Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 29-майы № 282-т
Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш зарыл болгондо мамлекеттик органдардын жана мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) тиешелүү жетекчилерин жана кызматкерлерин, жарандык коомдун, бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте ишке тартсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы, Координациялык кеңештин төрагасы.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынгандарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменттин начальниги - төраганын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Башкы штабынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын өкүлү;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук фтизиатрия борборунун директору;
Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору;
Элчи, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы (макулдашуу боюнча);
Кызыл Крест Эл аралык Комитетинин Кыргыз Республикасындагы Миссиясынын башчысы (макулдашуу боюнча);
БУУнун Баңгизаттар боюнча жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин башчысы (макулдашуу боюнча);
БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасындагы "Бирикмеге катталган элдик университеттердин немец бирикмеси" (DVV International) бирикмесинин өкүлчүлүгүнүн директору (макулдашуу боюнча);
"Чыгыш-Батыш СПИД фонду" коомунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын директору (макулдашуу боюнча);
Европа Бирлигинин Борбордук Азияда баңги заттардын жайылышын алдын алуу боюнча программасынын (КАДАП - 7) жетекчиси (макулдашуу боюнча).
Эскертүү: кызмат ордунан бошогондугуна (четтетүү, оору, өргүү, башка себептер боюнча) байланыштуу Координациялык кеңештин мүчөсүнөн чыкканда, анын милдеттери ушул кызмат ордуна жаңы дайындалган адамга (же көрсөтүлгөн кызмат орду боюнча милдеттерин аткаруучуга) өтөт.