Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 17-майы № 254-т
2025-2040-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын жалпы орто жана орто кесиптик билим берүү системасын реформалоо программасынын долбоорун иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. 2025-2040-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын жалпы орто жана орто кесиптик билим берүү системасын реформалоо программасын иштеп чыгуу боюнча республикалык комиссия (мындан ары - Республикалык комиссия) тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Республикалык комиссия үч айлык мөөнөттө 2025-2040-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын жалпы орто жана орто кесиптик билим берүү системасын реформалоо программасынын долбоорун иштеп чыксын.
3. Республикалык комиссияга министрликтердин жана ведомстволордун, башка уюмдардын кызматкерлерин тартууга жана иш үчүн зарыл болгон документтерди суроого укук берилсин.
4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана уюмдар Республикалык комиссияга суралган маалыматты берсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
2025-2040-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын жалпы орто жана орто кесиптик билим берүү системасын реформалоо программасын иштеп чыгуу боюнча республикалык комиссиянын КУРАМЫ
Байсалов Эдиль Жолдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Республикалык комиссиянын төрагасы; |
Иманалиев Каныбек Капашович | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Республикалык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Ашымбаева Токтобубу Абасовна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, Республикалык комиссиянын катчысы. |
Республикалык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Ажымалиев Тимурлан Максатбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти; |
Абазбек уулу Расул | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Акматов Кыялбек Камутович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Шамшидинова Бактыгүл Сабыржановна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борборунун директору; |
Абдраева Айгуль Толоковна | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору; |
Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич | - | Ош мамлекеттик университетинин ректору; |
Жумадилов Эсенгелди Жумадилович | - | Салымбеков университетинин ректору; |
Келебаев Касымбек Кеңешович | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине караштуу техникалык колледждин директору; |
Арстамбекова Айнура Жанышевна | - | Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча); |
Осмоналиева Мээрим Алымбаевна | - | "Билим берүү мекемелеринин бирикмеси" ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча); |
Кудайбердиев Нурлан Шарабидинович | - | "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти (макулдашуу боюнча); |
Эралиев Жаныбек Акылбекович | - | "Билимкана" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча); |
Джолбунов Айбек Рыспекович | - | "Келечек MIT" мектебинин директору (макулдашуу боюнча); |
Абылгазиев Кайрат | - | "Маариф" билим берүү комплексинин координатору (макулдашуу боюнча); |
Батракеева Чинара Эбишевна | - | Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Дюшеева Назира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын президенти. |