын, программалардын жана долбоорлордун ишке ашыруунун абалын (мониторинг) баалоо максатында алдын ала талдоолордун материалдары боюнча ЖАСтын мекемелерине барууга.
4-глава. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу
9. Координациялык кеңештин иш формасы болуп Координациялык кеңештин төрагасынын чечими боюнча зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлө турган жыйналыштар саналат.
10. Координациялык кеңештин жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катыша алат.
11. Координациялык кеңештин мүчөлөрү жыйналыштарга өзү катышат. Эгерде Координациялык кеңештин мүчөсү жүйөлүү себептер боюнча жыйналышка катыша албаса, анда Координациялык кеңештин ошол мүчөсү жыйналышка катыша албаган себебин көрсөтүү менен бул жөнүндө Координациялык кеңештин катчылыгына кабарлайт. Мындай учурда Координациялык кеңештин мүчөлөрү жыйналышка катышуу үчүн өзүнүн орун басарын жөнөтө алат.
12. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн добуштары тең чыгып калганда жыйналышка төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
5-глава. Координациялык кеңештин жыйналышын өткөрүү тартиби
13. Координациялык кеңештин жыйналышын уюштурууну Координациялык кеңештин катчылыгы (мындан ары - Катчылык) жүзөгө ашырат.
14. Координациялык кеңештин жыйналышынын күн тартибинин долбоору Катчылык тарабынан жыйналышка чейин жети күн мурда түзүлөт жана тиешелүү материалдар менен Координациялык кеңештин төрагасына берилет. Координациялык кеңештин төрагасы тарабынан жактырылган жыйналышынын күн тартибинин долбоору жана тиешелүү материалдар жыйналыш өткөрүлүүчү датага чейин беш жумуш күндөн кечиктирбестен Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жиберилет.
15. Координациялык кеңештин жыйналышынын күн тартиби ЖАСтын ишинин артыкчылыктуу маселелери менен аныкталат жана Координациялык кеңештин мурунку жыйналыштарынын катышуучуларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлөт.
16. Координациялык кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү боюнча сунуштар Катчылыкка кат жүзүндө жана Координациялык кеңештин жыйналышы өткөрүлүүчү датага чейин бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө электрондук почта аркылуу келип түшөт.
17. Сунушта проблема, маселе же сунуш кылынган чечим (документтин долбоору) чечмеленет.
18. Координациялык кеңештин жыйналышы эгерде ага Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса укуктуу болуп эсептелет. Координациялык кеңештин чечими мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
19. Координациялык кеңештин жыйналышынын жыйынтыгы боюнча протокол таризделет, анда жыйналыштын өткөрүү датасы, убактысы жана орду, катышуучулардын курамы, талкууланган маселелер, жыйналыштын төрагасынын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт. Протоколдо ар бир каралуучу маселе боюнча анын аткарылышы үчүн жооптуу адамды жана ишке ашыруу мөөнөтүн аныктоо менен кабыл алынган чечим көрсөтүлөт. Координациялык кеңештин жыйналыштарынын протоколдору жыйналышта төрагалык кылуучу тарабынан бекитилет, катчы тарабынан кол коюлат жана жыйналыш аяктагандан кийин он беш жумуш күндөн кечиктирбестен Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жиберилет.
20. Зарыл болгон учурда Координациялык кеңештин жыйналышы видеоконференцбайланыш форматында өткөрүлүшү мүмкүн.
6-глава. Координациялык кеңештин катчылыгы
21. Катчылык Координациялык кеңештин жумушчу органы болуп саналат, анын курамын Координациялык кеңештин төрагасы аныктайт.
22. Катчылыктын милдеттери:
- Координациялык кеңештин ишин уюштуруу;
- Координациялык кеңештин чечимдерин аткарууну уюштуруу.
23. Катчылыктын функциялары:
- Координациялык кеңештин жыйналыштарын даярдоону уюштуруу;
- жыйналыштарга материалдарды даярдоону уюштуруу;
- Координациялык кеңештин жыйналышынын күн тартибинин долбоорун даярдоо;
- Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө Координациялык кеңештин алдыда боло турган жыйналыштарынын алдын ала күн тартибин жиберүү;
- Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жыйналыштын өткөрүү датасы, орду жана убактысы жана карала турган маселелердин болжолдуу тизмеси жөнүндө Координациялык кеңештин жыйналышы өткөрүлүүчү күнгө чейин беш жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө маалымдоо;
- ЖАСтын ишинин маселелери боюнча маалыматтык-аналитикалык материалдарды чогултуу жана даярдоо;
- Координациялык кеңеш үчүн анын функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултуу, изилдөө, жалпылоо жана даярдоо;
- Координациялык кеңештин пландарын жана чечимдерин аткарууну контролдоо;
- жыйналыштардын протоколун жүргүзүү;
- Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жыйналыштардын протоколун жиберүү.